Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:22

Келишимдеги келишпестиктердин төркүнү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«КТ Мобайл» компаниясынын жетекчилиги «Мегаком» мобилдик оператору менен биргеликте кызматташуунун шарттары боюнча маалымат берди.

Бирок бул долбоорду ишке ашырууга карата каралоо жүрүп жатканын айткан топ-менежмент анын экономикалык негиздемеси жана келишимдин шарттары боюнча кеңири түшүндүрмө бере алган жок.

Ал эми «Мегаком» соода маркасы менен белгилүү «Альфа-Телеком» компаниясы келишимде жыштыкты чогуу пайдалануу макулдашылганын, бирок «КТ Мобайл» азыр өз алдынча байланыш оператору катары чыгууну көздөп жатканын белгилеген. Эркин эксперттер бул долбоорду ишке ашырууда коррупцияга байланышкан кооптуу жагдайлар болгонун эскертишти.

«Асман чапчыган» айлык акы

«КТ Мобайл» компаниясынын жетекчилиги Кыргызстандагы атаандаштыкты кеңейтип, өлкөдөгү төртүнчү мобилдик байланыш оператору катары долбоорду ишке ашыруунун астында кайсы бир күчтөрдүн каралоосуна кабылганын жарыялап чыкты. Буга чейин аталган али ишке кирише элек мамлекеттик компаниянын топ-менежерлерине 350 миң сомго чейин маяна чегерилгени тууралуу маалыматтар Интернеттеги социалдык тармактарда тараган.

«КТ Мобайл» компаниясынын директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу Интернетке чыккан маалымат жалган экенин айтып, бирок айлык акы боюнча табелди көргөзгөн жок:

Эрназар Иманкадыр уулу.
Эрназар Иманкадыр уулу.

«Биздин компаниядагы эң жогорку маяна 157 миң сом. Эң төмөнкү айлык 18 миң сом. Орточо айлык 35-40 миң сом. Телекоммуникация рыногунда атаандаштык күч экенин түшүнүшүңүздөр керек. Биз мыкты кызматкерлерден үнөмдөй албайбыз. Аз маянага сапаттуу иш кыла турган адистер келбейт. Биздин команда азыркы күндө 27 адамдан турат. Бул чынында эң эле аз ресурс».

Келишимдеги келишпестиктер

Келишпестиктер биринчи кезекте «КТ Мобайл» ээ болгон жыштыкты колдонуу боюнча «Альфа Телеком» компаниясы менен түзгөн келишимден келип чыккан келишпестиктерге байланыштуу экени айтылды. «КТ Мобайл» компаниясынын директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу келишимде жыштыкты «Альфа Телеком» менен бирге пайдаланып, кирешени гана бөлүшүү жагы каралганын белгиледи:

««Мегаком» менен түзүлгөн келишимдин шарттарында «КТ Мобайл» өз алдынча мобилдик оператор катары жыштыктардан чыгууга укугу бар экендиги даана жазылып турат. Буга байланыштуу «Мегакомдун» биздин жыштыктарды алыш үчүн 345 млн. сом төлөп бергени тууралуу билдирүүсү бизге түшүнүксүз. Бул андай эмес. Анан дагы «Мегакомдун» «биздин долбоорду чогуу иштетиш үчүн 86 млн. доллар чыгым талап кылынат» деген позициясы да туура эмес. Бул долбоорду ишке киргизиш үчүн «Альфа-Телеком» тарабынан эч кандай капиталдык чыгымдар талап кылынбайт».

«Кыргызтелеком» ачык акционердик коому өзүнө караштуу «КТ Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коому менен иштешүү укугу үчүн былтыр жыл аягында тендер жарыялаган. Сынактан утуп чыккан «Альфа Телеком» компаниясы өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. «Мегаком» соода маркасы бул үчүн «КТ Мобайл» компаниясы ээлик кылган GSM стандартындагы жыштыкты пайдалануу укугуна ээ болгон. «КТ Мобайл» жоопкерчилиги чектелген коому жарым виртуалдык негизде жыштыкты бирге пайдаланып, «Мегакомдун» байланыш жабдууларынан пайдалануу менен тапкан кирешенин 67 пайызын акча бөлгөн өнөктөшүнө төлөөгө милдеттенген.

«Мегаком» позициясын эми тактады

«Альфа Телеком» компаниясынын укуктук маселелер боюнча директору Айнура Жумашева өз ара келишпестиктен улам келишимдин шарттарын кайрадан карап чыгууга туура келерин билдирген болчу:

«Мегаком» ишканасы.
«Мегаком» ишканасы.

«Чынында биз бирге иштешүүнү бир аз башкача элестеткенбиз. Ал эми «КТ Мобайл» өзүнүн менчик байланыш тармагын өнүктүрүүнү көздөп жатат. Ал өз алдынча абоненттерге ээ болуп, Кыргызстандагы төртүнчү уюк оператору катары ишке кирүүнү максат кылууда. Башкача айтканда биз же башка операторлор сыяктуу, кадыресе компания катары рынокко чыгууну көздөп турушат. Андан да «мына азыр, тез арада иш баштайбыз» деп жатышат. Ишти башташ үчүн биз да өзүбүзгө зыян келбегидей каржы чыгымдарын бөлүшүбүз керек да, туурабы? Келишим 10 жылга түзүлгөн. Жогоруда айткандай, биз аукционго катышканда алар менен башкача шарттарда иштешүүнү пландаганбыз. Ошондуктан «Мегакомго» зыян келтирбеш үчүн, биздин компаниянын кызыкчылыктары бузулбашы үчүн азыр биз ушул жагдайларды талкуулап, келишимдин шарттарын деталдуу карап чыгууга аргасыз болуп жатабыз. Бизге да, аларга да пайдалуу болгондой сунуштар каралууда. Ошондон кийин гана кызматташтыгыбыздын кийинки багыттары аныкталат».

Коррупциялык коркунучтар

Антсе да компаниянын топ-менежери Эрназар Иманкадыр уулу «КТ Мобайл» компаниясы мамлекеттик үлүшү бар «Кыргыз телеком» ишканасынын астында кандайча жоопкерчилиги чектелген коом катары түзүлгөнү боюнча түшүндүрмө берген жок. Ошондой эле анын башка бир мамлекеттик ишкана болуп саналган «Мегаком» мобилдик операторунан 345 млн. сом каражат алып, жеке өнүгүшүнө жумшоо максаты дагы күмөн жаратты. Коррупцияга каршы ишкер кеңештин баш катчысы Нурипа Муканова бул долбоордо коррупцияга байланышкан кооптуу жагдайлар бар деген тыянак чыгарды:

Нурипа Муканова.
Нурипа Муканова.

««Кыргызтелеком» акционердик коом болгондон кийин мындай маселени ал жакта акционерлер жыйыны жана директорлор кеңеши чечүүгө тийиш болчу. Башкармалыктын жетекчиси эле баарын өзү каалагандай чечип сала албайт болчу. Анткени «Акционердик коомдор тууралуу» мыйзамга ылайык, буга окшогон маселелер бир жактуу эле шартта чечилбейт. Жетекчи бул жерде акционерлер жыйыны жана директорлор кеңеши менен макулдашуусу керек эле. Бул жерде коррупцияга байланышкан кооптуу жагдайла бар. Себеби компаниянын активдерине кире турган жыштыктарга бул компания ээ болуп жатат. Анын менчик формасы жана башкаруу түзүмү да так эмес. Анткени бул жерде «Кыргызтелеком» мамлекеттик ишканасынын астында жоопкерчилиги чектелген коом түзүлгөнү да түшүнүксүз».

«КТ Мобайл» 2003-жылы «Кыргызтелекомдун» астында негизделген. Жыштыктарга ээ болгону менен каржы тартыштыгынан улам иштеп кете алган эмес. Компания жыштыктарды кармап турганы үчүн байланыш агенттигине 170 миллион сом карыз экени белгилүү. Мындан сырткары байланыш оператору ишке кирсе, компания түшкөн пайданын 67 пайызын «Мегакомго» төлөө милдети турат. Ушундай шартта «КТ Мобайл» компаниясынын жетекчилиги долбоор 1,5 жылда өзүн актайт деп ишендирүүгө аракет кылууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG