Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-июнь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 05:53

Кыргызстанда интернет-провайдерлер көбөйдү


Кыргызстандагы көбүрөөк таанымал жана негизги интернет-провайдерлер.

Жыл башынан бери Кыргызстандагы интернет-провайдерлердин иши артка кетти. Дүйнөлүк желени колдонуу көбөйгөнү менен аны жеткиргендердин кирешеси кемий түшкөнү байкалды. Анткени абоненттердин саны мурдагыдай эле, бирок алардын талабы чоң болду.

Негизи өлкөдө провайдерлер жылдан-жылга көбөйүп жатканы жана кирешеси да арбыганы байкалган.

«Элдик экономика» түрмөгү бул жолу Кыргызстандагы интернет-провайдерлердин мүмкүнчүлүктөрүнө, көйгөйүнө жана келечегине арналды.

Салык түштү, демек киреше да азайды

Коммерциялык сыр болгону үчүн адатта жеке сектордун кирешеси тууралуу маалыматтарды алуу мүмкүн эмес. Өздөрү ачыкка чыгарган учурдан башка жагдайда жалпылап кеп кылууга туура келет. Ошол себептен биз интернет-провайдерлердин ишин алардын салыгына карап талдап көрөбүз. Салык дегенде да, алардын бир бөлүгүнүн гана төлөмдөрү колго тийди.

Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстандагы 14 провайдердин 2020-жылдын алгачкы үч айында төлөгөн салыктары менен бөлүштү. Ал өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу бир топ азайганы байкалат.

Мекеменин басма сөз катчысы Эркин Сазыков «Азаттыкка» буларды билдирди:

Эркин Сазыков.
Эркин Сазыков.

«Интернет-провайдерлер 2020-жылдын биринчи кварталында Кыргызстандын бюджетине 203,1 млн. сом салык чегеришкен. 2019-жылдын алгачкы үч айындагы маалыматты алып көрсөк, бул сумма 359,2 млн. сомду түзгөн. Башкача айтканда, быйыл алардын салыгы кыйла азайганы көрүнүп турат. Муну биз карантиндик жагдайга байланыштуу болуш керек деп ойлойбуз, бирок башка да себептери болушу мүмкүн».

Салык кызматы мындагы ишканалардын ар биринин салыктарын өзүнчө бөлүп көрсөткөн жок. Бирок ушул эле мекеменин маалыматына таянып, «Тазабек» финансылык басылмасы кеп болгон 14 провайдердин көрсөткүчтөрүн деталдуу жарыя кылды.

Ага ылайык, эң ири Интернет жеткирүүчү «Кыргызтелеком» ачык акционердик коому былтыр январь-февраль-март айларында 103,9 млн. сом салык төксө, быйыл аталган үч айда 80 млн. сом салык берген.

Кыргызтелеком.
Кыргызтелеком.

Компания быйылкы салык азайбаганын, болгону 2019-жылы мурдагы жылдарга карата салык кошумча төлөнгөнүн билдирүүдө. «Кыргызтелекомдун» өкүлү Чынара Усупбаева бул жөнүндө кыскача маалымат берди.

«2019-жылдын I кварталы менен 2020-жылдын 1 кварталында төлөнгөн салыктын ортосундагы айырма 2013-2015-жылдар үчүн резидент эместерге салыкты толуктап төлөөнүн эсебинен болуп жатат», - дейт ал.

Интернет рыногундагы дагы бир ири компания болуп саналган «Акнет» да салыктагы айырмачылыкты ушундай эле түшүндүрүп жатат. Соңку бир-эки жылдан бери ички талаш-тартыштарга, соттошууга кабылып келген бул фирма былтыр үч айда 196,2 млн. сом төлөсө, быйыл бул мөөнөттө 54,2 млн. сом гана төккөн.

"Акнет" компаниясы.
"Акнет" компаниясы.

«Сиз айтып жаткан 196,2 млн. сомдун 150 млн. сому - Финполициянын текшерүүсүнөн кийин толуктап төлөнгөн салык. Башкача айтканда бул мурдагы жетекчиликтин ага чейинки жылдары жашырган салыктары болуп саналат. А факт жүзүндө былтыр биринчи квартал үчүн 46 млн. сом салык төлөнгөн. Ошондуктан бизде салыктын азайышы жок, тескерисинче көбөйүп жатат», - деди «Акнет» компаниясынын башчысы Нурбек Абасканов «Азаттыкка».

Деген менен «Тазабек» сайты жазгандай, «Сайма Телеком», «Эл Кат», «Мега-Лайн» (Mega-Line), «Азияинфо», «Huawei Technologies Bishkek Co.Ltd», «АйПиНет» (IP NET), "Integra plus", ZTE KYRGYZSTAN, «Кыр Рос Ком» компанияларынын салыктары да быйыл үч айда кескин азайган. Ал эми «Ак-Тел», «Винлайн», «Neo Tech» аттуу фирмалардыкы төлөмү нөлгө түшүп калган.

Тизмедегилердин айрымдары интернет-провайдер эмес экендиги белгилүү. Бирок алар провайдерлерге жабдууларды жана техникаларды жеткирген фирмалардын болгондуктан, ушул тизмеге кошулгандай.

Кантсе да биз салыктын азайганынан компаниялардын кирешеси да азайганын боолголосок болот. Бирок буга эмне себеп болду? Тескерисинче, өлкөдө киргизилген өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шартында Кыргызстанда интернет колдонгондор ансайын көбөйбөдү беле?

Бул суроого Интернет тармагында адистешкен «КейДжи Лабс» коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири Азиз Солтобаев жооп берүүгө аракет кылды.

Азиз Солтобаев.
Азиз Солтобаев.

«Биринчиден, интернет-провайдерлерге валюталык олку-солкулук таасир этти. Анткени алар Интернетти чет жактан доллар менен сатып алышат, ал эми жергиликтүү колдонуучуларга сом менен сатышат. Демек, доллар өсүп кеткени менен алар кардарларынан мурдагыдай эле акчаны алып жатышат. Сыягы интернет-провайдерлердин кирешесинин бир бөлүгүн ушул девальвация жеп салды окшойт. Экинчиден, пандемия алардын жүгүн арттырды. Интернетти өткөрүү сыйымдуулугу кайсы бир чекте турса, ал азыр ашып кетти. Бул кошумча ресурстарды, финансыны талап кылат. Башкача айтканда күч келгенден улам инфратүзүм жабыркады, провайдерлер авариялык жагдайларды оңдош үчүн кошумча чыгымдарга кабылды дегендей. Баары Интернетте отургандан улам анын сапаты да төмөндөп кеткени белгилүү. Кыскасы Интернетти колдонуу арбыды, ал эми абоненттерди тейлөө ошол эле тарифтик планда аткарылып жатат», - деди адис.

Жөнөкөй тил менен айтканда колдонуучулардын саны мурдагыдай эле, акыны бирдей суммада төлөшүүдө. Бирок үйдө отургандыктан иштеткен трафиги көбөйдү. Ал эми компаниялар абоненттерден баштагыдай эле акча алып жатат, бирок өзү трафик сатып алган чет элдик компанияларга арбыган ресурс үчүн көбүрөөк акы төлөөгө аргасыз болууда.

Жыйымдардын жети жылдык эсеби

Колубузда бардык интернет-провайдерлердин киреше-чыгашасы болбогону үчүн биз кайра эле 14 компаниянын жыйымдары тууралуу маалымат менен сөзүбүздү улантабыз. Эгер андан быйылкы көрсөткүчтөрдү бөлүп салсак, жыл сайын алардын салыгы көбөйүп келгени байкалат.

Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков кайра кепке кошулду.

«Албетте, фирмалардын ар биринин ишмердүүлүгүнө жараша салык кээ бириники көбөйгөн, айрымдарыныкы азайып отурат. Бирок жалпы жонунан өсүш бар. Маселен, кеп болгон 14 фирма 2013-жылы 483 млн. сом, 2014-жылы 521 млн. сом, 2015-жылы 546 млн. сом, 2016-жылы 690 млн. сом төккөн. Андан кийин төгүмдөр бир аз азайып, 2017-жылы 633 млн. сом, 2018-жылы 620 млн. сом төлөшкөн. Ал эми 2019-жылы аталган фирмалар баары биригип 976 млн. сом салык төгүшкөн», - деди ал.

Демек, интернет-провайдерлердин бир бөлүгүнүн эле статистикасы жети жылда аталган тармактагы фирмалардын салыгы эки эсе көбөйгөнүн айгинелеп турат. Мурдараак келтирген логикага салсак, демек аларда киреше да көбөйүп жатат десек болмок. Бирок адистер киреше өтө көп арбып кетпегенин, тескерисинче салыктын суммасы чоңойгонун белгилешет.

Кыргызстандагы байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Күрөңкеев буларды белгиледи:

Айбек Күрөңкеев.
Айбек Күрөңкеев.

«Биринчиден, биздин операторлор роуминг үчүн кошумча нарк салыгын төлөшөт. Ар бир оператор бул үчүн олчойгон сумма берет. Экинчиден, интернет-провайдерлер жана байланыш операторлору сатуудан түшкөн салыкты да өтө көп төлөп жатышат. Биздики 1-2% эмес, 5%. Бул өтө көп. Үчүнчүдөн, Байланыш агенттигине атайын лицензиялык жыйым үчүн 0,9% төлөм бар. Башкача айтканда ар бир тапкан сомубуздун 0,9% бюджетке кошумча беребиз. Бул операторлор үчүн, бизнес үчүн өтө чоң жүк болуп турат. Качан караба, салык-жыйым, салык-жыйым. Жыштыктарды сатып алуу да мурдагыдай болбой, азыр аукцион аркылуу өтүп калган. Башта 1-2 миң сомго сатып алган жыштыктарды азыр 200-300 миллион сомго сатып алышат. Мына ушуларды эске алганда операторлордун салык жана салыктык эмес төгүмдөрү жылдан-жылга көбөйүп жатат. Негизинде бул түйүндөрдү өнүктүрүүгө, инфратүзүмдү оңдоого жумшалып, инвестиция катары кызмат кылышы керек эле».

Тиешелүү мамлекеттик мекемелер да байланыш операторлоруна жана интернет-провайдерлерге коюлган айрым төлөмдөр кымбатыраак экенин мойнуна алышат. Бирок бийлик органдары бизнес баары бир салык төлөшү керек деген жүйөнү карманат.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун орун басары Замирбек Мамбеталиев мындайча сөзгө кирди:

Замирбек Мамбеталиев.
Замирбек Мамбеталиев.

«Чынында, байланыш операторлору үчүн коюлган сатуудан түшкөн салык эң жогорку болуп саналат жана 5% түзөт. Учурда бул коюмду төмөндөтүү боюнча демилге көтөрүү маселеси каралууда. Анткени операторлордун кирешеси жылдан жылга азайып жатканы белгилүү. Ал эми 0,9% көлөмдөгү жыйым салыктык эмес кирешелерге кошулат жана ал байланыш тармагын өнүктүрүүгө багытталат. Байланыш оператору бюджетке берилчү бардык төлөмдү жоготууга учураган инвестиция катары көрөт. Бирок ал андай эмес, себеби мыйзам тарабынан бекитилген төлөмдөр бар жана аны финансылык жылды пландоодо байланыш оператору инвестиция тартуу сыяктуу эле милдеттүү түрдө эске алат».

Албетте, жалпы интернет-провайдерлердин салыктарынын санагын чыгарганыбызда жагдай мындан да башкача көрүнмөк. Же ага мобилдик Интернет тараткан байланыш операторлорунун төлөмдөрүн кошкондо, талдообуз жаңы өңүттө уланышы мүмкүн эле.

Провайдерлердин бүгүнкүсү жана эртеңкиси

Эми провайдерлердин жалпы санына жана алардын абоненттеринин эсебине келели.

Байланыш агенттиги жана бул жааттагы адистер билдиргендей, интернет-провайдерлер соңку беш-он жылда көбөйдү. 2010-жылдары Кыргызстанда 50дөй мекеме Интернет жеткирүү менен алектенсе, 2020-жылы алардын саны 75ке жетти. Алардын арбышына өлкөгө Интернет оптикалык була линиясы тартылганы жана содоа-сатыктагы атаандаштык себеп болгондой.

Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун орун басары Замирбек Мамбеталиев расмий эсептерди келтирди.

«Учурда Кыргызстанда 75 интернет-провайдер ишмердүүлүк жүргүзөт. Аларда жалпы 5 774 869 абонент бар, анын 88,8% мобилдик Интернет колдонгондор түзөт. Ал эми Интернет зым аркылуу 600 000 абонентке жеткирилген, бул жалпы көрсөткүчтүн 9,23% түзөт», - деди ал.

«Megacom» соода маркасына «Альфа Телеком» ишканасы ээлик кылат.
«Megacom» соода маркасына «Альфа Телеком» ишканасы ээлик кылат.

Демек, провайдерлерликке же Интернет жеткирүүгө лицензиясы бар компанияларга негизги үч уюк оператору - «Альфа Телеком» (Мегаком), «СкайМобайл» («Билайн»), «НУР Телеком» («О») оператору кире турганын аңдагандай болдук. «Кыргызтелекомдун» алдында ачылган «КТ Мобайл» («Салам») оператору да ушулардын катарында.

Мындан сырткары, тизмеде жогоруда келтирилгендей «Кыргызтелеком» өзү, «Азияинфо», «ЭлКат», «АКНЕТ», «САЙМА ТЕЛЕКОМ», «Экстра лайн», «КырРосКом», «ДАН», «Кыргыз Транзит Телеком», «Айвори» («Aiwory»), «ФастНет» («FastNet»), «АйПи Нет» («IP NET»), «Мега-Лайн», «ИнтерЛинк» компаниялары бар.

Башка «Ай-Спэйс» («I-Space»), «МДН групп», «Трансфер Групп», «Трансфер Лтд.», «Азия Юником», «Айтел», «Арма Медиа Групп», «Арма Медиа Групп», «ВизорЛайн», «ГлобалАзия Телеком», «Ипсвич», «ИСАТЕЛ», «Нетлайн», «Промэнергосервис плюс», «ТелКомДата», «Сатком», «Скайнет Телеком», «Тимур-Темучин», «Флайнет», «УниЛинк» («UniLink»), «Кыргыз Транс Телеком», «Абател», «Анфея», «Солидно», «Статер», «К-СПОРТ», «ИнформКоммуникейшнс», «Смарт Коннект ЛТД», «ExNet» провайдерлик кылат.

Ошондой эле өйдөдө айтылган Байланыш операторлорунун ассоциациясында, «Ак-Башат» аттуу долбоорлоо институтунда, «АКНЕТ аттуу илимий-компьютердик ассоциациясында», «РЦТ» радио-техника борборунда, «Долон ТВ», «Ала ТВ» медиаларында, «Интернет коомчулугунун кыргыз бөлүмү» бирикмесинде, «Транском» мамлекеттик мекемесинде, «ТелСервис ЛТД» бирикмесинин филиалында, «Энерго Сервис Строй» ишканасында, Лукашкин Евгений Игоревич аттуу жеке ишкерде да Интернет таратуу укугу бар.

Дүйнөлүк желени ташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон ишканалардын катарында ошондой эле көпчүлүккө анча белгилүү эмес, «Комсервис», «Джи-Нэт», «ТЕЛСТРОЙ», «ФастЛайн», «Оптима-Телеком», «Миракс ГРУПП», «БАСАМА», «Кейджи-Айикс», «ВиНЭТ», «ФайберЛинкс», «КомпСервис плюс», «ТРК жана Ко», «ТЕЙЯ», «СКАЙНЕТ ГРУПП», «Ласт Майл», «Эконет», «РЕТН» атуу жоопкерчилиги чектелген коомдор да кирет. Белгилүү «Хомлайн» («Homeline») ушулардын ичиндеги бир фирманын соода маркасы болуп саналат окшойт, анткени Байланыш агенттиги берген тизмеден аны таба алган жокпуз.

Булардын ичинен он компания интернетти Казакстандан, Кытайдан жана Орусиядан тартып келет. Калгандары ошолордон трафик алып, андан ары таратууну тейлейт. Бирок ушунча узун тизме туруп интернет-провайдерлер азырынча өлкөнүн бардык аймактарын кабелдик Интернет менен камсыз кыла албайт. Негизинен «Кыргызтелеком» гана көпчүлүк аймакты камтыйт.

Ал эми өлкөнүн ар бир бурчуна, тоолуу айылдардагы ар бир үйгө чейин интернет жеткирүү мүмкүнбү? Ал канча жыл кетиши мүмкүн? Бул суроого кайра эле Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун орун басары Замирбек Мамбеталиев жооп берди.

«Бардык айылга кабелдик Интернет жеткирүү канчага созуларын так айта албайм. Анткени тоонун арасында, өтө алыс жайгашкан айылдар көп. Ал жакка линия тартуу аябай татаал болот. Мисалы, Кумтөр жакка кетип бараткан жакта Эңилчек деген айыл бар. Ал жерге Интернет жеткирүү өтө кыйын. Буга чоң киреше да керек. Компаниялар ал жактан киреше таба албаса, жөн эле тартып да барышпайт да. Келечекте оптика арзандап, технология жакшырса балким бүт айылдарга жеткириши мүмкүн. А бирок азыркы учурда биздикиндей тоолуу рельефте тоолорду аралап жеткирүү чоң ресурсту талап кылат», - деди ал.

Ооба, мындай караганда бул милдет азырынча реалдуу эместей көрүнөт. Реалдуу болсо да ага кеминде 10-20 жыл, болбосо 30-40 жыл керектей. Мындай ойго «Акнет» компаниясынын башчысы Нурбек Абасканов да кошулгандай болду:

Нурбек Абасканов.
Нурбек Абасканов.

«Бул жерде инвестиция маселеси турат. Ашыкча, кеңири акчабыз болушу керек. Биз азыр мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша акча табарыбыз менен жаңы райондорго киргенге аракет кылабыз. Учурда Чүйдө Кара-Балтадан Кеминге чейин, анан Ош шаарын да камтыганбыз. Ал эми жалпы өлкөгө таратуу бизди жөнгө салып жаткан Мамлекеттик байланыш агенттигинен көз каранды болот. Алар провайдерлерди кандай колдойт, кантип жардам берет - ошого ылайык ишке ашат. Айылдарда маселен линияларды биз электр мамычалары аркылуу алып өтөбүз, ар бир түркүккө ижара төлөөгө туура келет. Ал эми үйлөр алыс болгондуктан эки үйгө Интернет тартыш үчүн бир нече мамычага тартып өтүш керек. Мунун баары кошумча чыгаша, кокус абонент кошулбай койсо, биз бекер эле зым тартып алган болобуз. Башкача айтканда мына ушундай факторлордон да көз каранды».

Мамлекеттик байланыш агенттигинин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө мобилдик Интернеттин 2G кызматы 98,79% аймакты, 3G кызматы 90,62%, 4G кызматы 71,81% аймакты камтыйт. Башкача айтканда 2068 конуштун 25инин жашоочулары гана Интернетке телефондон кире алышпайт экен. Бирок реалдуу көрсөткүчтө уюк байланышындагы Интернет жетпеген айылдар мындан көп экени айтылып келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG