Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

«КТ Мобайлга» комиссия чекит койду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтеген убактылуу депутаттык комиссия ишкананын айланасындагы чууга байланыштуу «өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин моралдык жоопкерчилиги каралсын» деген чечим чыгарды.

Комиссия андан тышкары бир катар каржылык мыйзам бузуу фактыларын аныктап, ага укуктук баа берүүнү Башкы прокуратурага сунуш кылды. Аталган комиссиянын корутундусу боюнча Жогорку Кеңеште бир да депутат суроо берген жок. Коомдо кызуу талкуу жараткан маселеге парламенттин мамилеси айрымдардын сынына кабылды.

«КТ Мобайлдын» ишин иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин 26-июнда жыйынында угулду. Депкомиссиянын чечимине ылайык, виртуалдык оператор түзүү боюнча «КТ Мобайл» менен «Мегакомдун» ортосундагы келишим туура болгон. Комиссия «аталган долбоорго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев аралашкан» деп, өкмөт башчынын моралдык жоопкерчилигин кароону сунуш кылды.

Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

«"КТ Мобайл" жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердиги боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун, «Альфа Телеком» жабык акционердик коомунун ишмердигине Иманкадыр Рысалиевдин түз кийлигишкени аныкталгандыктан Мухаммедкалый Абылгазиевдин моралдык жоопкерчилиги белгиленсин», - деди депутаттык комиссиянын төрагасы Курманкул Зулушев.

Ал эми өкмөт башчыга Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Ренат Түлөбердиевдин, Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Нурлан Смановдун, «Кыргызтелеком» ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасынын жана башкармалыктын башка мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин кароо сунуш кылынды.

Башкы прокуратурага «КТ Мобайл» компаниясындагы каржы-чарба иштериндеги мыйзам бузууга укуктук баа берүү, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин мурдагы төрагасы Бакыт Шаршембиевдин айланасында козголгон кылмыш иштерин аягына чыгаруу сунушталды. Ошондой эле Иманкадыр Рысалиевдин мамлекеттик мекемелердин ишине мыйзамсыз кийлигишкенине жана «Мегакомдун» жетекчиси Акылбек Жамангуловду коркутуусуна укуктук баа берүү тапшырылды.

Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана маселеге тиешеси бар мамлекеттик органдардын жетекчилери келди.

Эл өкүлдөрү «КТ Мобайл» боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун угуп эле тим болуп, бир да депутат суроо берген жок. Өкмөт башчы да комиссиянын чечими тууралуу пикирин айткысы келбей койду. Жарандык активист Рита Карасатова «өкмөт кызматтан кетиши керек» деген талаптарга чейин алып барган маселеге парламенттин мамилесин сындап, мунун себебин мындай чечмеледи:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

«Кыргызстанда санариптештирүү деген чакырыктар болуп жатат. Андыктан буга тиешелүү иштердин баары бири-бирине тыгыз байланышкан. Ал эми азыркы иште ири каражат, чоң-чоң кызыкчылыктар жатат. Ошондуктан парламент бул маселени жакшы эле талкууласа болмок. Тилекке каршы, маселе тынч эле жабылып калды. Менин пикиримде, «ишти ушинтип эле жаап коёлу» деген сүйлөшүүлөр болду».

Комиссия «КТ Мобайл» Байланыш агенттигине 71 млн. сом, «Кыргызтелекомго» 41 млн. сом, «Скай Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коомуна 30 млн. сом карыз экенин аныктаган. Жалпы жонунан алганда «КТ Мобайлдын» насыялык карызы 143 млн. сомго чамалайт.

Эсеп палатасынын маалыматына караганда, 2018-жылы «КТ Мобайлдын» чыгашасы 53 млн. сомду түзгөн. Ишкананын олчойгон карызы болсо да жетекчилик 2018-жылдын декабрь айында эле 33 кызматкерге 2 млн. сомдон ашык каражатты айлык акы катары берген.

Эң жогорку маяна - 194 миң сомду Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин баласы Эрназар Иманкадыр уулу директордун орун басары катары алып турган. Ал баш-аягы «КТ Мобайлдын» жетекчисинин орун басары болуп иштеп турганда 787 миң сом айлык алган. Ал ишкананын айланысындагы чуудан кийин жумуштан кетип, алган маянасын кайра мамлекетке кайтарып берген.

Депутаттык комиссиянын мүчөсү Жанарбек Акаев комиссияда өкмөт башчыга ишенбестик көрсөтүү маселеси көтөрүлгөнүн айтып, бул окуя премьер-министрге сабак болушу керек экенин билдирди:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

«Комиссия «мындан ары мындай туугандашкан схема менен чоң-чоң долбоорлорду баштаганга болбойт. Иштин баары ачык-айкын, калыс болуш керек. Мындай долбоорлордон миллиондорду уурдаган жакшы эмес» деп эскертүү берип, премьер-министрди «апаптап», коррупциялык схеманы токтото алдык деп ойлойм. Эми мындан аркысы премьер-министрдин уятында. Комиссияда «өкмөт башчыга ишеним көрсөтпөөгө чейин барабыз» деген депутаттар бар болчу. Бирок көпчүлүгү «премьер-министрдин жана айрым жетекчилердин моралдык жоопкерчилиги каралсын» деп койду. Бул эми «өкмөт башчы, калганы сиздин уятыңызда» дегендей эле сөз болду. Эми ушундай иштерге аралашып, убагында көзөмөлдөй албай калганы үчүн өзү жоопкерчилик ала алабы же кол алдындагыларды жазалап эле тим болобу - бул өкмөт башчынын абийиринде».

«КТ Мобайл» 2003-жылы «Кыргызтелекомдун» карамагында негизделген. Акчалай каражаттын тартыштыгынан улам иштеп кете алган эмес. Дагы бир мамлекеттик компания – «Мегаком» бренди менен таанылган «Альфа-Телеком» жыштыкты бирге пайдалануу шарты менен «КТ Мобайл» компаниясын 345 млн. сомго каржылоону мойнуна алган. «Мегаком» ушуга чейин аталган каражаттын 168 млн. сомун которгон. Бирок «КТ Мобайл» компаниясы өз алдынча уюк байланыш оператору болгусу келгени «Альфа-Телекомго» жаккан эмес.

«Мегакомдун» жетекчиси Акылбек Жамангулов жаңы уюк байланыш операторун толук иштетиш үчүн 86 млн. доллар талап кылынарын жарыялаган. Эки ишкананын келишимине ылайык Кыргызстанда эми «Salam» бренди менен төртүнчү уюк байланыш оператору ишке киргени калды. Ал виртуалдык оператор катары иштей турганын Жамангулов айтып берди:

Акылбек Жамангулов.
Акылбек Жамангулов.

«Жол картасын бекитип, документтерге кол койдук. Буюрса 1-сентябрда бул долбоор иштей баштайт. Мурункудай 86 млн. доллар эмес, азыр 2 млн. долларга чейин каражат сарпталат. Бул долбоор «Мегаком» үчүн да, «КТ Мобайл» үчүн да финансылык жана башка жагынан алганда пайдалуу болот».

«КТ Мобайлдын» тегерегинде быйыл майдын башында ызы-чуу чыгып, алгач компаниянын жетекчилери чоң суммада маяна алып жүргөнү тууралуу маалымат катуу талкууга түшкөн.

Кийинчерээк премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы, «Ачык өкмөт» улуттук форумунун ошол кездеги катчысы Иманкадыр Рысалиевдин уулу Эрназар компаниянын директорунун орун басары болуп иштегени ачыкка чыгып, сынга алынган. 17-майда компаниянын директору Нурбек Мукамбетов менен анын орун басарлары иштен кеткени белгилүү болгон. Бул окуядан кийин Иманкадыр Рысалиев баласы Эрназар Иманкадыр уулу да жумуштан кеткен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG