Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

«КТ Мобайлдын» ишин парламент иликтейт


«Мегаком» ишканасы.
«Мегаком» ишканасы.

Жогорку Кеңеште «Альфа-Телеком» мамлекеттик компаниясынын эсебинен «КТ Мобайл» компаниясына 345 млн. сом бөлүүнүн мыйзамдуулугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.

Парламенттин 15-майдагы жыйынында анын курамына ар бир фракциядан өкүл көрсөтүү маселеси карала турган болду. Анда бир мамлекеттик компаниянын эсебинен экинчи бир мамлекеттик мобилдик байланыш операторун ачуу долбоорунун артында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин туугандары турган жагдайга баа берүү маселеси сунушталды. «КТ Мобайл» компаниясынын жетекчилиги болсо 345 млн. сом анын жыштыгын чогуу иштетүү боюнча тендердин негизинде алынганын жана бул иш мыйзамдуу экенин билдирген болчу.

Депутаттык комиссия түзүү боюнча демилге

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун уюк жыштыгына ээ болгон «КТ Мобайл» ишканасы боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылды. Депутат «Альфа-Телеком» мамлекеттик компаниясынын эсебинен 345 млн. сомго каржыланган бул мобилдик оператор ишин баштабай жатып, топ-менежерлерге олчойгон маяна чегерген жагдай толук иликтенишин талап кылды. Ал «бул долбоорду ишке ашыруунун артында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин туугандары турат» деген маалымат көптөгөн күдүк ойлорго түртүп жатканын белгиледи:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

««Кыргызтелекомдун» жаңы эле түзүлгөн «КТ Мобайл» компаниясы «Мегакомдон» 345 млн. сом алып, иш баштала электе эле олчойгон маяна алып отурганы ачыкка чыкты. Эмне үчүн бул мамлекеттик үлүшү бар ишканага караштуу жоопкерчилиги чектелген коом башка бир мамлекеттик компаниядан 345 млн. сом алып жатат? Эмненин негизинде ошондой чечим чыкты? Мындай чечимге кимдердин кызыкчылыгы бар? Парламент депутаттык комиссия түзүп, муну текшериши керек. «КТ Мобайлдын» артында кимдер турат? Биздин угушубузга караганда «өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин жакын туугандары аралашкан» деген сөздөр чыгып жатат. Алардын балдары, бажалары, бажаларынын балдары дегендей... Биз ошонун баарын териштирип, мүмкүн болсо парламент ага баа бериши абзел».

Маани берилбеген иштин жагдайы

Парламенттин КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков мамлекеттик үлүшү бар «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомуна таандык уюк жыштыктарына байланыштуу кыңыр иштерге Жогорку Кеңеш буга чейин маани бербей, өкмөт болсо ага тоскоолдук кылып келгенин эске салды:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

««Кыргызтелекомдун» ичиндеги кыңыр иштер боюнча мен кезинде аныктама даярдаган элем. Бирок парламенттин Танспорт комитетиндеги депутат-кызматташтарым ага көңүл бөлүп колдобой коюшкан. Ал жерде 8 кылмыш иши козголгону тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысынын маалыматы бар болчу. Мен бул маселени көтөрсөм, мени жөн эле жерден жалганчы кылып коюшкан. Ал эми ошол сегиз кылмыш иши азыркы күнгө чейин сотко өтпөй турат. Ал жерде «КТ Мобайл» да бар болчу. Андагы жыштыктардын сатылышы боюнча чоң мандем бар эле. Премьер-министрге кат жазсам, ал өзүнүн орун басары Кубатбек Бороновго жөнөтүп койгон. Боронов болсо «бул иштер сотко өткөн эмес» деген гана жооп кайтарып коюптур. Ошол кыңыр иштердин баары эми сыртка калкып чыгып жатат».

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов экономикалык жактан натыйжалуу болбогон бул долбоордун жагдайларын ачык иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу демилгени колдоп чыкты:

Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

««Мегаком» азыр мамлекеттик ишкана. Анан анын башка бир мамлекеттик компанияны каржылашы, башка бир мобилдик оператор түзүүнүн кереги жок болчу. Анткени каражат чаржайыт чыгымдалып, натыйжалуу иш болушу кыйын. Бул ошол чоң акчаны бөлүп алып, аны ысырап кылуу эле. Мен бул жерден башка бир экономикалык пайдалуу негиздемени көрбөй турам. Ошондуктан бул ишти иликтеп чыгып, ага ачык-айкын баа берүүнү колдойм».

Ошол эле кезде Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков «Кыргызтелекомго» караштуу «КТ Мобайл» компаниясына байланыштуу жагдайларды иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу демилге парламенттеги тиешелүү комитеттин же фракциянын атынан гана көтөрүлө турганын эскертти:

Дастанбек Жумабеков.
Дастанбек Жумабеков.

«Мен бул маселеге каршы эмесмин. Бирок биз бул жерде болгону регламент боюнча кетели. Эгерде фракциянын чечими же болбосо тиешелүү комитеттин чечими болсо, анда бул маселени парламенттин жалпы жыйынына алып чыгып, ошол жактан палата убактылуу депутаттык комиссия түзүү боюнча маселени чечет. Депутаттык комиссия түзүүнү палатанын жалпы жыйыны гана карап чыгып, ал берилген добуштун жыйынтыгы боюнча чечилүүгө тийиш».

Ошентип, азырынча бул маселе кайсы комитет же фракция тарабынан көтөрүлүшү мүмкүн экени чечиле элек.

Буга чейин Кыргызстандын мобилдик рыногуна төртүнчү оператор катары киргени жаткан «КТ Мобайл» компаниясынын директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулунун атасы, мурдагы министр Иманкадыр Рысалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен бажа экенин ырастаган болчу. Бирок ал бул долбоорду жетектөөгө уулунун келишине анын тиешеси жок экенин айткан.

Өкмөттүн жообу

Маселе талкууланып ждатканда кыргыз өкмөтү «Ачык өкмөт» эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы экендигин ырастады. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

«Бирок Рысалиевдин уулу Эрназар «КТ Мобайл» компаниясынын директорунун орун басары экендигин Абылгазиев ушул кезге чейин билген эмес. Бул жагдайда өкмөт башчы, ал (Эрназар) кызматтан кетиши керек деп эсептейт», - деди ал.

Андан тышкары «КТ Мобайл» компаниясынын кызматкерлеринин ири өлчөмдөгү маянасы тууралуу да маалымат чыккан. Адилет Султаналиевдин айтымында, Абылгазиев айлык өлчөмүнө байланышкан маселени да текшерүүнү тапшырды.

«КТ Мобайл» 2003-жылы «Кыргызтелекомдун» карамагында негизделген. Жыштыктарга ээ болгону менен каржы тартыштыгынан улам иштеп кете алган эмес. «Альфа-Телеком» анын жыштыгын биргеликте пайдалануу шарты менен «КТ Мобайл» компаниясын 345 млн. сомго каржылаган. Бирок кийин «Альфа-Телеком» укуктук маселелердин чыгышына байланыштуу былтыр жыл аягында «КТ Мобайл» менен түзүлгөн келишимди кайра карап чыгууга ниеттенип жатканын жарыялаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG