Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

Жээнбеков шайлоону таза өткөрүүгө убада берди


Президент С.Жээнбеков 30-июнда өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземинен кийин парламентте билдирүү жасады.
Президент С.Жээнбеков 30-июнда өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземинен кийин парламентте билдирүү жасады.

Президент Сооронбай Жээнбеков бийлик алдыда болчу парламенттик шайлоону таза өткөрө турганын, бир да партияга жан тартпай турганын дагы бир жолу кайталады.

Кыргызстандын президенти С.Жээнбеков шайлоонун эрежеси алдын-ала аныкталганын айтып, партияларды куру убада берүүдөн алыс болууга чакырды. Бийликтин таза шайлоо өткөрүү тууралуу убадасына саясий чөйрө азырынча ынанбай турат.

Сооронбай Жээнбеков 30-июнда Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземинен кийинки билдирүүсүндө шайлоо темасына өзүнчө токтолду. Ал буга чейин айткан сөзүн кайталап, шайлоого тиешелүү мыйзамдар толугу менен кабыл алынганын, саясий иш-чаранын эрежеси так аныкталганын айтты. Өлкө башчы муну менен парламенттик шайлоо өз убагында, күзүндө өтө турганына ишарат кылгандай болду.

"Бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайлангам"

Сооронбай Жээнбеков «шайлоо адилеттигин добуш берүү жана аны эсептөө учурунда гана эмес, шайлоонун бардык этаптарында камсыз кылабыз» деп ишендирүүгө аракет кылды. Анын айтымында, бардык саясий күчтөргө бирдей мамиле жасап, шайлоодон кимиси утуп чыкса да иштешип кетүүгө даяр.

«Эл арасында «тигил же бул партия президенттин колдоосун алыптыр, ошол партияга баланча мандат алып берет экен» деген сөздөрдү угуп жатам. Партия — жалпы коомдун бир гана бөлүгү. Мен кандайдыр бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайлангам. Кимдир бирөө менен адам катары мамилем болушу мүмкүн. Бирок президент катары эч кимге моралдык да, материалдык да карызым жок».

Президент саясий партиялардын жоопкерчилигин да эске салып, үгүт иштеринде ыплас шайлоо ыкмаларынан алыс болуп, куру убадаларды бербөөгө чакырды. Жээнбеков саясий күчтөргө коомдо башаламандык уюштурууга жол бербей турганын эскертти.

Шайлоонун эрежеси демекчи, өлкө башчы партиялардын Жогорку Кеңешке өтүү босого пайызын тогуздан жетиге түшүрүү боюнча парламент кабыл алган мыйзамга 30-июндагы билдирүүсүнөн кийин кол койду.

«Президентке кирип чыгып, бата алдык» дегендери болду»

Сооронбай Жээнбеков андан тышкары 6-июлга чейин парламенттик шайлоонун мөөнөтү тууралуу жарлык да чыгарышы керек. Мыйзам боюнча шайлоонун датасы 4-октябрга 90 күн калганда аныкталат.

Өлкө башчынын депутаттарды шайлоо жөнүндө билдирүүсү бул маселенин айланасындагы талкууну кызытты. Партия өкүлдөрү, талдоочулар күзүндө өтчү шайлоону өлкө тагдырын чече турган саясий иш-чара катары баалашууда.

Парламенттин мурдагы спикери Кубанычбек Исабековдун пикиринде президент шайлоо таза өтөрүн кайра-кайра кайталаганы менен азырынча андан үмүт жок.

Президент баарына тең батасын берет да. Бирок жергиликтүү бийликке ушул жылдын башынан эле «үч партияга көз салгыла» деген тапшырма түшкөнүн уктум.
Кубанычбек Исабеков.


«Элдин баары «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партиялары өтүш керек деген буйрук берилиптир, ушул партиялар өтөт экен» деп айтып жатат. Президент «мен адам катары жолуккандырмын, сүйлөшкөндүрмүн, бирок президент катары баарына тең карайм» деди. Айтылган сөз менен жасалган иш эки башка болуп турган кезде буга ким ишенет? Ансыз деле анча-мынча партиялардын жетекчилери деле «президентке кирип чыгып, бата алдык» дегендери болду. Албетте, президент баарына тең батасын берет да. «Сен шайлоого катыш, сен болсо катышпа, өткөрбөйм» деп айтмак беле? Бирок жергиликтүү бийликке ушул жылдын башынан эле «үч партияга көз салгыла» деген тапшырма түшкөнүн уктум».

