Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:13

Спикер депутаттардан сын, премьерден алкыш укту


Президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков. 10-май, 2020-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков. 10-май, 2020-жыл.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин төрагасын колдогон атайын билдирүү таратты. Премьердин бул ыраазычылыгы спикердин ишмердигине парламенттин ичинде жана сыртында сын күчөп турган учурга туш келди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттарга парламент былтыркы жылга отчётун жактырып бергенден үч күндөн кийин - 16-майда ыраазычылык билдирди.

Премьер-министр Абылгазиев «Жумабеков башында турган депутаттар колдоо көрсөтүп жана кызматташууга конструктивдүү мамиле кылды» деп белгилеген. Ал акыркы чакырылыштагы парламентти саясий оюндардан тыш, өкмөткө тилектеш болгон орган катары сыпаттаган:

«Жогорку Кеңеш мурда ата мекендик экономикага кесепети тие турган саясий оюндардын ордосу болуп келгени эсибизде. Кээде өлкө бюджетине олуттуу кыйынчылыктарды жараткан популисттик чечимдер кабыл алынышы мүмкүн болчу. Фракциялык жыйындар партиялык кызыкчылыктарга жетишүү үчүн ачык түрдө опузалоого жеткен, ал эми эл өкүлдөрү өкмөттүн ишине гана эмес, жада калса айрым ишканалардын операциялык ишмердүүлүгүнө кийлигише алат болчу. Андай парламентти жаңылыштык менен күчтүү деп атагандардын пикири түшүнүксүз».

Премьер-министр өз билдирүүсүндө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун ордуна өзүнчө токтолгон. Абылгазиевдин пикиринде, спикер жана фракция жетекчилерин азыркы өкмөт менен парламенттин конструктивдүү мамилесине салым кошуп жатат.

«Төрага өкмөттүн ишине баа берүүдө калыс болууга аракет кылат. Дастанбек Жумабеков маанилүү маселелерди парламенттин башкы трибунасынан гана көтөрбөй, өкмөт башчы катары мага башка учурда да айтып турат. Бул төрага менен премьер-министрдин позициясы дал келет деген кеп эмес. Бирок үзгүлтүксүз пикир алмашуу жана кээде кызуу талаш-тартыштар маселелерди тез арада аныктоого жана аларды чечүүнүн сапаттуу чараларын иштеп чыгууга оң таасирин тийгизет деп ишенем», - деп белгилеген Мухаммедкалый Абылгазиев.

Абылгазиев «өкмөт менен тыгыз кызматтыштык Жогору Кеңеш жана жарандар үчүн маанилүү болгон бардык маселелерди принципиалдуу жана ачык талкуулаган күчтүү лидерлердин жыйыны экенин тастыктайт» деп билдирген.

Премьер-министрдин мындай ыраазычылык билдирүүсүндө эч кандай деле мыйзамга же логикага каршы келчү нерсе жок. Абылгазиев учурдагы кризистик шартта бир жылдык ишин канааттандырарлык деп бекитип берген парламентке ыраазылыгын билдирип жатат. Бирок эксперттер Жогорку Кеңештин жана анын төрагасы Дастанбек Жумабековдун айланасындагы акыркы жагдайга көңүл бурушууда. Анткени өкмөт башчынын бул ыраазычылыгы спикердин ишмердигине парламенттин ичинде жана сыртында болуп көрбөгөндөй сын күчөп турган учурга туш келди.

Өткөн аптада өкмөттүн отчёту каралган соң бир катар депутаттар Жумабековдун ишин сынга алып, «өкмөттүн адвокатына айланды» деп айтып чыгышкан. Ал түгүл төраганын кадрдык жана финансылык чечимдери боюнча комиссия түзүү жөнүндө демилге көтөрүлүп, бирок ал ишке ашкан эмес.

Жогорку Кеңеш: Спикер менен депутаттардын айтышы
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:43 0:00

Дал ушундай шартта премьер-министрдин атайын билдирүүсү айрымдар тарабынан төрага Жумабековго колдоо катары кабыл алынууда. Бул мамлекеттик кызыкчылыкка, чынчыл атаандаштыкка жана ачыктыкты камсыз кылууга канчалык төп келет деген суроо жаралууда.

Спикерди «өкмөттүн таламын ыңгайы келсе, келбесе да коргоп, адвокатына айланды» деп сындап чыккандардын бири - депутат Каныбек Иманалиев. Ал премьер-министрдин акыркы кайрылуусун парламент төрагасын колдоо катары кабыл алды:

«Бирин бири иш бөлмөсүнө кирип алып мактаса болот. Бирок жеке мамиле менен мамлекетке болгон мамилени аралаштырбаш керек. Көчөдө эл кыйналып жатса, бүткүл дүйнө кризистен чыгуунун жол-жобосун ойлонуп жатса, экономикада абал оор болуп, акыркы эки айда бюджетке эч нерсе түшпөй жатса, бири-бирибизди мактап отурганыбыз кантип туура болсун? Азыр андай учур эмес. Экономикалык жана саясий диетада отурушубуз керек. Анын ордуна биз кемчиликти ачык айтып, бүткүл дүйнөдөгүдөй парламентти идеялардын ордосуна айлантышыбыз керек. Мамлекеттик ордону жеке ыраазычылыгыбызды билдириш үчүн колдонсок, анда мамлекеттүүлүктүн аң-сезимине өсүп жетиле элекпиз го деген өкүнүчтүү ой кетет».

Ал эми абалга көз салып жаткан эксперт Алишер Мамасалиев парламенттин акыркы колдоосу премьер-министр Абылгазиев үчүн өзгөчө мааниге ээ болгонун айтууда. Ал учурда коомчулукта айтылып жаткан сын-пикирлер парламентте айтылбай калганы туура эмес көрүнүш катары баалай турганын айтты:

Алишер Мамасалиев
Алишер Мамасалиев

«Отчётту кабыл алууда туура эмес болду. Андан кийин премьер-министр өз ыраазычылыгын айтат. «Сындаганга карабай кабыл алып бердиңер» деген ыраазычылыгы катары кабыл алдым. Бирок бул парламентаризмдин логикасына туура келбейт. Анткени бул өкмөттү Жогорку Кеңеш түзгөн, андан отчётту жоопкерчиликтүү түрдө алыш керек. Эгер өкмөттүн ишине, саясатына элдин сын-пикири көп болсо сөзсүз реакция болушу керек болчу».

Эксперт премьер-министр да, Жогорку Кеңештин жетекчилиги да азыркы курч маселелерди парламентте ачык талкуулап, чечүүгө умтулушу керек экенин кошумчалады.

Чынында эле буга чейин премьер-министрди кызматтан кетирүү аракеттери боюнча сөз болуп жаткан. Ал тургай айрым депутаттар «коронавирус кризисинде өзүн көрсөтө албаганы үчүн премьер өз каалоосу менен кызматтан кетиши керек» деп айтып чыгышкан. Бирок Жогорку Кеңеште отчёт тапшырган учурда парламент депутаттарынын басымдуу көпчүлүгү министрлер кабинетине «жакшы» деген баа берди.

Ал эми президентке караштуу Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев Абылгазиевдин парламентке акыркы кайрылуусунан одоно аракетти көргөн жок:

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

«Өкмөттү парламент курап, отчётун алган мамлекетте бул кадыресе эле көрүнүш. Анткени Конституцияда жана өкмөт жөнүндө мыйзамда да өкмөт парламент алдында өз иши боюнча отчёт берери ачык жазылып турат. Ушул өңүттөн алганда премьердин парламенттин курамына жана спикерге ыраазычылык билдирүүсүнөн эч кандай саясат издөөнүн кереги жок. Өкмөттүн кандай иштеп, эмнелерди кылып атканын жана каталарын парламент да, коомчулук да көрүп жатат. Экинчиден, акыркы отчёт өкмөттүн 2019-жылдагы иши үчүн отчёту болду. Былтыркы иштин көрсөткүчтөрүнө маалымат каражаттары, анын ичинде «Азаттык» да объективдүү баа бере албай жатат. Жалпысынан эле «жакпайт» деп жатат».

Профессор Акматалиев учурдагы өкмөткө жана парламентке нааразылыктын себебин башкаруу системасындагы кемчиликтен көрөт. Ал башкаруу системасын аныктап алмайынча, бийлик органдары ортосундагы жоопкерчиликти бири-бирине оодармай адаты улана берерин айтты.

Кыргызстан 2010-жылдан соң парламенттик башкаруу системасын тандап алганын жарыялаган. Баш мыйзамга ылайык, өкмөттү парламенттеги коалициялык көпчүлүк курап, кызматтан кетире алат. Бирок иш жүзүндө чыныгы чечим кабыл алуу борбору президентке жана анын аппаратына ооп, учурдагы шартта парламент жана өкмөт ага көз каранды экени айтылып келет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG