Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Депутаттар парламенттеги теңсиздикке нааразы


Жогорку Кеңеш: Спикер менен депутаттардын айтышы
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:43 0:00

Жогорку Кеңеш: Спикер менен депутаттардын айтышы

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары төрага Дастанбек Жумабековдун ишин текшерүүнү сунушташты.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө абалдан соң ишин жанданткан Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Дастанбек Жумабековдун ишмердиги боюнча талкуу жаралды.

Жумабековго карата сын шайлоо босогосун төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорунан улам чыкты.

Демилгени талкуулоо маалында регламенттин бузулушу өнөкөткө айланганын айткан депутат Кенжебек Бокоевге төраганын жооп бергени бир катар эл өкүлдөрүнүн ачуусун келтирди. Жумабеков ал депутаттарга да эмоциялуу жооп узатты.

«Бул мыйзам долбоорун кароодо регламент бузулган жок. Баары өз жолу менен кетти. Сүйлөгөндө да этияттайлы. Бири-бирибиздин дарегибизге шек келтирбейли. Парламент жакпайбы, силерди эч ким кармаган жок. Эч ким кармаган жок».

Мына ушул спикердин жообу бир катар депутаттардын сынына негиз болду. Алар Дастанбек Жумабековдун буга чейинки кемчиликтерин кезеги менен айтып, түшүндүрмө талап кылышты.

Депутат Каныбек Иманалиев парламенттин кадыр-баркынын төмөндөшүнө төраганын осол иштери негиз болуп жатканын билдиришти:

«Сиздин билдирүүлөрүңүз парламентке аброй алып келбейт. Депутаттардын айтканынан туура жыйынтык чыгарыңыз. Эл шайлаган депутатты "залдан чыгып кет" деп айта албайсыз. Сизге андай укукту эч ким берген эмес. Сиз ар дайым эле өкмөттүн таламын талашып келесиз. Мыйзамды окуган жоксузбу, ал боюнча комментарий бербеңиз. Убагында Сапар Исаковдун өкмөттүн сындап чыкканда аны да коргогонсуз. Азыр ал кайда? Сиз парламентти коргошуңуз керек».

Иманалиев спикер Жогорку Кеңешке компетентсиз кадрларды дайындап жатканын да кошумчалады.

Мындай пикирди колдогон депутат Жанар Акаев төраганын кадрдык жана финансылык чечимдери боюнча суроолор көп экенин билдирип, текшерүүнү сунуштады:

Жанар Акаев
Жанар Акаев

«Буга чейин өкмөткө катасы толтура кат жазып, парламентти, парламентаризмди уят кылган кишилерди аппарат башчысы кылып койдуңуз. Төраганын фонду тарабынан бөлүнгөн акчаны жана акыркы бир жыл ичинде парламенттин атынан берилген грамота, сааттар кимдерге берилди, эмгеги сиңгендер алдыбы деген маселени текшерип чыгып, саясий баа беришибиз керек».

Акаевдин сунушу боюнча парламент чечим кабыл алган жок.

Ал эми Дастанбек Жумабеков айтылган сынга конкреттүү жооп берген жок. Ал депутат катары комментарий берүүгө укугу бар экенин айтты:

«Менин сүйлөй турган укугум бар. Сөзүм бар. Аны эч ким тыйган эмес. Кайсы мыйзамга кандай сүйлөйм, аны мага сиз үйрөтө албайсыз».

Жогорку Кеңеште Жумабековго айтылган сындарды ылайыксыз деп таап, аны коргогондор да болду.

Маселен, Тазабек Икрамов төраганы сындап чыккан депутаттарга орой жооп берди:

Тазабек Икрамов
Тазабек Икрамов

«Кайсы бир маселени добушка койдуруу ар бир депутаттын укугу болуп жатат. Аны коюп берип жатат. Ага карабай бул жерде ызы-чуу болуп жатасыңар. Сөздөн адашып калса, ошону айтып чыгасыңар. Бул жерде идеалдуу эч кимиңер жок. Камерага карап жакшы сүйлөгөн менен Кудай көргүс нерселерди кыласыңар».

Негизи Дастанбек Жумабековдун дарегине карата буга чейин деле көп сын айтылып келген. Ал жетектеген парламент башка бийлик органдарына көз каранды болуп калганын айткандар, төраганын орунсуз билдирүүлөрүн сынга алгандар болгон.

Буга чейин расмий катты ката менен жазган Жумабековдун кеңешчиси Алмазбек Сабырбековдун парламенттин аппарат жетекчилигине келиши да талкууга алынган.

Саясий илимдердин доктору Эмилбек Жороев Жогорку Кеңештин төрагасына айтылган ар бир сынга маани берүү керектигин белгиледи. Эксперттин пикиринде, төраганын кетирген катасы парламентаризмге багыт алган Кыргызстандын кадыр-баркына шек келтириши ыктымал.

«Парламент мамлекетти башкаруу, жакшы мыйзамдарды кабыл алуу жагынан элге үлгү болушу керек. Бүгүнкүдөй сөздөр, спикердин жооп кайтарганы элдин көңүлүн калтырып, парламентке, бийликке ишенимди суутат. Бул бийлик институту эмес, эл алдында саясий жоопкерчилигин сезбеген балдардын кебиндей таасир калтырууда».

44 жаштагы Дастанбек Жумабеков 2017-жылдан бери Жогорку Кеңештин төрагасы болуп келет. Ал алгач 2010-жылы «Ата Журт» партиясы, 2015-жылы «Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка шайланган.

Кесиби боюнча юрист Жумабеков негизинен жеке ишкерлик менен алектенген. Депутаттыкка келгенге чейин бир гана жыл Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусундагы башкармалыгында иштеген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG