Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:38

Жеңиш Разаков кызматтан кетти


Жеңиш Разаков.
Жеңиш Разаков.

Кыргыз өкмөтүнүн коопсуздук жана чек ара маселелерине жооптуу вице-премьер-министри күтүүсүздөн кызматтан кетти.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өз арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгону президенттин расмий сайтына 11-февралда жарыяланды.

Коопсуздук маселелерине жана ЕАЭБ ишерине жооптуу болуп келген Жеңиш Разаков вице-премьер-министрлик кызматка 2018-жылы дайындалган.

Өткөн жумада андан ЕАЭБ иштери боюнча милдеттер алынган. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул милдетти жаңы вице-премьер Эркин Асрандиевге жүктөгөн.

Асрандиевди вице-премьер-министрликке бекиткен парламент жыйынында Абылгазиев "Разаков чек ара маселелерин чечүүгө көңүл бурат" деп баса белгилеген.

Разаковдун иштен кетиши кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү активдүү жүрүп жаткан учурда болду.

Жеңиш Разаков бул кадамын үй-бүлөлүк шартына байланыштуу түшүндүрдү:

“Үй-бүлөдөгү маселелерди калыбына келтирүү керек, ошондуктан арыз жаздым. Чек ара меселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Жогорку Кеңештин палатасынан да, жалпы жыйынынан да өтүп, түшүндүрүп чыктык. Бул кыйын маселе болгондуктан, жеринде эл менен да түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Менимче, чек араны чечүү маселеси көп жылдарга уланат. Мен баштаган ишти аягына чыгарыш керек беле же жокпу аны кудай билет. Бирок шартка жараша арыз жазып, иштен кеттим”, - деди Разаков “Азаттык” радиосуна берген комментарийинде.

Быйыл январда Баткен районунун Көк-Таш айылынын жанында, чек ара тилкесиндеги чатактан кийин эки тарап чек араны тактоо иштерин күчөткөн. Буга байланыштуу 1-мартка чейин Кыргызстандын Баткен району менен Тажикстандын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча варианттарды иштеп чыгуу макулдашуу болгон.

Ушул иштердин алкагында коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткендеги Тажикстан менен чектеш айылдардын тургундары менен жолугушууларды өткөрүп жаткан. Анын бири 8-февралда Баткен районунун Самаркендек айыл аймагынын Тескей аймагында, Чек-Дөбө, Терекзар аймактарында болгон.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев чек арага байланышкан иштер активдүү жүрүп жаткан кезде өкмөттүн мындай чечим кабыл алышын сынга алды:

“Бул жерде өкмөттүн иши чабал экени байкалууда. Чек арага жакын жайгашкан айылдын эли менен сүйлөшүү солгун болгондугунан кабар берет. Жер алмашуу процесси жүрүп жатканда керектүү киши кызматтан кетип жатат. Жеңиш Разаковго буга чейин ар кандай сын пикирлер айтылды. Аны кайсы бир ишке айыптагандар болду. Ушундан улам ал өзүнүн ыйгарым укугун жоготконун сезди окшойт. Жумуштан кетүү боюнча арызды өзү жазыптыр. Анын суранычын канааттандырып кызматтан четтеткен президент, өкмөт башчы ката кетирди деп ойлойм. Анткени кызматка жаңы келген адам кайра башынан карап чыгышы керек. Таанышып, үйрөнүп чыгууга убакыт кетет. Негизи эле Разаков болобу же башка киши болобу, чек ара маселесинде күчтүү жана чечкиндүү болушу керек. Болбосо жоопкерчиликти алган киши эле кызматтан кете берсе, маселе чечилбеген боюнча кала берет”.

Ал эми Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев чек ара маселесине келгенде дипломатиялык иштерде тажрыйбасы мол, эл аралык деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алган кадрлар кызматка келиши керек деп эсептейт:

“Кечээ жакында эле өкмөт вице-премьерлерди алмаштырып жатканда өз оюмду айттым. Абылгазиев менен кызматка чогуу келген өкмөттүн курамы кыйла өзгөрдү. “Эгер иштей албасаңар чогуу келгенсиңер, кайра чогуу кеткиле” дедим. Разаковдун кызматтан кете турган мезгили эчак эле келген. Чек арада чыр чыкканда эле кетиш керек эле. Башкача айтканда, элдин өкмөткө ишеними кеткенден кийин кызматта кармалып турбашы керек. Бизде ушул маданият калыптанбай жатат. Алар кызматтан кетиргиче күтүп жүрө беришет. Алмаштыргыс кадр болбойт. Менимче, ишбилги кадрлар жетиштүү”.

Акаев: Разаков элден кечирим сурасын, 22-январь, 2020-жыл

Буга чейин жарандык активисттер түзгөн «Чек ара» коомдук бирикмеси да Разаковду кызматтан алуу талабын койгон.

Баткендин мурдагы губернатору Мамат Айбалаев мындай учурда Разаковду кызматтан алуу менен бийлик туура кадам жасады деп эсептейт:

“Абдан туура чечим болду. Себеби, эл Жеңиш Разаковдун кетишин талап кылып жаткан. Бийлик элди угуп, туура кылды. Эми анын ордуна чек ара көйгөйүн жакшы билген, тажрыйбалуу, таза кадр келиши керек. Жаңы келген вице-премьер Разаковдун колунан келбеген ишти кылышы абзел”.

Соңку жылдары кыргыз медиасында Жеңиш Разаковдун дарегине сын көбүрөөк айтылып келет.

Алсак, 2016-жылдын башында, Баткен облусун жетектеп турган учурда e-tadjikistan.org сайтына «Кыргызстандын өкмөтүндө Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын агенти иштеп жатат» деген макала чыккан. Анда Шабнами Собири аттуу кабарчы атайын кызматтын Согди облустук бөлүм башчысы Жеңиш Разаковду «тыңчылыкка» тартып алганын жазган. Баянда кыргыз аткаминери ага кайсы бир айыбы үчүн макул болгону жана азыр да кызматы үчүн тажик тараптан акы алып тураары көрсөтүлгөн.

Бул макаланы ошол учурда Кыргызстандын бир катар маалымат каражаттарынын көбү которуп басып, кээлери шилтеме берүү менен чагылдырышкан.

Бирок аталган маселени Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети «вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун чет элдик атайын кызматтарга тиешеси бар» делген маалыматты текшерип чыгып, ал чындыкка туура келбей турганын билдирген.

Мурдагы вице-премьер өзү да бул маалыматтарды четке кагып, журналисттер менен соттошкон жайы бар.

Жеңиш Разаков эмгек жолун 90-жылдары Кызыл-Кыя шаарындагы машине куруу заводунун бөлүмүндө устачылыктан баштаган. 1997-жылы ички иштер органдарына кирип, 2011-жылы Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилик кызматына жеткен.

2012-жылы өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү, 2016-жылы вице-премьер-министр болгон. Ортодо Коопсуздук кеңешинин катчысы, президенттин кеңешчиси болуп, 2018-жылдан бери кайрадан вице-премьер-министр катары иштеп келген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG