Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Дарыгерлер бийликке, элге жана саясатчыларга кайрылышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда дарыгерлер коомчулугу коронавируска каршы ыктыярдуу түрдө биригүүгө чакырышты. Медицина кызматкерлеринин атынан 1-июлда жарыяланган кайрылууда ыктыярчы дарыгерлердин республикалык кыймылын түзүш керек болуп жатканы, бул кыймылга медициналык жогорку жана орто билими барлар кошулса болору айтылды.

Бийлик эл аралык уюмдарга кайрылып, инфекциялык ооруканада СOVID-19 илдети жуккан бейтаптар менен иштөө тажрыйбасы бар адистерди кыргызстандык дарыгерлерге жардамга тартышы, алар менен онлайн түрүндө тажрыйба алмашууну уюштурушу керек экендиги белгиленди.

Дарыгерлер Саламаттык сактоо министрлигине кайрылып, ишти туура координациялоого, медицина кызматкерлерин колдоого чакырышты.

Алар парламенттик шайлоого камынып жаткан саясатчыларды акчасын үгүт иштерине эмес, ыктыярчы дарыгерлерге, керектүү медициналык жабдык сатып берүүгө жана колу жука бейтаптарды дарылоого жардам берүүгө үндөштү.

Медиктер жалпы элге кайрылып, шарты барлар медицина кызматкерлерин ташууга көмөк көрсөтсө болорун айтышты. Мындан тышкары зарыл иш болбосо ары-бери каттабай, той-аштарды токтотуп, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоого, текшерилбеген ыкмалар менен өз алдынча дарылануудан оолак болууга чакырышты.

Жалпысынан COVID-19 жуккан медицина кызматкерлеринин саны Кыргызстанда 879 адамга жетти, алардын 446сы айыгып, ооруканадан чыккан, үчөө кайтыш болгон.

Өкмөт коронавирус шартында иштеп жаткан дарыгерлердин шайы кеткенин, жаңы кадрлар резервин түзүү керек экенин 26-июнда билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG