Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-июнь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 13:00

Ката жазган кеңешчи кызматтан көтөрүлдү


Жогорку Кеңеш.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу кырдаалдын фонунда маанилүү кадрдык дайындоолор болду.

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Самат Ибраев кызматтан кетип, анын ордуна Алмазбек Сабырбеков бекитилди. Парламенттин жаңы аппарат жетекчисинин аты былтыр спикер премьер-министрге жиберген толгон-токой катасы бар чуулуу катта аталган. Аптанын башында Талантбек Иманов Кыргызстанда стратегиялык маанидеги «Дастан» заводуна директор болуп дайындалды.

Төрага аппарат жетекчисин алмаштырды

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Самат Ибраев 23-мартта кызматтан кетип, анын ордуна Алмазбек Сабырбеков дайындалганы үч күндөн кийин - 26-мартта гана расмий жарыяланды. Парламенттин сайтына чыккан маалыматта Ибраев жумуштан өз ыктыяры менен кеткени жазылган.

Алмазбек Сабырбеков.
Алмазбек Сабырбеков.

41 жаштагы жаңы аппарат башчы 2019-жылдын март айына чейин спикер Дастанбек Жумабековдун кеңешчиси болуп эмгектенген. Ал былтыр коомчулукта талкуу жараткан окуядан соң кызматтан алынган. Анда Жумабековдун кол тамгасы коюлган, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жолдонгон кат эң жөнөкөй грамматикалык жана стилистикалык эрежелерди сактабай, ката жазылганы коомчулуктун катуу сынына кабылган.

Парламенттин басма сөз кызматы бул документте чын эле одоно каталар бар экенин мойнуна алып, төраганын иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу кызматкер - анын кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков кызматынан бошотулганын кабарлаган.

Сабырбековдун Жогорку Кеңештин сайтына чыккан өмүр баянында ал 2017-2019-жылдары төраганын кеңешчиси, 2019-2020-жылдары спикердин жардамчысы болуп иштегени көрсөтүлгөн. Ушул жерде «Ал былтыр чуулуу каттан кийин спикердин кеңешчисинин кызматынан кетип, кайра эле төраганын жардамчысы болуп дайындалганбы?» деген суроо жаралды.

Ибраим Нуракун уулу.
Ибраим Нуракун уулу.

«Алмазбек Сабырбеков спикердин кеңешчисинин кызматынан кеткенден кийин төраганын иш кагаздары боюнча коомдук башталыштагы жардамчысы болуп иштеп жүргөн. Бир аз убакыт өткөндөн кийин төраганын жардамчысынын орду бошоп, спикердин жардамчысы болуп дайындалган», - деп жооп берди парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу.

Алмазбек Сабырбеков былтыр 7-мартта кызматтан алынган. Ал кийин спикерге канча убакыт коомдук башталышта жардамчы болуп жүргөнү жана качан жардамчысы болуп расмий дайындалганы тууралуу так маалымат жок. Сабырбеков өзү азырынча комментарий бере элек.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы аппарат жетекчиси Самат Ибраев кызматтан кетишинин себебин айта элек. Депутат Дастан Бекешев Ибраев уулунун окуясына байланыштуу кызматта отурганга моралдык укугу жок болчу деп эсептейт. Буга чейин Болгариянын айрым сайттары Кыргызстанда алдамчылыкка байланыштуу шек саналып жаткан Данияр Ибраев Болгариядан башпаанек сураганын жазган. Маалымат боюнча ал Самат Ибраевдин уулу.

Парламенттин аппарат жетекчилирине байланыштуу акыркы окуялар боюнча мурдагы спикер, депутат Чыныбай Турсунбеков пикири менен бөлүштү.

«Аппарат башчы бүтүндөй Жогорку Кеңештин ишин камсыз кылат. Ал - иш кагаздарын тууралап, расмий иш-чаралардын баарын кыймылдатып турган өтө чоң кызмат», - деди Турсунбеков.

«Кыргызстандын» жоопкерчилиги

Жогорку Кеңештин аппарат башчысын жана анын орун басарларын төрага дайындайт. Алмазбек Сабырбеков 2017-жылы «Кыргызстан» фракциясынын катчылыгында консультант болуп иштеген. Спикер Дастанбек Жумабеков да ушул фракциядан. Айрым депутаттар ушундан улам жаңы аппарат жетекчинин иши үчүн «Кыргызстан» фракциясы жоопкерчилик алаарын эскертип жатышат. Фракциянын мүчөсү Нурбек Алимбеков бул боюнча комментарий берди:

Нурбек Алимбеков.
Нурбек Алимбеков.

