Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Абылгазиевдин эс алуусу талкууга түштү


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Чек арада чыр чыгып, өлкөдө коронавирус илдети басаңдай электе өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин эмгек өргүүсүндө болуп жатышы сынга кабылууда.

Жакын арада эле өкмөттүн 2019-жылдагы отчётун жактырып, антикризистик программаларын кабыл алып берген парламенттин айрым депутаттары пандемиянын эпкини басылбай, чек арада чыр чатак күчөп турган маалда өкмөт башчынын эмгек өргүүсүнө кеткенин сындап жатышат. Абылгазиевдин эмгек өргүүсүнө чыгуусуна радио жыштык сатуудагы коррупциялык чыр себеп болгон.

«Бир Бол» фракциясынын башчысы, депутаты Алтынбек Сулайманов:

«Тергөө жүрүп жатат, ал жакта эмне болуп жатканын билбейбиз. Тергөө таза өтсүн деген таризде эс алууга кеттиби - бул белгисиз. Бирок, кандай болсо да чоң жоопкерчилик турганда өкмөт башчынын иштеп турганы оң болмок», - деди.

27-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыгып, мунун себебин радио жыштык боюнча тергөөнүн калыс өтүшү үчүн деп түшүндүргөн. Ал бир нече жолу бул маселеге тиешеси жок экенин билдирген. Радио жыштык сатуудагы коррупция тууралуу парламентте маселе көтөрүлүп, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күмөндүү иштерге катышы жок экенин далилдешин талап кылган депутаттар болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев да премьер-министрдин капыстан эс алууга кетип калганын сындаган эл өкүлдөрүнүн бири. Ал Абылгазиевдин кызмат орду бир жаңсыл чечилиши керек деп эсептейт. Анын пикиринде, мындай кырдаал өкмөттүн азыркы кризистен чыгуу аракетин аксатып жатат.

«Бир жагынан коронавирус бүтпөй жатса, экинчи жагынан чек ара маселеси оор болуп турат, - деди депутат. - Андан сырткары бир топ экономикалык маселелер бар. Алардын баарын чечиш үчүн башчы керек. Ал премьер-министр да. Вице-премьер-министр көп нерсени чече албайт. Маселен, кадр маселесинде эле туруп калат. Андыктан жыштык маселесине тезирээк чекит коюп, жумушка чыгышы керек же абалды түшүнүп кетиши керек. Мындай турган болбойт».

Учурда өкмөт башчынын ишин биринчи вице-премьер-министр Кубатбкек Боронов аткарууда. Маселен, 31-майда кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде чыккан чатак боюнча 1-июнда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен облусундагы «Чечме» өткөрмө пунктунда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуп келди.

Жарандык активист Денис Бердаковдун көз карашында, премьер-министрдин убактылуу жок болгону өкмөттүн ишине таасир этпейт.

«Өкмөт - бул ири машина, алардын жарымын кетирип салсаң деле ушундай иштей берет. Кыска мөөнөттүү эки жумалык эс алуу эч нерсеге таасир этпейт. Эки жумага президент, премьер-министр эс алууга барып келгенде анчалык бир нерсе өзгөрбөйт», - деди ал.

Саясат таануучу Даниел Кадырбековдун пикиринде, өкмөт башчынын эс алууга кетиши президенттик аппараттын каалоосуна жараша да болушу ыктымал. Кадырбеков учурда мамлекетте кандайдыр бир экономикалык, саясий чечим кабыл алууда өкмөт башчы эч нерсе чечпейт деп эсептейт.

«Бир нерсени түшүнүшүбүз керек, - деди ал. - Абылгазиев барбы, жокпу, маселени өзгөртпөйт. Ал негизги оюнчу эмес. Себеби, саясий чечимдерди президент кабыл алып жатат. Муну технолигия десек да болот. Коомчулуктагы сынды басаңдатыш үчүн эс алууга кетирди. Кааласа кетирет, кааласа кайра алып келет. Бул эч нерсени өзгөртпөйт».

Ал эми журналист Тынчтык Алтымышов маселенин дагы бир өңүтүн ортого салды. Ал Абылгазиевдин эмгек өргүүсүнүн артында чон саясат жатканын божомолдоду:

«Бул күмөн ойлорду жаратууда. Балким эртең кылмыш ишин козгоп, суракка чакырат. Балким соодалашуу болуп, бул иштер жабылып, эртеңки саясий тагдыры чечилип жатат. Шайлоого барасың же шайлоо өткөрөсүң дегендей. Бул сөзсүз саясаты бар эс алуу».

Өкмөттүн аппараты Мухаммедкалый Абылгазиевдин эс алуудан качан чыгарын билдире элек. 27-майда башталган эмгек өргүүсү кыска мөөнөттүү экени айтылган. Премьер-министр радио жыштык сатуудагы чырга эч кандай күнөөсү жок экендигин айтып келет.

«Мен Жогорку Кеңештин жыйынында да айткам. Дагы бир жолу билдирем, териштирилип жаткан ишке менин эч кандай тиешем жок жана бул маселени саясатташтырбаш керек деп эсептейм. Укук коргоо органдары объективдүү жана ар тараптуу тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Бирок тергөөгө кандайдыр бир кысым көрсөтүү боюнча дооматтардан алыс болуш үчүн, ошондой эле аны калыс жүргүзүү максатында кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алууну зарыл деп эсептейм», - деп билдирген Абылгазиев.

Учурда Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги жыштык сатуудагы коррупциялык иш үчүн шектүү катары беш киши камакта. Алардын арасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) эки кызматкери, «Ала ТВ» компаниясынын өкүлү бар. Камакка алынган беш кишинин дагы бири - агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубованын орун басары. Черногубованын өзүн УКМК жана Аскер прокуратурасы 12-майда камакка алган. Ага уюк байланыш операторлорунун бирине жыштыкты мыйзамсыз кайра каттаган деген айып коюлган.

Радио жыштыкты сатуудагы күмөндүү иштер тууралуу алгачкылардан болуп Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 20-майда парламентте айтып чыккан.

Анын маалыматына караганда, «Билайн» уюк байланыш оператору «AlaTV» компаниясын 200 МГц диапазонундагы жыштыгы менен кошуп 1 млн. 800 миң долларга сатып алган. «Билайн» «AlaTVнын» телеберүүгө багытталган жыштыгын ушул жылдын март айында уюк байланыш операторуна 4G Интернетке колдонуш үчүн кайра каттоодон өткөргөн. Акаев натыйжада 200 МГц жыштык «Билайндын» колуна 700 сомго ит бекер өтүп кеткен деп эсептейт.

Байланыш жаатындагы адистер өлкөдө жыштыктардын көбүн уюк байланыш операторлору колдонорун жана алар жыштыкты сатып алууга ар дайым кызыкчылыгы бар экенин айтышты.

Ушул тапта Кыргызстанда негизги үч уюк байланыш оператору иштейт. Алар - «Мегаком» бренди менен таанымал «Альфа Телеком» компаниясы, «Билайн» аты менен таанылган «Скай Мобайл» ишканасы жана «О!» деген бренд менен чыккан «НУР Телеком» компаниясы. «Мегакомдун» базасында түзүлгөн «Salam» деген төртүнчү виртуалдык оператор да бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG