Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-май, 2020 жума, Бишкек убактысы 22:49

Жыштык сатуудагы жемкордуктун карааны


Наталья Черногубова. «Азаттыктын» коллажы.

Коррупцияга байланыштуу шектүү катары кармалган Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова 12-июлга чейин камакка алынды.

Ага уюк операторлордун бирине жыштыкты мыйзамсыз кайра каттаган деген айып коюлууда. Күч түзүмдөрү иштин чоо-жайы тууралуу азырынча толук маалымат бербей турушат.

Наталья Черногубованы 12-майда Аскер прокуратурасы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) биргелешкен мекеме аралык тергөө тобу кармаган. Бул маалыматты Башкы прокуратура эки күндөн кийин гана, 14-майда жарыялады.

Мекеме тараткан маалыматка караганда, Черногубова Жазык кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүүнүн алкагында шектүү катары кармалды. Ага карата сотко чейинки териштирүү быйыл 7-апрелде башталган. Башкы прокуратуранын расмий өкүлү Наргиза Куватова сөз болуп жаткан кылмыш иши тууралуу буларды билдирди:

Наргиза Куватова.
Наргиза Куватова.

«Иликтөө иштеринин жыйынтыгында белгилүү болгондой, Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги уюк байланыш операторлорунун бири жана Технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып байланыш операторунун лицензиясын стандарттарды өзгөртүү менен мыйзамдарды бузуп кайра каттаган. Бул мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирген».

Бишкектин Биринчи май райондук соту 14-майда Наталья Черногубованын бөгөт чарасын карап, УКМКнын тергөө абагына 12-июлга чейин камакка алды. Айрым маалымат каражаттары Черногубова менен кошо анын орун басары Замирбек Мамбеталиев да камалганын жазышкан. Райондук сот бул маалыматты ырастаган жок. «Азаттык» Мамбеталиевдин өзү менен байланышканда ал комментарий берүүдөн баш тартты.

Күч түзүмдөрү Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилери жыштыктыкты кайсы уюк байланыш операторуна кайра каттап бергенин, ал жыштык мурда кайсы компанияга таандык болгону тууралуу кенен маалымат берген жок.

«Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү, депутат Каныбек Иманалиев 15-майда фракциянын жыйынында сөз болуп жаткан кылмыш иши боюнча маалыматтардын четин чыгарды:

«Орусиядагы эң атактуу миллиардер Зимин «мен 800 МГц алыш үчүн «Билайн» компаниясына 1996-жылы 5 млн. доллар төлөгөм» дейт. Биздин азаматтар 200 МГцти 700 сомго берип коюшту. МГц деген алтындан да кирешелүү. Кечээ эки киши кармалды. Кыргызстанда мурда лицензия сатууда коррупция болгон болсо, азыр жыштыкты сатуу эң чоң коррупцияга айланды».

Ушул тапта Кыргызстанда негизги үч уюк байланыш оператору иштейт. Алар - «Мегаком» бренди менен таанымал «Альфа Телеком» компаниясы, «Билайн» аты менен таанылган «Скай Мобайл» ишканасы жана «О!» деген бренд менен чыккан «НУР Телеком» компаниясы. «Мегакомдун» базасында түзүлгөн «Salam» деген төртүнчү виртуалдык оператор да бар.

Байланыш жаатындагы адистер өлкөдө жыштыктардын көбүн уюк операторлору колдонорун жана алар жыштыкты сатып алууга ар дайым кызыкчылыгы бар экенин айтышты.

Акыркы кылмыш окуясынын арты менен жыштыктарды сатуу жана аны колдонуу боюнча маселе күн тартибине чыкты. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Кыргызстанды жыштыктар текейден арзан сатылып, колдон-колго өткөн учурлар көп экенин айтып келет. Ал бул тармакта эбегейсиз чоң акча айланарын белгиледи:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Жыштык бир гана тендер, конкурс жолу менен берилет. Ал бир кишиден экинчисине, андан ары үчүнчү тарапка өтпөш керек. Кыргызстанда болсо жыштыкты бир компанияга беришет. Кийин ал ишкананы банкрот кылып туруп компания менен кошо сатып жиберишет. Эң чоң коррупция ушул тармакта болгон жана болуп келатат. Мамлекет муну туура иштетсе жылына миллиарддаган сом киреше табат. Биз жыштык сатуудан Кумтөрдү иштеткенге салыштырмалуу көбүрөөк пайда тапмакпыз».

Бул жыштык сатууга байланыштуу биринчи чуулуу иш эмес. 2018-жылы «О» байланыш операторуна 2016-жылы 900 МГц диапазонундагы радиожыштык 1000 сомго эле сатылып кеткени ачыкка чыккан. Анда «Ак-Тел» же «Фонекс» деген ат менен таанылган ишкана банкрот деп табылып, компаниянын жыштыгы «О» операторуна сатылган. Маалыматтык технологиялары жана байланыш комитетинин ошол кездеги жетекчилиги муну 2016-жылы аукцион деген түшүнүк болбогону, жыштыктар 1000 сомдон эле сатылып келгени менен түшүндүргөн.

Мына ушул жана башка иштерди иликтеш үчүн Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде депутаттык жумушчу топ түзүлгөн. Анын жетекчиси Рыскелди Момбеков жыштыктарды сатуу жана бөлүштүрүү боюнча кылмыш иштери бар экенин УКМК аныктаганын, бирок ушул күнгө чейин аягына чыкпай келатканын сындады. Анын сөзү боюнча, өлкөдө бир да жыштык премьер-министрдин чечими жок берилбейт.

«Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети жыштыктарды тендерге, конкурска чыгарыш үчүн өкмөт башчынын токтому менен уруксат алат. Премьер-министрдин буйругу жок болсо Байланыш комитети эч нерсе кыла албайт. Жыштык - мамлекеттин бирден-бир байлыгы. Ал өкмөт башчынын уруксаты жок берилбейт. Жыштыктар конкурс менен же кандай жол менен берилип жатат, муну укук коргоо органдарынын баары эле билет. Кептин баары күч түзүмдөрүнүн кылмыш иштерине кылган мамилесинде болуп жатат».

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети да акыркы окуя боюнча комментарий берген жок. Комитеттин басма сөз кызматы тергөө иштери жүрүп жаткандыктан эч кандай маалымат бере албай турганын кабарлады. Байланыш тармагынын ардагери Буркан Жумабаев дүйнөдө жыштыктар аукцион жолу менен гана сатыларын айтты:

«Кыргызстанда мамлекеттин жыштыктары бекер же арзан сатылып жатат. Укук коргоо органдары жакшылап текшерсе дагы көп былыктар чыгат деп ишенип турам. Эл аралык тажрыйбада жыштыктар аукцион аркылуу гана сатылат. Жыштыкты түз саткан учур өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбасында болгон эмес. Анткени жыштык - мамлекеттин ресурсу. Эгерде компания банкрот болсо мамлекет жыштыкты өзүнө алышы керек».

Ачык булактардагы маалыматтар боюнча, Наталья Черногубова 2019-жылы Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалган. Азырынча анын жакындары менен жактоочусу Черногубовага козголгон кылмыш иши тууралуу эч нерсе дей элек. «Азаттык» алардын да жүйөсүнө орун бергенге даяр.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG