Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:06

Тажикстанда Интернет кымбаттады


Тажикстанда мобилдик Интернеттин баасы кымбаттап, элдин нааразылыгын жаратты. Өкмөткө караштуу Антимонополия кызматынын тарифти көтөрүү тууралуу чечими ишке ашырыла баштаганы ишембиде ачыкка чыкты.

Тажикстанда мобилдик Интернет менен телефондук сүйлөшүүлөрдүн тарифин көтөрүү боюнча Антимонополия кызматынын буйругу 14-апрелде күчүнө кирди. Анын негизинде бир гигабайт Интернеттин баасы 51 сомониге (5 долларга жакын) чыкты. Кошумча нарк салыгы менен акцизди эске алганда баа 63 сомониге (6,7 доллар) жетет. Мурда бир гигабайт Интернеттин наркы 30-35 сомони эле.

Буйрукка ылайык, Интернеттеги телефондук сүйлөшүүлөрдүн мүнөтү да он эсе кымбаттады. Буга чейин бир мүнөттүк сүйлөшүү 10-12 дирам болсо, азыр 1 сомониден ашат. Антимонополия кызматынын чечими быйыл 27-мартта күчүнө кириши керек болчу. Мекеме менен байланыш операторлорунун сүйлөшүүсүнөн улам анын аткарылышы артка жылган.

Бирок компаниялар менен жарандык активисттердин бааны арзандатуу боюнча өкмөт менен сүйлөшүүсү натыйжа берген жок. Антимонополия кызматынын чечими акыркы болуп саналат.

Интернеттин кымбатташы коомчулуккка жаккан жок. Социалдык тармактардын көптөгөн колдонуучулары муну "кылымдагы тоноо" катары сыпаттап, демилгенин авторлорун катуу сындап чыгышты.

Колдонуучулардын бири "бир айлык пенсияга он эки гигабайт Интернет сатып алынат экен" деп нааразылык билдирди. Тажик бийлигинин соңку кадамынын кесепети кыйын болот дегендер да жок эмес. Тажикстандагы Маалымат-коммуникациялык технологиялар борборунун директору Талат Нуманов ушундай көз карашта:

"Антимонополия комитетинин Интернеттин тарифин жогорулатуу тууралуу буйругу жаштарга терс таасир тийгизет. Алар маалымат жана билим алууда маанилүү булактан айрылып жатышат".

Негизи Тажикстанда Интернеттин кымбаттай турганы жыл башында белгилүү болгон. Мартта активист Алишер Шахиди тарифтин жогорулашына каршы онлайн кол чогулта баштап, бирок ал аракети ишке ашкан эмес.

"Тажик калкынын 30 пайызы чет жактарда мигрант болуп жүрүшөт. Алардын көбү үй-бүлөсү менен Интернет аркылуу байланышып турат. Ошондуктан "change.org" сайтына петиция жайгаштырып, кол топтой баштаганбыз. Бирок ал сайт жарыяланган күнү эле блоктолуп калды. Муну петицияны эл колдобосун деген аракет катары баалайм".

Мобилдик операторлор баанын кымбатташына кызыкдар эместигин айтып, муну өз абоненттерин жоготкусу келбегени менен негиздеп жатышат. Эми алар өздөрүнүн жаңы тарифтерин коюуга тийиш.

Тажикстанда негизинен мобилдик төрт компания - «Мегафон», «Тселл», «Бабилон» жана «Билайн» иш жүргүзөт.

Маалымат-технология багытындагы адистер Интернеттин кымбатташы Тажикстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегияны жүзөгө ашырууда жолтоо болот деген ойлорун да ортого салууда. Бул стратегияда Тажикстанды маалымат технологиялары менен коммуникациянын борборуна айлантуу ниети жазылган.

Мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен Тажикстан Интернеттин кымбаттагы боюнча Түркмөнстандан кийинки орунда турат. Буга чейин эле өлкөдө бир гигабайт интернеттин баасы 3 доллардан ашык болчу. Анткен менен тажик бийлиги Интернеттин баасын көтөрүү чечимин анын өтө эле арзандыгы менен түшүндүргөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG