Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:58

Парламент төрагасы депутаттарга өкмөттүн жакшы жагын айтып турууга чакырды (видео)


Дастан Жумабеков.
Дастан Жумабеков.

Парламент төрагасы Дастан Жумабеков азыркы өкмөттү жакшы иштеп жатат деп эсептейт. Бул тууралуу Жумабеков 13-майдагы өкмөттүн 2019-жылдагы отчётуна добуш берер алдында билдирди. Анын айтымында, өкмөт СССР убагында да салынбаган курулуштарды бүтүрүп жатат.

«Союз убагында салынбаган мектептер, бала бакчалар, жолдор көп болгон. Ошол айылдарга союз убагында салынбаган таза суу, мектеп, бала бакча салынды. Бул демек иштеп жатканынын көрсөткүчтөрү, ийгилик. «Жаман, жаман» дей берсек бизди эч ким «жакшы» дебейт. Мамлекетти дүйнөлүк рейтингде көрсөтүш үчүн жакшы жагыбызды айтып турушубуз керек», - деди парламент төрагасы.

Жумабековго депутат Каныбек Иманалиев статистикалык көрсөткүчтөр менен жооп берип, төраганын билдирүүсүн «тост» деп баалады.

«Мектеп салуу боюнча кедей деген беш өлкөнү алдым. Кыргызстан 850 млн. доллар, Грузия 1 млрд. 265 млн. доллар, Армения 2,5 млрд. доллар, Молдова 4 млрд. 23 млн. доллар коротту. Төрага, сизге чоң рахмат, өкмөттүн жакшы иштери жөнүндө айтып жатсаңыз тост сүйлөп аткандай сезилип кетти», - деди депутат.

13-майда Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2019-жылдагы иши жөнүндө токтомду көпчүлүк добуш менен кабыл алды. 96 депутат «макул», беш депутат «каршы» деп добуш берди. (TSh)

XS
SM
MD
LG