Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

COVID-19 бийликке сынды күчөттү


Беткап тагынып бара жаткан шаар тургундары.
Беткап тагынып бара жаткан шаар тургундары.

Дарыгерлер коронавируска байланыштуу кырдаал мындан да курчуй турганын эскертишүүдө. Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев күнүнө жүздөгөн адам илдетке кабылып жаткан пандемияны согуш абалына теңеди.

Премьер-министр Кубатбек Боронов 2-июлдагы онлайн брифингде COVID-19 илдетине каршы жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Анда ал өкмөттүн дарегине эң көп айтылып жаткан сын пикирлердин бири – «Өкмөт эл аралык каржы институттарынан алган акчаны кайда жумшады?» деген суроого жооп берүүгө аракет кылды.

Бороновдун айтымында, эл аралык уюмдардан жана чет өлкөлөрдөн жалпысынан 645 миллион доллар өлчөмүндө каражат тартуу максаты коюлган. Бул акчанын 627,3 миллиону финансылык жардам катары, ал эми 17,7 миллиону гуманитардык көмөк иретинде бөлүнгөн экен.

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

«Президент сырттан алып келүү тууралуу сүйлөшкөн 645 миллион доллардын 291,9 миллиону келип түшкөн, - деп кабарлады ал. - Бул каражат бюджетти колдоого жана коронавируска каршы күрөшүүгө жумшалууда. Калган акча келиши күтүлүп жатат. «Жеп-ичип алышты» деген сөздөр боюнча айтарым - андай маселе жок. Сайттарга жарыяланып жатат, бирок ошого карабастан эл арасында ар кандай ушак сөздөр айтылууда».

Буга чейин бир катар саясатчылар, жарандык активисттер «грант жана насыя катары келген акча максатсыз пайдаланылды» деген сөздөрдү айтышкан. Себеби, алар пандемия маалында ооруканалар курулбай, бейтаптарга орун тартыш болуп жатканына нааразы болуп турушат.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев 2-июлдагы кайрылуусунда эл аралык уюмдардан келип түшкөн 291 млн. долларды өкмөттүн эсине салды. Ал саламаттык сактоо министри сураган 1,8 млрд. сом үч айдан бери бюджеттен бөлүнбөй жатканына нааразы болду:

Темир Сариев.
Темир Сариев.

«Мен президентке кайрылат элем: тез арада Коопсуздук кеңешин чакыртып, чукул чечимдерди кабыл албасаңыз биз кечигип жатабыз. Сиз парламентке барып кайрылуу жасадыңыз, бирок ооруканадан каза болгон элибизге эмне деп айтабыз? Улуттук банкта сары майдай сактап жүргөн алтын валюта кору бар, 2,5 млрд. деп айтып атабыз. Эмне үчүн ошол жерден 20 млн. долларга жасалма дем алдыруучу аппараттарды алып келбейбиз? Элибиз ошол аппараттарга жетпей каза болуп жатпайбы! Бул маселени чечсе болот да».

Ал эми мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев күнүнө жүздөгөн адам илдетке кабылып жаткан пандемияны согуш абалына теңеди. Ал жарандардын жеке жоопкерчилигине да токтолуп, пандемия менен ар бир адам күрөшүш керек деген ойдо.

Талантбек Батыралиев.
Талантбек Батыралиев.

«Пандемия - бул согуш, - деп салыштырды ал. - Вирус менен жалпы адамзаттын согушу. Дүрбөлөңгө түшпөй, бири-бирибизге жардамчы болуп, түшүнүү менен күрөш жүргүзүшүбүз керек. Дүйнөлүк деңгээлдеги Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ), Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жетекчилигинин негизинде иш алып баруу зарыл. Алардын талаптарын, сунуштарын кынтыксыз аткаралы. Ушундай маалда бийликти сындабай, колдоо көрсөтөлү».

2-июлга карата өлкө боюнча 6261 адам коронавирус менен ооруп жатса, алардын 5030у Бишкек шаарын кошкондо Чүй жана Ош облусуна туура келип жатат. Адистердин айтымында, башка өлкөнүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, вирустан чочулаган эл аймактарга кача баштайт. Бул көрүнүш COVID-19дун өлкө боюнча тамыр жайышына алып келерин эскерткендер бар.

Коомдук ишмер Бектур Асанов бийликти «убакыттан уттуруп жатат» деп сындады:

Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

«Оппозиция өкүлдөрү, окумуштуулар, жарандык активисттер, салмактуу саясатчылар демилгени колго алышы керек. Өкмөт аларга колдоо көргөзсө коомчулук жакшы кабыл алмак. Бийликтен дымактуу демилге чыгат деп ойлобойм. Чыккан күндө деле эл ишенбейт. Өкмөткө эле эмес, президенттин өзүнө да ишенич азайып кетти. Бийлик акыркы эки жылдан бери акыбалын, алын көргөздү. Пандемияга деле даярданбай, «өтүп кетет экен» деп жата беришиптир да».

COVID-19 илдетине каршы күрөшүп жатып, ошол эле кезде экономиканы сактап калуу да чоң милдет болуп турат.

Финансы министри 2020-жылдын бюджетинин тартыштыгы 27,6 млрд. сомго жетерин божомолдогон. Акыркы беш айда эле салыктык жыйымдар 13,2 млрд. сомго азайган. Казынанын чыгаша бөлүгү былтыркы жылга салыштырмалуу эки млрд. сомго көбөйгөнү расмий кабарланган. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев бул сандар өзгөрүп турарын айтты:

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

«Бюджеттин тартыштыгы эсептелип жатканда бүгүнкүдөй кырдаал болуп кетери эске алынган эмес. Июнь, июль айларында экономикалык ишмердүүлүк толугу менен жанданып кафе, ресторандар иштеп турары божомолдонгон. Абал өзгөрүп, Бишкек шаарында бир катар чектөөлөр киргизилди. Бул көрүнүштүн баары бюджетке таасир этет. Өнөр жай тармагы толук иштей албай жатат. Алар ички дүң өнүмдүн бир бөлүгүн түзөт. Демек бюджеттин таңкыстыгы мындан да жогору болушу күтүлүүдө. Менин пикиримде, 30 млрд. сомдон ашат».

Президент Сооронбай Жээнбеков 30-июнда парламентте элге кайрылып жатканда азырынча карантин киргизилбей турганын билдирген. Анын бул чечими коомчулукта бир топ адамдар тарабынан кескин сынга алынып жатат. Азыр Бишкек шаарындагы коомдук жайлардын иштөө убактысы чектелгени менен катуу карантиндик чаралар киргизилген жок.

Журналист Тынчтык Алтымышев вирустун очогу болуп жаткан облустар менен башка аймактардын байланышын чектеш керек деген пикирде.

Тынчтык Алтымышев.
Тынчтык Алтымышев.

«Өкмөт эмнени күтүп жатканын түшүнбөй турам, - деди ал. - Ош менен Бишкек шаарын эчак эле жаап, жарандардын каттоосун кыйла азайтыш керек эле. Вирусту өлкөнүн булуң-бурчуна жайып алгандан кийин эч бирине жетишпей элди кыйнаганы турабыз. Азыркы учурда Бишкекте жашагандар айылдарга, жайлоолорго чейин кетип жатат. Азыр борбордун өзүндө медициналык каражат жетишпей турат. Вирус жайылса аймактардын абалы кандай болот? Бийлик чектөөлөрдү киргизүү менен жарандардын кыжырдануусун күчөтүп, нааразылык реакциясын ойготуп алгандан коркуп жатат көрүнөт. Бийлик деген күчтүү болушу керек да! Ар нерседе коркуп, кооптоно берсе эмнеси бийлик?».

Жалпысынан 18-марттан 2-июлга чейин өлкөдө коронавирус 6261 адамдан табылды, алардын ичинен 66 бейтап кайтыш болду, 2530у айыгып кетти.

Өлкөдө коронавирусту аныктоо ыкмасы күмөн жаратууда. Айрым учурда анализдин жыйынтыгы 10 күнгө чейин чыкпай жатканын айткандар бар. Бир катар адистер азыр өпкөсүнөн кагынып (пневмония болуп) ооруп жаткандарынын баарын коронавирус деп караш керек экенин билдирип жатышат.

Расмий маалыматка караганда, март айынан бери пневмония менен 1971 адам катталды, алардын 627си айыкты, 97си кайтыш болду, 1247си ооруканада жатат. Ооруканадагылардын 337синин абалы оор, алардын 112си реанимацияда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG