Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Депутат премьерден түшүндүрмө талап кылды


Жанар Акаев, 23-октябрь, 20219-жыл.
Жанар Акаев, 23-октябрь, 20219-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди жыштык чатагы боюнча тергөөгө көрсөтмө берүүгө чакырды.

Анда ал өкмөт башчы «Билайндын» Кыргызстандагы жетекчиси менен анын негиздөөчүсү, Казакстандагы «Верный капитал» инвестициялык компаниясынын башчысын эмнеге жашыруун кабыл алганына жана Байланыш агенттигинин жетекчисин сырдуу дайындоо сыяктуу маселеге түшүндүрмө бериши зарыл экенин белгиледи.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Мухаммедкалый Абылгазиев тергөөгө таасир этпеш үчүн эмгек өргүүсүндө экенин айтып, коюлган дооматтарды жалган жалаа катары сыпаттады.

Тергөөгө барууга чакырык

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жыштык боюнча тергөөгө таасир этпеши үчүн эмгек өргүүсүнө чыкса да эмнеге ушул кезге чейин өзүнөн кинени четтеттиш үчүн күмөндүү жагдайлардын башын ачып, түшүндүрмө бергиси келбей жатканына кызыкты.

Депутат премьер-министр жакында «Скай Мобайл» уюк байланыш операторунун жетекчиси Евгений Кражан менен «Верный капитал» инвестициялык компаниялар тобунун башкы директору Ерлан Оспановду кабыл алган деген маалыматтар боюнча түшүндүрмө берүүгө тийиш деп эсептейт.

Ошондуктан Жанарбек Акаев өкмөт башчысы тергөөгө барып, көрсөтмө бериши керек экенин айтты:

Жанарбек Акаев
Жанарбек Акаев

«Премьер-министр ушул кезге чейин эмнеге тергөөгө чакырылган эмес? Бул маселе ачыкка чыгып калгандан кийин тергөө органдары бул иштин жагдайы тууралуу андан сурабаса болбой калат. Болбосо, бул жөн эле элдин көзүн будамайлоо болуп калат. Казакстандагы «Верный капитал» инвестициялык компаниясынын жетекчиси, «Билайндын» кожоюндарынын бири Ерлан Оспанов жана «Билайндын» Кыргызстандагы жетекчиси Евгений Кражан премьер-министр Абылгазиев менен жолугушкан. «Билайндын» чоңдору менен өкмөт башчы жыштыкты сүйлөшпөсө, кайсы темада сүйлөшүү болду? Эмне үчүн жолугушуу коомчулукка чагылдырылган жок? Өкмөт башчынын кимдерди иш убактысында кабыл алганы ачык болушу керек да. Ошол жолугушуунун протоколун, хронологиясын элге жарыялап койсоңуздар, эмне тууралуу сөз болду? Албетте, «Билайндын» өкүлдөрү менен төө буурчак же футбол жөнүндө сөз болмок беле? Эмне үчүн так ушул жыштыкты аукционсуз, бекер алган компаниянын өкүлдөрүн премьер-министр мырза кабыл алган? Ошол күмөндүү ойлорду четке кагыш үчүн мен өкмөттөн ал жолугушуунун протоколун коомчулукка жарыялоону талап кылам. Бул жерде күмөндүү ойлорго толук негиз бар».

Өкмөт: депутаттын айтканы - карандай каралоо

Өкмөттүн басма сөз кызматы «Верный капитал» жана «Скай Мобайл» компанияларынын жетекчилери менен өкмөттөгү жолугушуу тууралуу маалымат бурмаланганы боюнча билдирүү таратты. Анда аталган жетекчилерди депутат айткандай, премьер-министр эмес, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 15-майда кабыл алып, «Скай Мобайлдын» ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер талкууланганы көрсөтүлгөн. Жолугушууда Мамлекеттик салык кызматы менен компаниянын ортосундагы талаштуу болуп келген кошумча салык салуу маселеси каралып, андан соң радио жыштыктарды пайдалануу маселеси боюнча пикир алмашуу болгону белгиленген.

Ошондуктан өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев депутаттын койгон дооматын четке кагып, аны карандай каралоо катары билдирүү таратты:

Адилет Султаналиев.
Адилет Султаналиев.

«Өкмөт башчы өзү өткөн жылдын декабрында демилге көтөрүп, башталган тергөө ишинин объективдүүлүгү толук камсыздалышы керек деп эсептейт. Ошондуктан бул иш боюнча кандайдыр бир түшүндүрмө берүү биз тараптан туура болмок эмес. Анын үстүнө биз каралоо өнөктүгүн уланткан жана уюк байланыш компаниялары менен премьер-министрдин кайсы бир жолугушуулары же анын бюджетке кайтарган миллиарддары тууралуу жалган маалымат айткан депутат Жанарбек Акаевдин билдирүүсүнө комментарий берүүнүн зарылдыгын көргөн жокпуз. Мыйзам бузуу жөнүндө бул сыяктуу «дуу болгон» фактыларды тергөө органдарына берүүгө жана эч кандай ызы-чуусуз эле тергөөнүн корутундусун күтүүгө ага эмне жолтоо болуп жатканын анын өзүнөн сурасаңыздар. Депутат анда жалган маалыматтарды жана фейктерди системалуу түрдө жана көпчүлүккө жайылткандыгы үчүн жоопкерчилик тууралуу унутпашы керек деп эсептейм».

Жетекчиликтин күмөндүү алмашуусу

Ошол эле кезде депутат Жанарбек Акаев 2019-жылы 200 МГц радио жыштык «Скай Мобайл» компаниясына берилерде Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору чукулунан алмаштырылып, жакында камакка алынган Наталья Черногубова жетекчиликке дайындалганын айтты. Жанарбек Акаев анын талапкерлиги башкаруучу коалиция тарабынан эмес, өкмөттүн демилгеси менен көрсөтүлгөнүн белгиледи:

«Наталья Черногубова деген айымды Байланыш агенттигине жетекчиликке алып келе жатканда да көпчүлүк каршы болгон экен. Бирок ага карабастан аны ошол кызматка дайындап, дароо колун койдуруп, жыштыкты өткөрүп алыш үчүн бир мамлекеттик кызматтын жетекчисин алмаштырып жатышат. Бул ишке өкмөт башчынын катышы бар экени текшерилиши керек экендигин мен эмнеге билдирдим? Анткени бүгүнкү күндө өкмөттүн аппарат жетекчиси, премьер-министрдин оң колу болгон Самат Кылжыев тергөө органдарына бир нече ирет сурак берип чыкты. Бирок аны чыгарбай, жашырып жатышат. Аппарат жетекчиси эмнеге сурак берет? Себеби, иштин бардыгы ошолор аркылуу бүткөн. 200 МГц радио жыштык деген эбегейсиз чоң көлөмдөгү жыштык. Аны Байланыш агенттигинин башчысы Наталья Черногубова жалгыз эле чечип коё алмак эмес. Ал премьер-министрдин уруксаты жок кыймылдай алмак эмес. Анткени бул жерде миллиондор тууралуу кеп болуп жатат».

Ошол эле кезде Байланыш операторлор бирикмесинин төрагасы Айбек Күрөңкеев «АлаТВ» пайдаланып келген 200 МГц жыштыкка «Скай Мобайл» компаниясы ээ болгонун кадимки алды-сатты бүтүмү катары карап, андан кылмыштын курамын издөөгө негиз жок экенин айтып айрым сайттарга маек курган. Бирок бул боюнча кошумча комментарий сурап, чалганыбызда Айбек Күрөңкеев расмий жыйын өткөнгө чейин деген негизде толук маалымат берүүдөн баш тартты. Ал эми Маалымат технологиясы жана байланыш агенттиги кезинде жыштыктын компания менен кошо сатылышы мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келе турганы жөнүндө өкмөткө кызматтык кат жибергени белгилүү.

«Жашыруун» грифи

Аскер прокурору Нуркамал Набиев бул иште мамлекеттик сыр болгондуктан анын жагдайлары толук ачык айтылбай турганын билдирди:

Нуркамал Набиев.
Нуркамал Набиев.

«Бул иштин материалдарына жашыруундук белгиси коюлган. Анткени анда мамлекеттик сырлар бар. Ошондуктан бул тууралуу кеңири маалымат бере албайм. Бул жерде мамлекеттин кызыкчылыгына байланыштуу жагдайлар бар. Ошондуктан тергөөнүн купуялыгын сактоо боюнча биздин да жоопкерчилик болот. Биз иштин жагдайларын ачык айтып салсак, бул боюнча жоопкерчилик болуп калышы мүмкүн. Бул иштин жагдайлары тууралуу убакты-сааты келгенде коомчулук толук маалымат ала алат. Анткени мындай иштер жөн эле калбайт. Азыр тергөө амалдары жүрүп жатат. Бирөөнүн кылмышын жашырып-жаап коюуга мүмкүн эмес. Жыйынтыгы чыкканда бардыгы маалым болот».

Мамлекеттин карамагындагы радио жыштыктын компания менен кошо сатылып кетип, мамлекетке эч кандай пайда түшпөй калганы боюнча кылмыш иши козголгон болчу. Бул иш боюнча Байланыш агенттигинин жетекчилиги баш болгон беш кызматы адамы кармалган. Алардын арасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери да бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG