Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Каттагы ката спикерге сын жаадырды


Дастанбек Жумабеков.
Дастанбек Жумабеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков учурда социалдык тармактардын башкы каармандарынын бири болууда.

Премьер-министрге жазылган катасы көп кат чындыгында эле парламент төрагасына таандык экени ырасталгандан бери Дастан Жумабековдун дарегине сын пикир күчөдү. Мындай кырдаалда Жогорку Кеңеште спикерди алмаштыруу боюнча кыймыл жанданганын айрым маалымат агенттиктери жазып чыгышты.

Парламенттин айрым депутаттары мындай сөздөр бар экенин ырасташып, бирок конкреттүү кадамдар баштала электигин билдиришти. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов мындай кырдаалга Жумабеков өзү себепчи экенин белгилеп, аны алмаштырууну каалаган күчтөр чыгарын четке каккан жок:

- Ар бир төраганын айланасында мындай маселелер болуп турат. Ошондуктан спикер Дастан Жумабековдун акыркы катасын парламент байкабай коё албайт. Буга байланыштуу анын дарегине пикирлер айтылып жатат. Бирок канчалык деңгээлде ал ишке ашат - бул башка маселе. Себеби алдыда Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга сапары белгиленүүдө, өлкөдө саясий стабилдүүлүк болушу керек деген сөздөр айтылып жатат. Ошондуктан бул сөздөр күбүр-шыбыр деңгээлинде эле калып калышы мүмкүн.

Акыркы окуялардан соң төрага Дастан Жумабековдун дарегине парламентте да сын пикир күчөгөнүн депутат Абдывахап Нурбаев танбайт:

- Негизинен каттын аныктыгы ачыкка чыкты. Бул жерде сөзсүз түрдө төраганын моралдык жоопкерчилиги болушу керек. Азырынча ал маселе көтөрүлө элек. Бирок депутаттар көтөрүшү мүмкүн.

Дастанбек Жумабековду коомдук пикирдин бутасына илген окуя төраганын кол тамгасы коюлган, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге багытталган кат Интернетке тарап кеткен соң орун алган. Кат эң жөнөкөй грамматикалык жана стилистикалык эрежелерди сактабай, ката жазылганы көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Айрымдар аны жасалма кат катары сыпаттаган эле.

Парламенттин басма сөз кызматы аталган документте чын эле одоно каталар бар экенин мойнуна алган. Мындан соң төраганын иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу кызматкер - анын кеңешчиси Алмазбек Сабырбеков ээлеген кызматынан бошотулганы кабарланган.

Ибраим Нуракун уулу
Ибраим Нуракун уулу

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу акыркы окуядан парламент жетекчилиги тиешелүү жыйынтык чыгарганын белгилеп, төраганы кызматтан кетирүүгө негиз жок экенин билдирди:

- Азыр төраганы кызматтан кетирүү боюнча маселе козголгон жок. Эми социалдык тармактарда ар кандай пикирлер айтылып жатат. Айрымдар "спикер кызматтан кетсин, парламент тарасын" дешүүдө. Ал пикирлердин баарын биз деле карап, окуп, анализдеп жатабыз. Булардын баарынан сөзсүз түрдө жыйынтык чыгарабыз.

Негизи Дастанбек Жумабековдун дарегине буга чейин деле сын пикирлер айтылып келген. Маселен, буга чейин "Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов менен кайым айтышып, кызматтан кетирүү маселеси көтөрүлгөн. Бирок окуя андан ары өнүккөн эмес.

Эксперттер төраганын тагдыры президентке көз каранды экенин айтышууда. Себеби өлкөдөгү, анын ичинде парламенттеги кадрдык жүрүштөр көбүнчө чечим кабыл алуунун негизги борбору болгон президенттик аппараттын макулдугу менен ишке ашат.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Алмамбет Матубраимов спикерди кайра-кайра алмаштыруу туура эмес экенин "Азаттыкка" берген маегинде айтты.

Матубраимов: Төраганы алмаштыруу - оюн эмес
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:51 0:00
Түз линк

Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмил Жураевдин баамында, өлкөдөгү эң жогорку жетекчини кайсы бир шылтоо менен алмаштыруу аракети туура эмес:

- Албетте, спикер бул кат боюнча катасы болсо мойнуна алсын, моралдык жоопкерчилик тартсын. Бирок аны шылтоо кылып, жумуштан кетирүү туура эмес. Тарых үчүн деле туура эмес болот. Эгерде жалпы мамлекеттик системаны карай турган болсок, башка жетекчилер арасында деле ушул сыяктуу каталарга жол бергендер көп болушу мүмкүн.

43 жаштагы Дастанбек Жумабеков 2017-жылдын октябрынан бери парламентти жетектеп келет. Ал буга чейин 2010-жылы "Ата Журт" партиясынын, кийин "Кыргызстан" партиясынын тизмеси аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG