"The Diplomat" журналына Дэвид Прентистин "Экинчи дүйнөлүк согуштагы Кыргызстандын унутулган ролу" деген аталыштагы макаласы жарыяланды.
Советтик бийликтин кол алдындагы, Москвадан 3 миң чакырым алыстагы Кыргызстандан 365 миңдей адам фронтко тартылган.
Автор кыргызстандыктар согушка барууну каалабаса деле "Улуу Ата Мекендик согушка кыргыз патриоттору өз эрки менен аттанды" деген ураан алдында кан майданга жиберилгенин, буга чейин Биринчи дүйнөлүк согушка баруудан баш тарткан кыргызстандыктар 1916-жылы каршылык көрсөткөнүн баяндап, согуш жылдарында Бишкекке, Токмокко көчүрүлгөн ири стратегиялык завод, фабрикаларга токтолгон.
"Кыргызстан фронттон алыс, бийик тоолор курчаган коопсуз жер болгондуктан, советтик бийлик согуш маалындагы СССРдин өндүрүш тармагын бул өлкөгө көчүрүп барып, экономикалык, социалдык өзгөрүүгө жол ачкан. Чакан өндүрүштүк революция жасалган. Бул ишканалар азыркыга чейин Кыргызстандын өндүрүш тармагынын чоң түркүгү бойдон калууда.
Согуш катуу болгон батыш тараптан Кыргызстанга он миңдеген качкындар барган. Алардын арасында Европадагы Холокост апаатынан качкан 45 миңдей жөөттөр да болгон. 1941-жылы Бишкекте алгачкы синагога ачылып, жөөттөр Кызыл армияны тамак-аш менен камсыз кылыш үчүн жергиликтүү дыйкандарга кошулуп иштеген.
Ошондой эле Бишкекке согуш маалында атактуу актриса Ида Каминска иштеген Варшаванын жөөттөр театры көчүрүлгөн. Кийин ал еврейлердин көбү Израил, Европа, Америкага көчүп кетишкен", - деген автор баатырлар Дайыр Асанов, Исмаилбек Таранчиевди да эскерип, азыр өлкөдө 251 эле согуш ардагери калганын, кыргыз бийлиги 9-майда Орусияны туурап парад өткөрбөгөнү менен эскерүү иш-чараларын уюштурарын, согуш ардагерлеринин ар бирине быйыл 75 миң сомдон сыйлык бергенин, жакында эле Бишкекте Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиев атындагы жаңы парк ачылганын жазды.
Борбор Азияны тооруган тамак-аш кризиси
“Eurasinet” басылмасы Кавказ жана Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн пандемия маалындагы тамак-аш коопсуздугун талдады.
"Бай өлкөлөрдө ресторандар жабык болгондуктан, тамак-аш өндүрүүчүлөр таза азыкты жок кылууга аргасыз болууда. Ал арада коронавирус дүйнөдөгү сооданын жолун бууп, миллиондогон эл ачка отурууга аргасыз. Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасынын директору апрель айында "Инжилде жазылгандай ачарчылык" болорун айтты.
Армения, Грузия, Тажикстандын калкынын үчтөн бир бөлүгүнүн тамак-аш коопсуздугу сакталган эмес. Эми ага экономикалык көйгөй кошул-ташыл болуп жатат. Чөлкөмдүн бийлиги азык-түлүк менен камсыздоо, башка өлкөлөргө чыгарбоо саясатын күчөткөн сайын баа көтөрүлүүдө. ДССУ мындай коргоочу чараларга барган өлкөлөрдүн дээрлик жарымы уюмдун эрежелерине каршы иштеп жатканын билдирди”, - деп жазылган макалада.
Басылма андан ары Орусиянын 26-марттан июнга чейин дан эгиндерди экспортоого тыюу салганын, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн тамак-аш соодасына чектөөлөрүн анализдеген.
"Кыргызстанда 1-майда Бириккен Улуттар Уюму 500 миңдей адамга токтоосуз тамак-аш таркатылышы керектигин, болжол менен 1,83 миллион киши, башкача айтканда, өлкө калкынын 29% жакыны азык-түлүк же акчалай жардамга муктаж экенин билдирди. Ошондой эле 400 миңдей дыйканга колдоо талап кылынарын кошумчалады. БУУ июнь айында өлкөдөгү эң жакыр катмардын курсагын тойгузуш үчүн тезинен 11 миллион доллар табуу керектигин эскертти.
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму Европа, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен элди тамак-аш менен камсыз кылган кыргызстандык дыйкандар олуттуу жабыр тартканын аныктады. Себеби, аталган уюм сурамжылаган дыйкандардын дээрлик 65% каражат табуудан каржалып турушканын жашырган эмес. Коронавирус учурунда мөмө-жемишти, сүт, эт азыктарын өлкө ичинде ташуу өтө оор болууда. Апрель айында тамак-аштын баасы дээрлик 10% жогорулады, анын ичинен картөшкөнүн наркы 57,1%, сулп эт 12,7%, ун 11,9% көтөрүлдү.
Бийлик июндун ортосуна чейин гана ун менен картөшкөнүн баасын көзөмөлгө алмакчы.Кыргызстандын калкы жеген ундун жарымынан көбү сырттан ташылат. Июнь айында ун мурдагыга салыштырмалуу 10% кымбат болору айтылууда. Өлкөгө сырттан азык-түлүк импорту өскөн сайын айыл чарбанын Кыргызстандын экономикасындагы көлөмү кемип баратат. Кыргызстандагы жердин 7% гана дыйканчылыкка колдонулат" деп жазган басылма Армения, Азербайжан, Грузия, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандагы элдин пандемия учурунда азык-түлүккө болгон талабын да кеңири талдады.
Орус олигархтарынын Путинге берген жардамы
Орусияда коронавирус пандемиясы менен күрөшүүгө Кремлге көз каранды байлар катуу белсенди.
"New York Times" гезити Владимир Путин бийликти бир колго алгандан бери таасири басаңдаган күркүлдөр пандемия күчөгөндө Орусиянын саламаттык секторуна кам көрүп, Кремлге колдоо көрсөтүп жатканын жазды.
"Ондогон шаарларда табигый ресурстарды казып, миллиондогон адамдарды иштетип, миллиарддаган каражат топтоп алгандар азыркы Орусиянын пандемияга каршы күрөшүнүн улуттук жүзүнө айланышты.
Маселен, болот куйган тармактын арты менен байыган, миллиардер Алексей Мордашов өзүнүн бизнеси жайгашкан төрт чоң региондун губернаторуна дароо телефон чалып, катаал карантин киргизүүгө үндөдү. Чечкиндүү чараларды өз колуна алып, медициналык жайларды керектүү каражаттар менен камсыздаса, жер семирткич сатып байыган Андрей Гурьев Мурманск облусунун саламаттык сактоо тармагын каржылап жатат. Гурьев компаниялардан тышкары эң кирешелүү аэропорттун жана лыжа курортунун ээси.
Алар миллиондогон долларды өлкөнүн саламаттык сактоо тармагы үчүн жумшап жатат. Орусиянын орто жана чакан бизнесинен айырмаланып, пандемияда капчыгын кенен ачкан олигархтардын кадыр-баркы улам артууда. Маселен, темир магнаты Олег Дерипаска Сибирде коронавирусту дарылай турган 160 орундук үч борбордун курулушуна акча берсе, Путиндин жакын өнөктөшү Геннадий Тимченко 17 миллион долларды жасалма дем алдыруу, томография жабдуулары, медиктердин өздүк коргоочу каражаттары үчүн бөлөрүн билдирди.
"Норникель" аттуу тоо кен казуу ишканасынын ээси, Орусиянын эң бай адамы делген Владимир Потанин вирус менен күрөшкө 150 миллион доллар салууда" деген автор олигархтардын илдетке каршы активдүү күрөшү Кремл менен жазуусуз келишимдеги шарттарды аткаргандай элес калтырганын жазат.
"Байлар өз убагында Путиндин ырайымы менен Орусиянын эбегейсиз табигый ресурстарынан каражат чогулткан. Эми алар коронавирустан тез арылуу үчүн чөнтөгүн ачып коюшту.
"Forbes" журналы Орусияда 99 миллиардер бар экенин эсептеген, алар буга чейин да Путиндин саясатынан акча аяшкан эмес. Маселен, 2014-жылы Сочи олимпиадасын өткөрүүдө да колдоо көрсөтүшкөн. Акыркы жылдары Батыш расмийлери ал тургай Орусиянын чет жактагы шайлоолорго кийлигишип, согуштук операция жүргүзүп жатканына да олигархтар салым кошорун белгилешкен", - деп баяндайт басылма.
Ири компаниялар 2021-жылга чейин үйдөн иштейт
"The Independent" гезити жазгандай, "Google" компаниясынын кызматкерлери 2021-жылга аралыктан иштөөнү улантмакчы. Буга чейин "Facebook" компаниясы да жаңы жылга чейин кеңседе иш башталбай турганын билдирген.
Бул платформанын негиздөөчүсү Марк Цукерберг 2021-жылдын июль айына чейин ишканасында 50 кишиден ашуун адам топтогон иш-чараларга тыюу салынарын айткан.
"Amazon" онлайн базары октябрь айында аралыктан иштөөнү токтотуп, кадимкидей иш процесси башталарын билдирген. Мындай чечимдердин баары тумоого каршы вакцина табылгыча коронавирусту жайылтпоо, социалдык обочолонуу эрежелерин ишке ашыруу максатын көздөйт.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.