«Мен билгенден Алмазбек Сабырбеков - кесипкөй адам. Ал Жогорку Кеңеште 10 жылдан бери иштейт. Тажрыйбасы да жетиштүү болсо керек. Ал эми ката жазылган катта канчалык күнөөсү бар экенин айта албайм. Катты Алмазбек Сабырбеков өзү жазганын да билбейм. Ошол кезде жоопкерчиликти өзү мойнуна алып эле кетип калды окшойт деп ойлойм».

Бекешевдин сунушу

Жогорку Кеңештеги жаңы дайындоого кошул-ташыл Кыргызстанда коронавируска байланыштуу парламенттин аракети да сынга алынып жатат. Депутат Дастан Бекешев өлкөдөгү эпидемиологиялык жана экономикалык оңой эмес кырдаалда парламент четте карап турбашы керек деп эсептейт.

Ал президентке жана парламент төрагасына быйыл Кыргызстанда пландалган жергиликтүү кеңештердин жана парламенттин депутаттарын шайлоо өнөктүктөрүн токтотуп, келерки жылы чогуу өткөрүүнү сунуш кылды:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Депутаттар ушундай кырдаалда жөн эле үйдө отурбай, чукул чара көрүшү керек. Мисалы, Бюджеттик кодексте «кырдаалга жараша бюджетти бекитиш керек» деп жазылып турат. Андан тышкары өзүбүздүн чыгашаларды азайтышыбыз керек. Ал эми шайлоо өнөктүгү шайлоого 91 күн калганда башталат. Бирок биз даяр эмеспиз. Анткени парламентке өтүү чегин 9дан жети пайызга түшүрүү маселеси дагы эле чечиле элек. Азыркы кырдаалда конституциялык мыйзамдарды өзгөртүүгө да тыюу салынган. Эгерде биз шайлоонун мөөнөтүн жылдырсак - депутаттар андан ары бир тыйын албай иштеши керек».

Жогорку Кеңеш акыркы жолу 24-мартта кезексиз жыйынга чогулуп, президенттин коронавируска байланыштуу айрым аймактарга өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыктарын колдоп берген. Мындан тышкары, депутаттар 15-апрелге чейин өлкө аймактарына чыгып, жергиликтүү тургундар арасында коронавируска каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алышкан. КСДПнын мүчөсү Адил Турдукулов парламентерийлердин бул чечимин колдобой турганын айтты:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

«Депутаттар ушундай шылтоо менен шайлоо алдында элге жакшы көрүнгүсү келип жатат. Муну мамлекеттин акчасы менен үгүт кылуу аракети катары эсептесе болот. Жогорку Кеңеш өз функциясын жакшы түшүнбөй жатат. Алар биринчи иретте мыйзам чыгарып, өкмөттү көзөмөлдөшү керек. Аймактарга чыгып коронавирус боюнча элге түшүндүрүү иштерин кылуу - депутаттардын иши эмес. Аны адистер жасашы керек. Депутаттар аймактарга барып алып эмнени түшүндүрмөк эле?».​

Кыйчалышта дайындалган кадр

Коронавируска байланыштуу кырдаалдын фонунда Кыргызстанда стратегиялык маанидеги «Дастан» заводунун директору Таалайбек Темиралиев 23-мартта кызматтан кетип, анын ордуна милдетин аткаруучу болуп Талантбек Иманов дайындалды. Ал буга чейин «Дастан» заводунун коммерциялык директору болуп эмгектенип келген.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Имановду 2010-жылга чейин энергетика тармагынын «көмүскө кожоюну» атыккан Алексей Ширшовдун жакын адамы деп жазып чыгышкан. «Кыргызстан жаштар федерациясы» кыймылынын лидери Айбек Теңизбаев акыркы кадрдык дайындоолор күмөн жаратып жатканын билдирди:

«Элдин ою башка жакка бурулуп турганда учурдан пайдаланып жаңы дайындоолор болушу мүмкүн. Анткени кандай кадр келди - ага көңүл бурулбай калат.
Айбек Теңизбаев.


«Элдин ою башка жакка бурулуп турганда учурдан пайдаланып жаңы дайындоолор болушу мүмкүн. Анткени кандай кадр келди - ага көңүл бурулбай калат. Ушундан улам керектүү адамдарды кызматка коюп алышы мүмкүн. Ооба, кандай гана кырдаал болбосун жаңы дайындоолор болот. Бирок негизги маселе - кандай кадрлар келип жатат? Маселе ушунда турат».

25-марттан тартып Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

Өзгөчө абал киргизүү боюнча президент кол койгон жарлыкта «мындай режим учурунда жүйөлүү себептер боюнча бошотулган учурларды кошпогондо, кызматкерлердин өз ыктыяры боюнча иштен бошонушуна тыюу салынат» деп жазылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (45)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG