Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 11:10

Кадырбеков: Өкмөт башчы өз каалоосу менен кетмек эмес


Ишенбай Кадырбеков.

Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министрлик кызматты тапшыруу тууралуу арыз жазды. Өкмөт башчынын бул кадамына эмне түрткү болушу ыктымал жана саясий жашоого таасири кандай болот?

«Азаттыктын» суроолоруна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ишенбай Кадырбеков жооп берди.

- Мухаммедкалый Абылгазиевдин кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы сиз үчүн жаңылык болдубу?

- Кыргызстанда премьер-министрлер алмашып эле келатпайбы. Кээ бирлери бир жыл иштесе, айрымдары ага деле жетпей кетет. Буга баарыбыз эле көнүп калдык. Андыктан, эч бир сенсация болгон жок.

- Дал ушул күнү Кыргызстанда коронавирус жуккандар рекорддук чекке жетти, абал кооптуу экенин, экономикалык кырдаал да жакшы эмес экенин өкмөт өзү айтып жатат. Ушундай учурда өкмөт башчынын кетип жатышы туурабы?

- Менин оюмча, чечимди ал киши өзү кабыл алган жок. Президенттик аппарат же президент өзү чечкенден кийин арыз жазгандыр. Бул шайлоо алдындагы орун алмаштыруунун бири деп ойлойм. Мүмкүн, премьер-министр азыр кетип, шайлоого катышайын деген ою бардыр. Андай болсо, бүгүн кеткени убактысы боюнча туура эле.


- Демек, Абылгазиевдин отставкасынын себебин сиз шайлоого байланыштырасызбы?

- Кете турган башка шарты деле жок болчу. Башка премьер-министрлерден жаман да иштеген жок, алардан ашып да кеткен жок. Негизи Кыргызстанда премьер-министрлер техникалык гана болууда. Конституция боюнча Германия, Армения же Индиядагыдай эле укукка ээ. Бирок, тилекке каршы, ошол укуктарынан толук колдонууга алы жетпей келет. Себеби президенттер парламентти колго алып алган.

Парламент болсо премьердин тагдырын чечкен саясий күч болуп жатат. Ошондуктан премьер-министрлик кызматка «Хоп, сиздин айтканыңыздын баарын жасайм. Иштеп берем» дегенге макул болгон адам гана бара алат. А эгер «Жок, өзүм Конституция боюнча премьерлик милдетимди аткарам» десе, андай адамды кызматка жолотпой, парламент да макул болбой коюшу мүмкүн.

Парламент да өзүнө тил алчаак кадрды тандайт. «Муну министр кыл, тигини министрге орун басар кыл» десе «Жок, андай эмес!» деп каяша айта турган киши парламентке кереги жок. 20 жылдан ашуун убакыттан бери ушундай абалда келатабыз.

Жогорку Кеңеш: Спикер менен депутаттардын айтышы
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:43 0:00


- Сиз жогоруда президенттик аппаратта чечилген маселе деп айттыңыз. Бул структуранын кызыкчылыгы эмнеде?

- Кызыкчылык деле жок. Менимче, парламенттик шайлоого карай орун алмаштыруу. Акыркы күндөрү премьерге сын көп айтылып калгандыктан жаңы келген парламент өзүнө ылайыктуу өкмөт башчыны шайламак. Иштегенге аз эле убактысы калган. Ошол себептен эки киши – президент менен премьер-министр акылдашып, ушундай чечимге келишти окшойт. Бул киши шайлоого катышат деген оюм бар.

- Абылгазиев коомчулукта чуу жараткан жыштык маселесинде айыбы жок экенин билдирди. Кандай дейсиз, эми анын тиешеси бар же жогу акыйкат иликтенеби?

- Эгер премьер-министр «тиешем жок» десе, демек, тиешеси жок. Менин байкашымча, ал кишинин башкаларга караганда бир өзгөчөлүгү бар экен – таза киши экен, айтып жатса, демек ошондой. Ал эми жыштыкка токтолсок, мен жогоруда айткандай, бийлик кимдин колунда болсо, жыштыкты ошолор чечет.

Премьер техникалык болгондуктан «жок» да деген жок, «ооба» да деген жок. Чече турган органдар чечип коюшту. Ал өкмөттүн токтому же премьердин буйругу менен болгон эмес, тиешелүү органдын өзүнүн чечими болгон.


- Сиз Абылгазиевдин кызматтан азыр кетип жатышы шайлоого даярдык деген оюңузду билдирдиңиз. Эгер ошондой болсо, бийликтеги жоопкерчилик деген да маселе козголуп жатпайбы...

- Бул жерде бир нерсе бар. Эгер азыр премьер-министр арыздын негизинде бошосо, өкмөт толугу менен отставкага кетет. Демек, шайлоо алдында өкмөттү жаңыртуу деген маселе болуп жатат. Бир министр кетсе, башка, ал эми өкмөт башчы кетип жатса, бул такыр башка маселе.

Кетип бараткан парламенттин колу менен жаңы өкмөттү куруп алалы деген ой бар. Демек, дайындай турган адам да бар. Бул маселе чечилип калган. Премьер-министр жөн эле өз каалоосу менен кете албайт болчу.

- Ушундай учурда анда жоопкерчилик кимде болот? Президенттеби?

- Бул - саясий маселе. Шайлоо алдындагы орун алмаштыруу. Балким, азыркы өкмөттүн кээ бир «жакшы көргөн» мүчөлөрүн парламентке талапкерлердин тизмесине киргизип коюшу мүмкүн. Чоң эсептөөнүн негизинде кабыл алынган чечимдер. Премьер кеткенден кийин өкмөт да кетет, мекемелердин жетекчилери да кетиши мүмкүн. Өкмөт башчы өзү чечет деп ойлошот. Жок, бул - чоң саясат.

- Абылгазиев парламентте отчет бергенде депутаттар өкмөттү канчалык сындаганы менен, аягында колдоп беришкен. Өкмөт башчы спикерге ыраазычылыгын да билдирген. Мындай көрүнүштүн себеби эмнеде?

- Бул – биздин парламенттин өзгөчөлүгү. Мен ошол талкууну эринбей уккан элем. Логика боюнча ошондой талкуудан, катуу сын пикирден кийин добуш берүүгө келгенде колдоо таппайт эле. Добушка келгенде ошол эле сын айткан адамдар колдоп чыгышты. Биздин парламенттин өзгөчөлүгү ошондо болуп жатат.

Ал чечүүчү эмес, добуш гана берүүчү орган болуп калбадыбы. Мындай десе мындай, тигиндей десе тигиндей добушун берет. Кээде мыйзам долбоорун үч окуудан бир күндө эле кабыл алып коюшат, ал эми кээде керектүү мыйзамды комитетке да жеткирбей коюшу мүмкүн. Шыкаалап, тиги жактан кандай команда болот деп күтүп турган парламент.


- Кайрадан жыштык маселесине келсек. Болбой эле коррупция тууралуу бул иште Мухаммедкалый Абылгазиевдин аты аталып калды. Андыктан анын кетишин жогорку бийликтин коррупцияга каршы күрөшүп жатканынын көрсөткүчү сыяктуу маанай жаратуу аракети деп кабылдасак болобу?

- Ал болбогон сөз. Эгер тиешеси бар болсо эчак эле премьерге болбосо да, факт боюнча иш козголмок. Аны күбө катары тартып, иш жүргүзүшмөк.

- Мындан аркысы кандай болот деген ойдосуз? Жаңы өкмөт башчысы ким болушу ыктымал?

Балким, азыркы өкмөттүн кээ бир “жакшы көргөн” мүчөлөрүн парламентке талапкерлердин тизмесине киргизип коюшу мүмкүн.

- Мен башында айткандай, ким келсе да, баары бир ал азыркыдан ашып да кетпейт, андан начар да болбойт. Айткан сөздү аткарган премьер келет. Андайлар толуп жатат. Эгер өзүнүн жеке пикири бар премьер келсе ал шайлоону, оюнду «бузуп» коюшу мүмкүн.

Себеби пландар көп. Келечекте депутат болчулардын тизмеси боюнча акылдашып жатышат. Тизмелердин өзөгү түзүлүп калгандыр. Эч нерсе өзгөрбөйт, кимиси келсе да. Тил алчаак адам келет.

Ал да «өмүрү» беш айлык экенин билип турат. Себеби жаңы парламент келгенде ал добуш берип, жаңы премьер-министрди шайлайт.

- Демек, Абылгазиевдин иштен кетүү тууралуу арызына президент кол коёбу же койбойбу деген суроо болушу да мүмкүн эмеспи?

- Жок. Эгер президент менен макулдашпай, жеке өзү чечип, арызын жазып кетсе, андай кишинин келечеги жок болот. Жок нерседен да иш козгоп, мойнуна илип коюшат.

Акылдашпаса, эртең депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде эмес, такыр башка жерде болуп калышы мүмкүн. Премьерди эмес, өкмөттүн курамын кетирип жатышканын жакшы түшүнүшүбүз керек. Кептин баары ошондо.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (24)

XS
SM
MD
LG