Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:00

Жакыр өлкөлөрдүн кирешеси карыздан ашпайт


Кыргызстан.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (11-18-май)

“The Diplomat” журналына Яцзы Ян Кытайдын Борбор Азияда жүргүзүп жаткан жардам таратуу жана карыз саясатын анализдеди.

“Борбор Азиянын азыркы басма сөзүн ачсаңыз, Бээжиндин ашкере жоомарттыгы, коронавирус менен күрөшүү үчүн чөлкөмдөн гуманитардык жардамды аябай, догдурларын кол кабышка жиберип жатканы тууралуу кабарлар жайнайт.

Кыргызстанда кен казган компания дарыгерлерге коргонуучу каражат таратса, Өзбекстанда “Huawei” ишканасы адамдардын дене табын алыстан аныктаган камераларды орнотууда. Бирок аймактын лидерлери азыр мындай гуманитардык жардамга эмес, накталай акчага зар. Бишкек өткөн жылдын эсеби боюнча, (2019) Бээжинге ИДПнын 30% барабар 2,3 миллиард доллар карыз.

14-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Си Цзинпинден карызды төлөөнү жеңилдетүүнү суранды. Бээжин маалкатып олтуруп, эки аптадан кийин гана Кытайдын “Эксимбанкы” менен сүйлөшүүлөр башталды.

“Financial Times” гезитине Кытайдын мамлекеттик кеңешчилеринин бири карызды кечпесе да, балким үстөк пайызын токтотушу мүмкүн экенин айткан. Бирок Кыргызстан өнөктөштөрүнөн карызын кечиртип көнүп калган. Маселен, Москва үч жыл мурда Кыргызстандын карызын толук кечкен. Анткен менен, капчыгы калың Кытай мындай ишке барабы же жокпу белгисиз”, - деген автор Борбор Азия менен Кытайдын соода, өндүрүш алакасын да талдаган.

Карыздан ден соолукка ашыра албаган жакыр өлкөлөр

“Washington Post” гезитинин талдоочусу Ишан Зарур глобалдык экономикадагы каатчылык улам күчөгөн сайын бай өлкөлөр коронавирустун кесепетин жоюуга триллиондогон доллар каражат салганы менен жакыр мамлекеттерге берген карызын кечүүгө ашыкпай жатканын жазды.

12-майда “Financial Times” гезитине Эл аралык валюта фондунун аткаруучу директору Кристалина Георгиева атайын маек куруп, пандемия жайылган сайын жакынкы айларда анын экономикага тийгизген кесепети курчуй бере турганын айтты.

Эксперттер жакырчылык, ачарчылык өрчүп, социалдык коопсуздугу алсыз өлкөлөрдө пандемия оор жагдайларга жол ачарын, азыр миллиондогон адамдардын жашоосу кыл үстүндө экенин белгиледи. Бардар өлкөлөр триллиондогон долларды өз калкын камсыздоого таратып, бизнести колдоого акча салганы менен адистер мунун баары убактылуу гана жеңилдик берет деген пикирде.

Коронавирус глобалдык теңсиздиктин бетин ачты. Брукингс институтунун изилдөөсү боюнча, өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин жалпы карызы 11 триллион доллар. Быйыл алар 3,9 триллион долларды төлөшү керек. Апрелде Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду сырткы карызга белчесинен баткан айрым өлкөлөргө жардам берген.

Колу жука 64 мамлекет саламаттык сактоо тармагына караганда тышкы карызды төлөөгө көп каражат жумшайт. Алардын катарында Кыргызстан да бар. Ушундан улам айрым саясатчылар бай өлкөлөр карызын кечсин деген чакырыктарды жасашууда.

АКШ сенатору Берни Сандерс менен конгрессмен Илхан Омар Дүйнөлүк банктын президенти Дэвид Малпасс менен Кристалина Георгиевага глобалдык экономиканы туруктуу кармаш үчүн дүйнөнүн 70 өлкөсүнүн “тышкы карызын кечүүсүнө шарт түзүү” тууралуу кат жолдоду.

Американын мыйзам чыгаруучулары “стабилдүүлүк үчүн жакыр мамлекеттердин карызын кечүү АКШ салык төлөөчүлөрүнө бир тыйын да чыгым алып келбейт. Болуп көрбөгөндөй ачарчылыктын, коронавирустун жүздөгөн миллион адамга тийгизген экономикалык кесепетине токтото алабыз. Ушундай оор маалда биримдикти көрсөтүшүбүз керек. Себеби, бул пандемияга каршы дүйнө ынтымак менен каршы турганда гана саламаттык, коопсуздук чың болорун көрсөттү”, - деген пикирде.

Айрым эксперттер Дональд Трамптын адиминистрациясы Эл аралык валюта фондундагы бийлиги менен аброюн колдонуп, Кытайдан сырткы карыздарын кечүүнү талап кылса болмок дешет. Себеби, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн дээрлик баары, анын ичинде Африканын төрттөн үчү Кытайга карыз.

Индияда мусулмандарга кысым күчөдү

“Deutsche Welle” агенттиги Индияда март айынын башында мусулмандардын жыйынынан коронавирус тарады деген кабардан кийин аларга кысым күчөп, динге байланыштуу жалган кабарлар тарап жатканын жазды. Бирок, бул маалыматты индус бийлиги тастыктабай жатат.

Бийлик март айында Индиядагы “Таблиги Жамаат” агымынын миңдеген мүчөлөрү үч күндүк жолугушууга чогулгандан кийин өлкөдө алгачкы коронавирус аныкталганын кабарлаган.

Бул жолугушууга 8 миңдей киши катышкан. Уюмдун адвокаты Фейзел Аюби: “Диний лидерлер ооруга байланыштуу маалыматты көп биле бербейт. Пандемиянын таасирин толук аңдоо үчүн убакыт талап кылынды. Жыйында баары эрежени сактаган эле”, - дейт.

Ошентсе да социалдык медиадагы коомчулуктун, улутчулдардын мусулмандарга кысымы күчөп, алар коркутууга кабылышты.

Делиде мусулман адамды сабап кетишсе, ооруканаларда коронавируска чалдыккан мусулмандарга кайдыгер мамиле кылышты. Окумуштуулар эпидемия маалында билимсиз коом сөзсүз түрдө бирөөнү айыптап, ооругандарды жерий турганын эскертишет.

Нью-Делидеги Саясат таануу борборунун илимпозу Асим Али: “Көйгөй учурунда адамдар башкалардан айып издөө менен өзүндөгү кемчиликтен качат. Пандемиялардын тарыхы мындай окуяларга бай. Маселен, 14-кылымдагы кара тумоо маалында "жөөттөр кампадагы буудайды ууландырып койду" деген имиш тарап, айыптоолор азыркыга чейин айтылып келет”, - деген пикирде. Агенттик коронавируска чейин эле Индиядагы “Таблиги Жамаат” агымын коомдун айрым катмары чыккынчылар катары кабылдаганын, февралдагы диний кагылышуудан 50 адам өлгөнүн да баяндаган.

Оксфорддун коронавирус вакциналары

Оксфорд университетинин окумуштуулары иштеп чыккан коронавирустун вакцинасы алты маймылга сайылды.

“Evening Standard” гезити маалымдагандай, вакцинанын таасири 14 күндөн кийин байкалганын, маймылдын өпкөсүнүн клеткасын калыбына келтирип, 28 күндөн кийин антитело бөлүнүп чыкканы менен вирус өзүн-өзү көбөйтүүсүн токтотпой каңылжарда жашай берери билинди. Бул илимий тажрыйба азырынча адамдарга жасала элек. Аны жетектеген Лондондун гигиена жана тропикалык медицина мектебинин профессору Стефан Ивенс тажрыйбаны “жакшы жаңылык” деп атады.

Буга чейин Британияда миңдей ыктыярчыга коронавирустун вакцинасы сайылган. АКШ, Кытайда да вакцинаны иштеп чыгуу үчүн “Moderna Inc”, “Pfizer Inc”, “BioNTech SE” жана “CanSino Biologics Inc” компаниялары сыноо жүргүзүүдө.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG