Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:27

Боронов партияларды шайлоого жумшачу акчаны COVID-19 менен күрөшкө салууга чакырды


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Премьер-министр Кубатбек Боронов 2-июлда Бишкекте өткөн брифингде саясий партияларды парламенттик шайлоого жумшай турган каражаттарын коронавирус менен күрөшкө салууга чакырды.

«Эл ар бириңиздердин эмгегиңиздерге, салымыңыздарга карап, кийин шайлоодо туура тандоого барат деп ишенем. Ошондуктан ушул күндөрү сиздерден чоң жардам күтөбүз», - деди Боронов.

Ал саясий жана башка максаттарды коё туруп эпидемиологиялык абалды басаңдатканга болгон күчтү бириктирүү зарыл экенин кошумчалады.

«Кандай гана саясий максаттар болбосун, массалык топтолууга жол бербейли. Ушул күндөрү баарыбыздын көздөгөнүбүз жана максатыбыз – бирөө гана болсун. Ал – вирус менен күрөшүү», - деди Боронов.

Өкмөт башчы митингдерди уюштуруп, шайлоо өнөктүгү башталганда ага шылтоолоп элди топтоп, оорунун жайылышына түрткү болбош керек экенин эскертти. (BTo)

XS
SM
MD
LG