Бул жолку парламенттик шайлоо жакында гана дайындалып, 30-июнда ант берген Кубатбек Боронов башында турган техникалык өкмөттүн тушунда өткөнү жатат.

Биринчи вице-премьер-министр болуп келген экс-депутат Алмазбек Батырбеков жакында эле мандатын тапшырып, парламенттик шайлоого даярдана турганын билдирген. Бирок Боронов аткаруу бийлигинин бир да мүчөсү шайлоого катышпай турганын айтууда. Ал да президенттей эле өкмөт шайлоону калыс өткөрөт деп убада берди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев бийликтин айткандарына ишенбей турат.

«Таза шайлоо өткөрүүнүн эң башкы эрежеси - бийлик шайлоого кийлигишпеши керек. Бирок көнгөн адат калбайт экен бийлик баары бир аралашат окшойт. Ошондуктан бардык партиялар тең укукта шайлоого катышат дегенден алысмын. Бийликтин табияты ушундай ал бийлигин сактап калууга умтулат. Пандемия шартында адамдар добуш берүүгө баргандан коркот. Бул бийликке жакшы шарт түзөт».

Кыргызстанда парламенттик, президенттик же жергиликтүү кеңешке шайлоо болсун ар дайым нааразылык менен коштолот. Оппозициялык маанайдагы партиялар бийлик административдик ресурсту, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн шайлоодо өз кызыкчылыгына колдонорун айтып, доомат коюп келишет.

Акыркы шайлоолордо добуш сатып алуу күчөгөнүн, ошол эле кезде шайлоо участогунун ичиндеги мыйзамсыз иштер азайып калганы белгиленет.

"Өлкөнүн тынчтыгы шайлоодон көз каранды болот"

Саясатчы Бектур Асанов президент Сооронбай Жээнбеков башында турган бийлик шайлоону салыштырмалуу адилеттүү өткөрөрүнө үмүт кылып турат. Ал шайлоодо калыс мамиле болбосо бийликке каршы нааразылык күчөп, кесепети жаман болорун эскертти.

Кыргызстандын саясатына тышкы күчтөр да активдүү аралашууда. Биздин бийлик аябай ишенген ошол эле Кремль оппозиция менен да, позиция менен да иштешип жатат.
Бектур Асанов.


«Шайлоону таза өткөрбөсө мамлекетте тынчтык болбошун президент түшүнүп турат. Ошондуктан президент шайлоону салыштырмалуу таза өткөрөт деп ойлойм. Мыйзамсыз иштер болсо, ал башында эле билинип калат. Мектептин директорлору, жергиликтүү бийлик, министрликтердин жер-жерлердеги түзүмдөрү бийликтен бата алган эки-үч партияга иштеп баштайт. Эгерде ушундай көрүнүш болсо бийликтен колдоо күтпөгөн оппозициялык партиялар биригип, бийликке ачык каршылыкка өтөт. Анда шайлоо тирешүүгө өтүп, парламенттик шайлоо аягына да чыкпай калат. Президент ушул жагдайды туура түшүнүп турат. Андан тышкары Кыргызстандын саясатына тышкы күчтөр да активдүү аралашууда. Биздин бийлик аябай ишенген ошол эле Кремль оппозиция менен да, позиция менен да иштешип жатат. Андан тышкары Батыш өлкөлөрү да иштеп жатканын көрүүдөбүз».

Азыркы, алтынчы чакырылыштагы парламент 2015-жылдын октябрында шайланган. 120 орунга алты партия өтүп, КСДП фракциясына 38 мандат, «Республика - Ата Журтка» 28, «Кыргызстанга» 18, «Өнүгүү-Прогресске» 13, «Бир Болго» 12 жана «Ата Мекенге» 11 орун тийген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG