Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:06

Үйдө жатып үзүлгөндөр, кыйналган дарыгерлер


Кыргызстандык дарыгер.
Кыргызстандык дарыгер.

Кыргызстанда коронавирустан дагы он бейтап көз жумду, 506 адам жаңы катталды. Ошол эле кезде бир сутка ичинде COVID – 19 илдети аныкталбаган, бирок пневмония болгон 23 адам каза болду.

Бишкек шаарынын тургуну Айжамалдын 64 жаштагы агасы бүгүн жерге берилди. Он күндөн бери агасына дарыгер, ооруканадан бош орун издеген Айжамал өзү да илдетти жугузуп алган.

«Үй-бүлөбүз менен ооруп калдык. "Күчөтүп албайлы" деп алдын-алып жатабыз. Себеби, эки күн мурда агамдан айрылдык. Өкүнгөнүм, он күн үйдө, колубузда жатып үзүлдү. Ооруканалар албай, "Тез жардам" такыр келбей койду. Ал тургай тест тапшырып, дартын биле албадык. Дем алуусу кескин оорлошуп, төшөктөн турбай калды. Айла кетип 3500 сомго жеке "Тез жардам" кызматына бир күн кечке кезекке туруп, күттүк. Ал келгиче эле кете берди. Менин агамдын оорудан өлүмү өкмөттүн расмий статистикасына кирген жок. Анткени, ал үйдө отуруп эле каза таап жатпайбы. Биздин үй-бүлө сыяктуу ооруканага жетпей жаткандар канча дейсиң?».

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын арасынан бир сутка ичинде каза болгондордун саны боюнча эң жогорку көрсөткүч катталды.

3-июлда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлагандай, кечээтен бери ооруканаларда 10 бейтап кайтыш болду.

Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында 58 жаштагы бир аял, Республикалык инфекциялык ооруканада 54 жаштагы бир эркек, Ноокат аймактык ооруканасында 59 жаштагы бир медициналык аял кызматкер, Ош шаардык клиникалык ооруканасында 33 жаштагы бир келин, Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында 33 жаштагы бир эркек, Ысык-Ата аймактык ооруканасында 64, 66, 80 жаштагы үч эркек жана 62, 63 жаштагы эки аял вирустун курмандыгы болушту.

Соңку бир сутка ичинде коронавирус диагнозу менен 506 адам жаңы катталды.

Ошол эле кезде, өпкөсүнөн кагынып, ооруканада дарыланып жаткандардын 23ү соңку бир сутка ичинде көз жумду.

Штабдын маалыматына караганда, азыркы учурда стационарларда өпкөсүнөн кагынып ооруган 1724 бейтап дарыланууда, алардын 337синин абалы оор. Оор абалдагылардын 112си реанимацияда.

Көз карандысыз адистер Кыргызстанда пневмония болду деген бейтаптардын баарына коронавирус жукканын айтып жатышат. Алардан инфекция чыкпаганын анализ ыкмалары так болбой жатканынан көрүшүүдө.

Журналист Болот Абдыжапаровдун бир тууган эжеси Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасында өпкөсү кагынып, дарыланып жатат.

Болот эжесин акыркы бош орунга жайгаштырууга үлгүргөн экен. Ал бейтапканадагы азыркы абалды минтип сүрөттөдү:

Болот Абдыжапаров.
Болот Абдыжапаров.

«"Согуш" учурундагыдай көрүнүш. Дарыгерлер, медайымдар чарчап калыптыр. Толугу менен жабылган кийимчен, буттарына чоң-чоң өтүк кийип жүрүшөт. Абал оор. Биз бир канча ооруканага бардык. Дээрлик баарында орун жок, акыры бул жакка келдик. Адеп рентгенден өпкөсүн тарттырып алыш керек экен. Ошого карап дарыгерлер кабыл алып жатышат. Айрымдары ал жок эле келип, кайра кетип жатышат. Флюрографиянын жыйынтыгы үч күндө чыгат экен. Ага жетпей эле үзүлүп кеткендер бар. Ооруган жакынын көтөрүп, орун издеп кеткендерди көрдүм. Азыр дарыгерлер жетишпей жатат. Менин тааныштарым убактылуу ачылган бейтапканаларга дарыгерлерди ташуу маселесин колго алышты. Мисалы, жаныбызда 100 бейтапка ылайык ушундай бирөө ачылыптыр. Ичи бир заматта толду дейт. Аларды жалгыз дарыгер карап жатат. Ал кайсы бирине үлгүрөт?».

2-июлда республикалык штабдын жыйынында 700дөн ашуун орун даяр болору айтылган. Айрым окуу жайларынын жатаканалары убактылуу ооруканага айландырылып жатат.

Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков ушул эле күнү кечинде "Фейсбуктагы" баракчасына кошумча 100 орун даяр болгонун жазган.

«Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу менен Гансиге (мурда транзиттик борбор ред.) биздин оорукананын өкүлчүлүгүн ачтык. Өпкөсү кагынгандарды ошол жерде дарылайбыз. Дарыгерлер, медайымдар атайын окуудан өтүшкөн. Азырынча 100 орун бар, бейтаптар көбөйсө, 200гө жеткиребиз. Кыйналгандар болсо "Тез жардамды" күтпөй түз эле келе бергиле», - деп жазган Жумабеков.

Андан бир саатка жетпеген убакыт өткөндөн кийин дарыгер баракчасы аркылуу бөлүнгөн орундун баары толуп калганын кабарлады.

Учурда шаардагы бардык ооруканалар толуп калгандыктан коронавирус болгон же өпкөсүнөн кагынып ооруп жаткан бейтаптарга кошумча орун үчүн менчик имараттарын убактылуу берүүгө даяр ишкерлерден, активисттерден сунуш түшүп жатат.

Мындай жардамдан өкмөт да баш тартпай турганын, болгону ал жактын шарты талапка ылайык болушу керектигин Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди:

«Баш тартпайбыз. Балким, медицина кызматкерлери үчүн обсерватор катары колдонобузбу, балким биринчи медициналык жардам көрсөтүлө турган бейтаптарды жаткырабызбы, албетте, ар бир жардамды кабыл алабыз!».

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны соңку күндөрү көбөйүп жатат. Орун жетпегендиктен инфекциялык илдетти дарылоого тиешеси жок ооруканаларда да кошумча жайлар ачылууда.

Ал ортодо, Бишкектеги медицина кызматкерлерине көмөк көрсөтүш үчүн аймактардан 100гө жакын ыктыярчы-дарыгерлер тартылды.

Коронавирус пандемиясы Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы тереңдеп кеткен көйгөйлөрдү ачыкка чыгарганын мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 3-июлда медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып айтты.

Президент кыйын кезеңде негизги жүктү дарыгерлер көтөрүп жатканын, алардын арасында милдетин аткарып жүрүп каза болгондор бар экенин, медицина өкүлдөрүнүн эмгеги жогорку баага татыктуу экенин белгиледи.

Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус 994 медицина кызматкерине жукту, алардын 484ү айыгып чыкты. Төрт дарыгер, бир медайым каза болду.

18-марттан 3-июлга чейин өлкөдө коронавирус 6767 адамдан табылды, алардын ичинен 76 бейтап кайтыш болду, 2655 бейтап айыгып чыкты.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG