Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Doctor kg+: Профессор Исхар Фунлоэр кайтыш болду


Исхар Фунлоэр.
Исхар Фунлоэр.

Бишкекте медицина илимдеринин доктору, профессор Исхар Фунлоэр кайтыш болду. Мындай маалымат 2-июлда кыргызстандык дарыгерлердин «Фейсбуктагы» Doctor KG+ баракчасына жарыяланды.

Ал Улуттук госпиталдын урология корпусунун кабыл алуу бөлүмүндө көз жумганы айтылып, «эң өкүнүчтүүсү, ага орун табылганча үзүлүптүр» деп жазылды.

Профессордун өлүмүнө эмне себеп болгону айтылган жок, бирок азыркы тапта урология бөлүмүндө коронавируска чалдыккан бейтаптар дарыланууда.

Окуу жайынан жана Саламаттык сактоо министрлигинен азырынча расмий маалымат жарыялана элек.

79 жаштагы Фунлоэр Чүйдүн Милянфан айылында туулган. 1967-жылы Бишкектеги Мамлекеттик медицина академиясын, 1972-жылы Ленинграддагы клиникалык ординатураны аяктаган.

Чүй облустук ооруканасында хирург дарыгер, Бишкектеги Республикалык клиникалык ооруканада бөлүм башчы болуп иштеген. Медициналык академияда, Кыргыз-Орус (Славян) университетинде сабак берчү. 150 илимий иши, анын ичинде алты монографиясы жана үч ойлоп табуу эмгеги жарыяланган.

Казакстандын Дунгандар ассоциациясынын расмий сайтында профессор тууралуу 2010-жылы жарыяланган макалада ал өмүрүн медицинага арнаган адам экени, дүйнөлүк медицина тарыхында алгачкы жолу эхинококкоз болгон боорго операция жасоодо лазер колдонуу ыкмаларынын бирин ойлоп тапканы, бул методика боюнча кийин Бишкекте, Ошто жана Орусиянын эки шаарында хирургдар иштеп жүргөнү жазылган.

Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери, Билим берүүнүн отличниги деген наамдарга татыган Исхар Фунлоэр «Даңк" медалы менен да сыйланган.

Жердештеринин "Азаттыкка" берген маалыматына караганда, маркумдун сөөгү бүгүн, 2-июлда Милянфан айылындагы көрүстөнгө коюлду.

Кыргызстанда кийинки күндөрү өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооругандар көбөйдү. Март айынан бери коронавирус деген диагноз коюлган 66 бейтап, ал эми пневмония менен жаткырылган 97 бейтап кайтыш болду.

Ооруканада орун жок, орун болсо дарыгер жетишсиз болгондуктан медициналык жайга жетпей каза болгондор көбөйгөнүн социалдык түйүндөргө жарыяланып жаткан видеолордон көрүүгө болот. (RK)

XS
SM
MD
LG