Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Апта: Өкмөттөгү өзгөрүүлөр, шайлоо «шааниси»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (10-16-февраль).

Разаковдун кызматтан кетиши

Бул аптада кыргыз өкмөтүндө кадрлык өзгөрүүлөр уланды. Жума башында коопсуздук жана чек ара маселелерине жооптуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматтан алынды. Ал «Азаттыкка» комментарий берип жатып, иштен кеткен себебин үй-бүлөлүк шарты менен байланыштырды:

«Үй-бүлөдөгү маселелерди калыбына келтирүү керек, ошондуктан арыз жаздым. Чек ара меселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Жогорку Кеңештин палатасынан да, жалпы жыйынынан да өтүп, түшүндүрүп чыктык. Бул кыйын маселе болгондуктан, жеринде эл менен да түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Менимче, чек араны чечүү маселеси көп жылдарга уланат. Мен баштаган ишти аягына чыгарыш керек беле же жокпу аны кудай билет. Бирок шартка жараша арыз жазып, иштен кеттим», - деди Разаков.


Деген менен чек ара маселелерине байланыштуу Разаковго соңку кездери сын-доомат күчөгөн болчу. Баткенде, Бишкекте өткөн нааразылык акцияларында аны кызматтан алуу талабы да айтылган. Андан сырткары ал мындан бир канча жыл мурун Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүн жетектеп турганда Тажикстанда кармалып чыкканы тууралуу маалыматтар кайрадан козголо баштаган. Разаков бул сөздөрдү такай жокко чыгарып келет.

Мурдагы вице-премьер-министр Тынычбек Табалдиев Жеңиш Разаковдун кызматтан алынышы күтүлүп-күтүлбөгөн окуя болду деп эсептейт.

Тынычбек Табалдиев
Тынычбек Табалдиев

«Күтүлгөн дегеним, акыркы эки айдан бери Баткен облусунун аймагындагы чек ара маселесинде Разаковдун аты аталып, ага каршы чыккан, аны колдогон да митингдер болду. Райондо өкмөт мүчөлөрү менен болгон жыйында да ага нааразы болгондор чыкты. Ошонун баарына мамлекеттин жетекчиси, өкмөт башчы тарабынан реакция болду го деп ойлойм. Экинчи жагы - биздин Тажикстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдө Разаков өкмөттүк топту жетектеп, мына эми иш алдыга жылат, чечилет деп жатканда кызматтан бошотулушу күтүүсүз болду. Чек ара - мамлекет үчүн эң негизги стратегиялык маселе. Ал бир-эки жылда чечилбейт. Аны кайсы бир деңгээлге алып келгенде жумуштан бошоп калды. Эми анын ордуна жаңы вице-премьер дайындалып, ишти түшүнүп, баштаганча дагы убакыт өтөт, маселенин чечилиши узарат», - деди Табалдиев.

14-февралда Жеңиш Разаков ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча алгачкы сот жараянында жабырлануучу катары көрсөтмө берди.

Башкы прокуратура ушул айда Курсан Асановдун иши тергелип бүткөнүн маалымдаган. Анда ички иштер министринин мурдагы орун басарына «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Кылмыш жасоону уюштуруу же анын аткарылышына жетекчилик кылуу», «Сүйлөшүп алып чогуу кылмыш кылуу», «Кылмышты уюштуруу, шыкактоо жана көмөк» жана «Кылмыш жасоого башка адамдарды көндүрүү» беренелери менен айып тагылган.


Башкы көзөмөлдөөчү орган ошондой эле Курсан Асанов өкүл баласы, журналист Турсунбек Бейшенбеков менен бирге Жеңиш Разаков тууралуу калп маалыматтарды тараткан деп шек саналып жатканын билдирген. Разаков Асановдун иши боюнча сотко көрсөтмө бергени келгенде анын мындай аракетинин себебин билбей турганын айтты:

«Курсан Сатарович менен ортобузда эч качан эч кандай карама-каршылык, тиреш болгон эмес. Иш жана акча боюнча мамилебиз болгон эмес. Анын позициясын түшүнбөйм», деди Разаков.

Жеңиш Разаковдун ордуна вице-премьер-министр болуп буга чейин өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп жүргөн Акрам Мадумаров дайындалды. Анда ыйгарым укуктары буга чейинкиден кыскарганы, мындан ары чек ара маселелерине гана жооп берери маалым болду. Эми күч органдарынын ишине премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү көзөмөл жүргүзөрү айтылды.

Кесиби боюнча ветеринар, 43 жаштагы Акрам Мадумаров президенттин иш башкармалыгында, өкмөт аппаратында эмгектенген, Кадамжай районун, Мамлекеттик кадр кызматын жана Баткен облусун башкарган. Бирок Акрам Мадумаровдун чек ара маселелери боюнча вице-премьерликке дайындалышын дароо эле парламенттин бир катар депутаттары сындап чыгышты.


Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бийликтин жаңы кадрларды дайындашы өкмөттүн жалпы ишине таасирин тийгизбейт деген пикирде.

«Акыркы күндөрдөгү кадрдык дайындоолордун бардыгы бийликтин «артык кылам деп тыртык кылган» аракети болуп калды. Элдин нааразылыгын жараткан өкмөттү толугу менен кетиргендин ордуна улам бирден министрди кетирүүнү тандап алышты. Бир татыксыз министрди кетирип, анын ордуна андан татыксыз адамды алып келиши ишеним жаратпайт».

Мамкаттоону ким жетектейт?

13-февралда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов күтүүсүз кызматтан алынды. Өкмөт мында дагы жетекчинин иштен алынган себебин так атаган жок. Коопсуздук кеңешинин жыйнында Мамлекеттик каттоо кызматындагы коррупцияга байланыштуу сын айтылган. Жасалма, мыйзамсыз паспорттордун берилиши тууралуу бир катар чуулгандуу окуялар катталган.

Эксперт Алмаз Кулматов бийлик элдин пикирин эске алганын көрсөтүш үчүн ушундай кадамга барды деген пикирге кошулат.

«Менин пикиримде, өкмөт башчылары жакшы кадрларды тандайлы деп, элдин маанайын да эске алып жатса керек деген ойдомун. Биринчиден, чек араны билген, түшүнгөн, чечкен адам деп Мадумаровду тандашса керек. Экинчиден, эл арасындагы буга чейинки маанайды, нааразылыкты эске алып ушул кадамга барышы мүмкүн», - деди ал.


Ал арада Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеши ыктымал дегендердин аты атала баштады. Алардын катарында ушул тушта президенттин аппарат жетекчиси болуп турган Досалы Эсеналиев барары айтыла баштады. Айрым бир маалыматтарга караганда Досалы Эсеналиевдин ордуна биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов барышы ыктымал. Бороновдун ордуна өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Акылбек Осмоналиев келиши мүмкүн. Бирок өкмөт менен аты аталган адамдар мындай маалыматтарды азырынча бышыктап, же төгүнгө чыгара элек.

Мурдагы вице-премьер-министр Тынычбек Табалдиев соңку кызматтык өзгөрүүлөрдү күздөгү парламенттик шайлоо менен да байланыштырды.

«Шайлоого даярдык жүрүүдө. Аймактардын «кураторлору» пайда болууда. «Добуштарды алып берүүгө ким кепилдик бере алат?» деген суроолор чыгууда. «Күмөн санаган жетекчилерди алмаштырабыз» деген пландар коюлууда. Акыркы кызматтык дайындоолордо логика жок. Өкмөттүн мүчөсү, вице-премьер-министр Аскаров «өз каалоом менен кызматтан кеттим» деп арыз берип бошоп жатат. Эки сааттан кийин аны кайра министр кылып көрсөтүүдө. Бул эмне, бала бакчадагы оюнбу? Вицеликтен эмнеге кетти, себеби эмне, ал тармакка тиши өтпөдүбү, себебин айтпайбы? Эң негизгиси мен Аскаровдун резюмесин карап көрсөм, анын Өзгөчө кырдаал министрлигине эч тиешеси жок. Ошондуктан кадрларды шайлоого байланыштырып дайындалууда дегендин чындыгы болуп жатпайбы», -деди Табалдиев.

Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөт 2018-жылдын апрель айында куралган. Ошондон бери биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев гана алмаша элек. Соңку 1,5 жыл ичинде алардан башка министрлердин баары жаңырды.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан гана өкмөтүн тез-тез алмаштырат. Өлкө эгемен болгон 29 жыл ичинде 29 жолу өкмөт алмашкан.

Шайлоо шааниси

Бул жумада жазында шайлоо өтө турган шаарларда каттоого тургандар көбөйгөнү тууралуу маалымат чыкты. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов 13-февралда парламентте Караколго 2797, Балыкчыга 489, Майлуу-Сууга 272, Токмокко 6950, Ошко 33 805 жаран аймактардан барып каттоого турганын билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматкери Адилет Бейшеналиев «Азаттыкка» комментарий берип жатып, документтери толук болсо, ар бир жаран каттоого алынарын, бул жерде эч кандай мыйзам бузуу же чектөө жок экенин айтты.

«Ош шаарына жаңы каттоого тургандар көбөйүп жатат. Мындай көрүнүш бар. Азыркы учурда 10-февралга чейин (1-январдан тартып) 30 миңдей киши жаңыдан каттоого турду. Тиешелүү документтери болсо, ар бир жаран өзүнүн туруктуу жашаган жерин алмаштырууга укуктуу. Ошол эле учурда жаңы дарек боюнча каттоого турууга эч бир чектөө жок. Биринчи кезекте конституциялык укугу бар, эркин орун которууга жана жашаган жерин алмаштырууга».


Анткен менен Жогорку Кеңештеги «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев шайлоого 60 күн калганда добуш берүүчүлөрдүн санын аныктап, Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жайгаштыруу боюнча эреже сакталбаганын айтып чыкты.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова мыйзам бузулганын моюнга алып, кечигүүнүн себебин Мамлекеттик каттоо кызматындагы тактоо иштери аягына чыга элек болуп жатканына байланыштырды.

Парламент депутаттары шаардагы бир үйгө жүздөгөн адамдарды каттоого тургуза берүүгө мыйзамда тыюу салынбай турганын белгилеп, муну тескеш үчүн токтом же кандайдыр эреже иштеп чыгуу маселесин көтөрүштү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматованын демилгеси менен бул маселе тиешелүү органдардын катышуусунда талкууланды. Абдрахматова мындай убактылуу каттоону жергиликтүү кеңештерге шайлоого камынган айрым саясий партиялар атайын уюштуруп жатканын айтып чыккан.

Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова

«Бардык органдар, Мамлекеттик каттоо кызматы ар бир жарандын кайсы жерде кааласа ошол жерге барып жашап, каттоого туруу укугу, конституциялык эркиндиги экенин белгилеп жатышпайбы. Албетте, мен буга кошулам. Бирок биз эки жылдан бери Аймактарды өнүктүрүү жылын жарыялап келе жатабыз. Ал эми аймактарды өнүктүрүүгө ким катышат? Ошол жерде жашаган эл катышат да! Мисалы, Бишкекте жашаган киши Токмокто же Ошто кандай маселелер, мүмкүнчүлүктөр бар экенин билбейт. Өз алдынча башкаруу системасынын негизин ошол жерде жашаган адамдар түзөт. Жашаган жерин которууга ар ким укуктуу. Бирок жапырт каттатып, шайлоочулардын санын атайын көбөйтүүгө багытталган аракет болсо, анда ошол эле Ошто, Караколдо же Токмокто чындап жашаган жергиликтүү элдин шайлоо укугун, жергиликтүү маселелерди чечүүгө болгон укугун чектеп жатпайбызбы?», - деди Абдрахматова.

Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2020-жылдын 12-апрелинде өтөт.

COVID-19 вирусуна кабылгандар 64 миңге чамалады

Кытайда өпкөнү сезгенткен вирустан өлгөндөрдүн жана ооруну жугузуп алгандардын саны кескин көбөйүп кетти. Ошентип COVID-19 вирусуна кабылгандардын саны 64 миң кишиге чукулдады. Жалпысынан 1 380 адам каза тапты. Дүйнөнүн 30га жакын аймагында коронавируска чалдыккан 565 киши катталды. Кытай бийлиги төрт миңден ашуун бейтап куландан соо сакайганын маалымдады.

Кытайдын вирус адеп катталган Хубэй провинциясында 56 миллион киши карантинден улам эки жакка чыга албай отурат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эпидемиядан улам кабатырланууга чоң негиз жок деп билдирүүдө.

«Вирус катталган өлкөлөрдүн саны өзгөргөн жок. «Diamond Princess» кемесиндеги кырдаалды эске албаганда Кытайдан башка жерлерде вирус жугузгандар көбөйгөн жок», - деп билдирди уюмдун аткаруучу директорлорунун бири Майк Раян.

Ал ортодо Жапония илдеттен улам карантинге алынган «Diamond Princess» саякат кемесиндеги айрым улгайган жүргүнчүлөрдү сыртка чыгара баштады. Ал жүргүнчүлөрдүн көбүнүн өнөкөт оорулары бар. Алардан коронавирус табылган эмес.


Элүүдөй өлкөдөн чыккан жүргүнчүлөрдүн арасында төрт казакстандык бар. Казак бийлиги алардын саламаттыгы жайында экенин маалымдады. Түштүк-Чыгыш Азияны кыдырып жүргөн круиздик кеменин 3700дөй жүргүнчүсүнүн кеминде 218инде өпкөнү сезгенткен коронавирус аныкталды.

Ал арада Жапония, Филиппин жана Таиланд сыяктуу бир нече өлкө өз портторуна киргизбей койгон «Westerdam» кемесин жүргүнчүлөрдө коронавирус аныкталбагандан кийин Камбоджа кабыл алды.

Кытайдагы жергиликтүү жашоочулар өлкө башында турган Коммунисттик партияны «кризиске реакциясы жай болуп жатат, так маалымат жок» деп сынга алууда. Бийликтин дарегине мындай доомат авторитардык өлкөдө сейрек айтылат.

Кошмо Штаттардын расмий адамдары да Кытай өкмөтүн эпидемия тууралуу маалыматтарды жаап-жашырбай берип турууга үндөшүүдө. Алар 2002-2003-жылдары SARS оорусуна байланышкан кризисти жөнгө салууда Бээжин көп кемчиликтерди кетиргенин эске салышат. Анда өпкө кагынынан 800гө чукул киши өлгөн, дүйнөлүк соодага чоң зыяны тийген. Муну менен катар Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Кытай жаңы вирусту аныктоо жана ооздуктоо жаатында жакшы иш алып барганын, башка өлкөлөр алардан үлгү алса болорун белгиледи.

Уюмдун Чукул программалар боюнча аткаруучу директору Майкл Райян Женевадагы брифингде билдиргендей, сасык тумоо күчөп турган чакта жаңы коронавирусту ажыратып диагноздоо өтө татаал. Анын үстүнө Кытай дүйнөдөгү калкы көп өлкө. Уюмдун маалыматына ылайык, окумуштуулар ушу тапта ооруга каршы төрт түрдүү вакцинанын үстүнөн иштеп жатат.

Коронавирустан сактануунун эрежелери
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00


Ал тапта Кыргызстанда Кытайдан жаңы келген 123 адам дарыгерлердин көзөмөлүнө алынганы маалым болду. Дагы 591 киши жашаган жериндеги медициналык мекемелердин текшерүүсүнөн өтүп турууга милдеттендирилген.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда вирусту жугузуп алгандар катталган жок, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

Акыркы суткаларда өлкөгө сырттан кирген 25 миңден ашуун адам тепловизордун көзөмөлүнөн өткөн. 28-январдан бери Кыргызстанга 7054 адам Кытайдан келген. Алардын ичинен 190у кытайлык жарандар болсо, калгандары кыргызстандыктар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG