Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:31

«КТ Мобайлдын» наркы, кечиккен киреше


Бишкек.
Бишкек.

Өкмөт 2018-жылы негиздеген «КТ Мобайл» мамлекеттик уюк байланыш компаниясы киреше бермек тургай өзүн актабай калганы боюнча маселе көтөрүлдү.

Депутаттар бул долбоорду сүрөгөнү үчүн өкмөт башчыны айыпташты. Ал эми Мухаммедкалый Абылгазиев коюлган дооматты четке кагып, жаш компания эми гана ирденип келе жатканын белгилеп, анын наркы кымбаттаганын кошумчалады.

Өзүн актабаган долбоорго каралган 345 млн. сом

«Кыргызтелеком» ачык акционердик коому 2018-жылы 2-ноябрда анын жыштыгы берилген «КТ Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коому менен иштешүү укугу үчүн тендер жарыялаган.

Аны «Мегаком» деген соода маркасы менен белгилүү «Альфа Телеком» компаниясы жеңип алган. Ал «КТ Мобайлды» иштетүүгө 345 млн. сом которууга милдеттендирилген.

Жогорку Кеңештин «Республика - Ата-Журт» фракциясынын лидери Мирлан Жээнчороев бул долбоор өзүн актабай калганы үчүн өкмөт жоопкерчилик тартабы деген маселени козгоду:

«Сиздин жетекчилигиңиз менен «КТ Мобайл» компаниясына 345 млн. сом которулган. Бүгүнкү күндө анын кирешеси 2020-жылдын үч айында 220 миң сом экен. Былтыр тапкан пайдасы 280 миң сом болуптур. Минтип жүрүп отурса, сиздер түзгөн бул компания 345 млн. сомду 382 жылда төлөп бүтөт экен. Ушундай бизнес-долбоор үчүн сиздин моралдык жоопкерчилигиңиз бар да?»

2018-жылы «Альфа Телеком» жана «КТ Мобайл» компаниялары келишим түзгөн. Ага ылайык, «Мегаком» «КТ Мобайл» ээлик кылган GSM стандартындагы жыштыктан пайдалануу укугуна ээ болгон.

Былтыр бул жаңы компаниянын менежменти өзүнө чоң маяна чегерип алганы боюнча чатак чыккан. Ага байланышкан ызы-чуудан кийин премьердин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин уулу Эрназар Иманкадыр уулу кызматтан кетип, былтыр беш айда алган 972 миң сом маянасын кайра мамлекетке кайтарган.

35 оорукананын акчасы

Парламенттин «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев 35 оорукана курула турган каражат өзүн актабаган долбоорго бөлүнүп, андан мамлекет пайда көрбөгөнүн билдирди:

«Былтыр өкмөт өтө дымактуу эки демилге менен чыккан. Алар - «КТ Мобайл» уюк байланыш компаниясы менен «Кыргыз туризм» ишканасын түзүү маселелери. Анан ушул эки долбоордун экөө тең мамлекетке эч кандай киреше алып келген жок. Экөөнө мамлекеттен 400 млн. сомдон ашуун каражат бөлүнүптүр. Ошол 400 млн. сомго биз 35 оорукана куруп алат элек. Бул өкмөттүн жетиштүү иш алып бара албагандыгы».

Өкмөт башчы дооматты четке какты

«Альфа Телеком» «КТ Мобайлга» башында 168 миллион сом которуп, андан соң 2020-жылга чейин жалпысынан 345 млн. сомду толук төлөп берген. Келишимге ылайык, компания ал акчаны кийин кайра төлөп берип, андан соң мамлекетке киреше алып келе баштамак.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев компаниянын баасы кымбаттаганын айтып, анын жыштыгына көз кызарткан компаниялар көп экенин белгиледи:

«Бул бизнес-долбоор Кудай буюрса жашайт. Азыр ошол «КТ Мобайлды» сата турган болсоң, анын баасы 2,5 млрд. сомго чейин чыгат. Азыркы кезде ал компаниянын жыштыгын сурап жаткандар толтура. Бирок биз «КТ Мобайлды» сата турган болсок, эртең анда мамлекеттик «Мегаком» компаниясына күч келип калат. Себеби, «КТ Мобайлдын» жыштыгын ала турган компаниялар - башка жактын компаниялары. Ошондуктан бул маселеге кылдат кароо зарыл. Азыр эми бул долбоорго бир жактуу карап, бир жактуу эле баа бере койгон туура эмес».

Уюктук жыштыкка байланыштуу маселе 15-майда «Ата Мекен» фракциясынын отурумунда да көтөрүлдү. Анда депутат Каныбек Иманалиев өкмөт мүчөлөрүнө уюк байланыш жыштыктарын сатуудан түшүүчү киреше коррупциянын айынан башкалардын чөнтөгүнө кетип жатканын эскертти:

«200 мегагерцти 700 сомго саттыңар. Мындан бир нече жыл мурда Темир Сариев министр болуп турганда «О» компаниясына 15 мегагерцти 4,5 млрд. сомго саткан. Силер 200 мегагерцти 700 сомго карматып жибердиңер. Абаны сатып акча кылууга жол турса, силер коррупциядан чыга албай жатасыңар».

Былтыр «КТ Мобайл» боюнча чатак чыкканда анын жалпысынан 111 миллион сом карызы бар экени аныкталган. «Мегакомдон» которулган 168 миллион сом карызды төлөөгө жумшалбай эле, айлык акыга коротулуп, калган акча банктарда сакталып турганы сынга алынган болчу.

Башында «КТ Мобайлды» өз алдынча уюк оператору катары түзүү ниети болуп, бирок анын «Мегаком» менен болгон чырынан кийин анын «Salam» оператору виртуалдык оператор бойдон калган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG