Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:02

Депкомиссия «КТ Мобайлдын» ишин иликтеп бүттү


«КТ Мобайл» компаниясы боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыкты.

Бул тууралуу 26-июнда парламенттин жыйынында депутат Курманкул Зулушев билдирди. Анын сунушу менен аталган маселе Жогорку Кеңештин жыйынынын күн тартибине кирди.

Комиссия май айында «Альфа-Телеком» мамлекеттик компаниясынын эсебинен «КТ Мобайлга» 345 миллион сом бөлүүнүн мыйзамдуулугун иликтөө максатында түзүлгөн.

«КТ Мобайлдын» тегерегинде ызы-чуу быйыл майдын башында чыгып, алгач компаниянын жетекчилери чоң суммада маяна алып келгени тууралуу маалымат катуу талкууга түшкөн.

Кийинчерээк премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы, «Ачык өкмөт» улуттук форумунун ошол кездеги катчысы Иманкадыр Рысалиевдин уулу Эрназар компаниянын директорунун орун басары болуп иштегени ачыкка чыгып, сынга алынган.

17-майда компаниянын директору Нурбек Мукамбетов менен анын орун басарлары иштен кеткени белгилүү болгон.

Иманкадыр Рысалиев уулу 30-майда беш айда алган маянасын кайтарганын, анын суммасы 787 620 сомду түзгөнүн жарыялаган. ​

Талаш-тартыш жараткан «КТ Мобайл» - 2003-жылы түзүлүп, бирок ушул күнгө чейин иштебей келген «Кыргызтелекомго» караштуу ишкана. Ал «Мегаком» брендин алып жүргөн «Альфа Телеком» менен жарым жылдай мурдараак келишим түзгөн. Ага ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Кийин эки компаниянын ортосунда келишпестик пайда болгон.​

Буга чейин депутаттык комиссиянын алгачкы жыйынында "КТ Мобайлды" каржылоону тездетүү чечимин кабыл алууга мажбурлоого байланышкан жагдайлар ашкере болгон.

"Альфа-Телеком" мамлекеттик компаниясынын жетекчиси Акылбек Жаманкулов "Ачык өкмөт" уюмунун жетекчиси, премьер-министрдин бажасы Иманкадыр Рысалиев тиешелүү мамлекеттик органдарда жыйын өткөрүп, анын талабына көнбөгөнү үчүн коркутуп-үркүтүүгө чейин барганы тууралуу айтып чыккан.

Иманкадыр Рысалиев муну жалган жалаа катары баалап, каралоо аркылуу аталган долбоорду ишке киргизүүнү үзгүлтүккө учуратуу максаты турат деп билдирген. Кийинчирээк ал иштен кеткен.

18-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Азаттык” радиосуна “КТ Мобайл” компаниясы кандай болгон күндө да ишке кириши керек деген пикирин билдирген.

"Бул мамлекеттик долбоор. Аны аягына чейин жеткиришибиз керек. Чарбалык, экономикалык маселени саясий маселеге айлантып жатканыбыз туура эмес", -деген Абылгазиев.

Өкмөт башчы бул долбоорду өзү колдогонун, маселени иликтеп жаткан депутаттык комиссиянын тыянагын күтүү керектигин жана туугандары аралашканы жөнүндө маалыматтарды тастыктоо зарылдыгын айткан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG