Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Баткенде Разаков жер алмашуунун жол-жобосун түшүндүрдү


Баткен.
Баткен.

Коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткендеги Тажикстан менен чектеш айылдардын тургундары менен жолугушууларды өткөрүп жатат.

Өкмөттөн кабарлашкандай, жолугушуу жүрүшүндө чек араны тактоо, Кыргызстан жана Тажикстандын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча маалымат берүүдө.

“Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү жашоочулардын сунуштарын угуп, Тажикстан Республикасы менен жер алмашуунун мүмкүн болгон варианттары талкууланды. Жергиликтүү жашоочулар менен талкуу аяктаган соң аймактарды алмашуу маселесин андан ары илгерилетүү боюнча макулдашылган аракеттер көрүлөт”, - деп айтылат өкмөттүн маалыматында.

Жеңиш Разаков тажик тарап менен өз ара жер алмашуу чек ара маселеси улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен гана чечилерин кошумчалаган.

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечиш үчүн эки жерди алмашуу боюнча бир пикирге келгени январь айында кабарланган. Мындан тышкары чек арадагы 114 чакырым жер эки өлкөнүн бардык карталары боюнча туура келгени жана аларды бекитсе болору айтылууда.

Учурда эки мамлекеттин топографиялык топтору Баткен району менен Исфара шаарынын «Самаркандек» жана «Көк-Таш» тилкелеринин ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG