Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:39

Бийлик пандемия шартында шайлоо өткөрөт


2017-жылдагы президенттик шайлоо учуру.
2017-жылдагы президенттик шайлоо учуру.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтө турган болду. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, саясий партиялар талапкердин тизмесин жана башка керектүү документтерди БШКга 24-августка чейин бериши керек. Шайлоого катыша турган партияларды каттоо 3-сентябрда аяктап, 4-сентябрда үгүт иштери башталат.

Коронавируска байланыштуу өлкөдөгү кырдаалдан улам санитардык-гигиеналык талаптарга көңүл бурулат. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова буларга токтолду:

«Шайлоодогу бардык баскычтарды эске алып, ошого жараша иштер жасалат. Эң биринчи кезекте жарандардын ден соолугуна зыян келтирүүчү кооптуу жагдайлар жөнгө салынат. Андыктан ар бир баскычта санитардык- эпидемиологиялык чаралар боюнча комплекстүү иштер жасалат. Атайын алгоритм да иштелип чыккан. Добуш берүү күнү өзгөчө көңүл бурулат».

Боршайком жакынкы күндөрү шайлоо чыгымдарын эсептеп чыгып, сметасын бекитет. Буга чейин өкмөт 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоого 1,2 миллиард сомдон ашуун каражат коротула турганын билдирген. БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоонун чыгымдары аткаруу бийлиги эсептегенден азыраак болорун айтты:

«Мурда шайлоодо Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү да иштечү. Алардын айлыгына, башка чыгымдарына 200 млн. сомдун тегерегинде каражат бөлүнүп келген. Азыр алардын милдеттери толугу менен БШКга өттү. 600 млн. сомго жакын чыгымдардын сметасын түзгөнбүз. Ошону менен бюджеттен 800 млн. сомдон ашык каражат каралган».

Бекматов кошумчалагандай, пандемияга байланыштуу быйыл үгүт иштерин жүргүзүүнүн жол-жобосуна өзгөртүүлөр киргизилип, партиялар менен шайлоочулардын ортосундагы байланыштын көпчүлүгү Интернет, жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) аркылуу ишке ашат. Ал эми добуш берүү мурдагыдай эле автоматтык эсептегич урналардын жардамы менен жүргүзүлөт.

Медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиевдин баамында шайлоо өтө турган күз мезгилинде да коронавирустун күчү кайтпайт.

«Башка мамлекеттерди карап талдоо жүргүзө турган болсок, сентябрь, октябрь айларында абал аз да болсо турукташат. Себеби жарандардын көбү COVID-19 менен ооруп чыккан болот. Бирок коронавирус такыр жок болуп кетпейт. Анын үстүнө ошол кезде кадимки сасык тумоо да күчөшү мүмкүн. Эки вирустун кошулушу көп кыйынчылык жаратат. Менин оюмча коронавируска каршы вакцина 2021-жылы пайда болот», - деди ал.

Бийлик: шайлоо бул жолу да таза өтөт

Президент Сооронбай Жээнбеков 30-июнда Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземинен кийинки билдирүүсүндө алдыдагы шайлоого да токтолгон. Ал бардык саясий күчтөргө бирдей мамиле кылып, Жогорку Кеңештен мандат алганы менен иштешүүгө даяр экенин билдирген эле:

«Эл арасында «тигил же бул партия президенттин колдоосун алыптыр, ошол партияга баланча мандат алып берет экен» деген сөздөрдү угуп жатам. Партия - жалпы коомдун бир гана бөлүгү. Мен кандайдыр бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылыш үчүн шайлангам. Кимдир-бирөө менен адам катары мамилем болушу мүмкүн. Бирок президент катары эч кимге моралдык да, материалдык да карызым жок».

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламенттик шайлоонун калыс өтүшүнө анча ишене бербейт. Ал бийликтин кысымына жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгү алдында күбө болгонун айтып жатат.

12-апрелге белгиленген ал шайлоо өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Анда эл өкүлү тарапташтары менен бирге Кыргыз либерал-демократтар партиясын (КЛДП) шайлоого даярдаганын эске салды:

«Бийлик «шайлоону таза өткөрөбүз» дегени менен кадимкидей административдик ресурс иштеди. Мугалимдер, дарыгерлер, мамлекеттик кызматкерлер адаттагыдай бийликтин партиясына иштешти. Бийлик алдыдагы парламенттик шайлоону таза өткөрбөсө кесепети оор болот. Анткени элдин бийликке болгон нааразылыгы абдан катуу. Бул жолкусунда да ыплас ыкмаларды колдонушса саясий ката болот. Бул шайлоо - азыркы бийликтин, өкмөттүн тагдырын чече турган шайлоо».

Жанарбек Акаев парламенттик шайлоого «Жаңы дем» деген ураан менен "Ата Мекен" партиясынын алдында түзүлгөн саясий альянс менен барганы жатат. Биригүү тууралуу ал меморандумга «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Ак Шумкар» партиясынын төрагасы Темир Сариев, Кыргыз либерал-демократтар партиясынын (КЛДП) теңтөрагасы, ЖК депутаты Жанарбек Акаев, ЖК депутаты Рыскелди Момбеков, ишкер Тилек Токтогазиев жана «Жашыл күчтөр коалициясы» деп аталган уюмдун атынан саясат таануучу Азамат Темиркул кол койгон.

Башка саясий күчтөр парламенттик шайлоого тымызын даярдык көрүп жатканы менен ачык жарыя кылыша элек.

Премьер-министр Кубатбек Боронов да 2-июлда Бишкекте өткөн брифингде шайлоо боюнча үн катты. Ал саясий партияларды парламенттик шайлоого жумшай турган каражаттарын коронавирус менен күрөшкө салууга чакырды.

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова өкмөт башчынын бул сөзүн кескин түрдө сынга алып, мыйзам бузуу катары сыпаттады:

«Боронов мамлекеттик трибуна аркылуу элдин баарына «силерди сатып алат, силер сатыласыңар» деп айтты. Анткени шайлоонун дайындала турганын баарыбыз түшүнүп турганбыз. Шайлоо алдында бекер азык-түлүк таратууга, кызмат көрсөтүүгө, кайрымдуулук иштерин да жүргүзгөнгө болбойт. Бул добуш сатып алуу болуп саналат. Бороновдун билдирүүсү - мыйзам бузууга чакыруу».

«Күзүндөгү шайлоо - жаңыланууга мүмкүнчүлүк»

Быйылкы парламенттик шайлоо пандемия шартында өткөнү жатканы ириде азыр бийликте турган, кийинки шайлоодо да парламентке келүүнү көздөгөн партиялар жана саясий күчтөр үчүн оор сыноо болчудай.

Анткени акыркы күндөрү Кыргызстанда COVID-19 илдетине чалдыккандар күнүнө 500дөн көп катталууда.

Ал эми акыркы суткада коронавирустан жана пневмониядан 33 адам каза тапканы белгилүү болду. Буга байланыштуу бийликтин дарегине катуу сын айтылып жатат.

Антсе да шайлоочулардын бири Жакшылык Матанов беш жылда бир келе турган мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып албоого чакырды:

Жакшылык Матанов.
Жакшылык Матанов.

«Эгер сен караңгыда келатып балчык кечип алсаң - жаңылыштык катары бааласа болот. Эртеси деле ушундай окуя кайталанса - ал сенин келесоолугуң. Элибиз бир нече жолу жаңылышты. Түшүнүп турам, пандемия маалында каражаты түгөнгөн, ачка калган үй-бүлөлөр көп болду. Бирок каржалып турсак да арзыбаган тыйынга келечекти сатып жибербейли. Шайлоо жаңылганды такыр жактырбай турганын акыркы беш жылда жакшы эле түшүнгөндөй болдук го!»

Жарандык активисттер коронавирус пандемиясы мамлекеттин абалын, өкмөттүн деңгээлин көрсөтүп койгонун айтып жатышат.

Буга чейинки шайлоодо үгүт иштерине катышкан ырчылардын айрымдары социалдык баракчалары аркылуу талапкерлерди колдогону үчүн элден кечирим сурашты. Кечирим сураган ырчылардын бири Кайрат Примбердиев 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду сүрөгөн.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров добуш берүү күнүндө чыныгы өзгөрүүгө жетишсе болорун белгиледи:

«Көчөгө чыгып жол тосуп, бакырып революция кылыштын кереги жок. Шайлоо күнү тып-тынч революция кылып койсо болот. Көптөн бери ушул сөздү элдин мээсине куюп келем. Эгер азыркылардын бийликтен кетишин кааласаң, шайлоо күнү «казанын оодарып» койсоң болот. Бийликтин партиялары башында үчөө эле, азыр жасалма оппозиция түзүп алып шайлоого барганы турушат».

Буга чейин парламенттин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков «Азаттыктын» суроолоруна берип жатып, бийлик жан тарта турган партиялардын катарына «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстанды» кошо тургандыгын айткан эле.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG