Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 27-февраль, 2020 Бишкек убактысы 10:19

«Чек ара» бирикмеси: Жеңиш Разаковго жооп кайтарууга мүмкүнчүлүк берилбей жатат


Гүлжигит Исаков.

«Чек ара» бирикмеси вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун айткандары боюнча Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрө албай жатканын билдирүүдө.

Бирикменин мүчөсү Гүлжигит Исаков «Азаттык» радиосуна айтып бергенине караганда, өткөн аптада «Элдик медиага» кайрылганда алар оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын айтышкан. Ал эми 28-январда «Super.kg» пресс-борборунда маалымат жыйын өткөрүү макулдашылган:

- Бүгүн 10:30га деп макулдашылган, бирок 9да чалып, техникалык мүчүлүштүктөн улам пресс-конференция болбойт деп айтышты. Темабыз чек арадагы акыркы жагдай жана Жеңиш Разаковдун митингге чыккандар тууралуу айтканына жооп болчу. Үнүбүздү элге жеткирели деп Баткен, Лейлек райондорунан келишти эле. Техникага шылтоолоп үзгүлтүккө учуратып жатышат.

Исаков «Фейсбуктагы» баракчасында «Super.kg» басма сөз борборунан түз эфир да уюштурду. Анда борбордун кызматкери «Түшүндүрүп бербедимби. Иштебей калды, атылып кетти деп сизге айтпадымбы» деп жообун берип жатканын көрүүгө болот.

Баткен районунун Көк-Таш айылынын төрт тургуну «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шектүү катары 11-январда кармалган. Кадамжай райондук соту 13-январда аларды бир айга камакка алды.

15-январда Жогорку Кеңештин алдында кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени чечүү, Көк-Ташта кармалгандарды бошотуу тууралуу талап менен нааразылык акциясы өткөн.

«Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөсү Бекназар Айталиев акцияга чыккандар бийликке алты талап коюп жатышканын, арасында Разаковду кызматтан алуу жөнүндө талап да бар экенин айткан.

21-январда Разаков Бишкектеги митинг акча менен уюштурулган деп эсептей турганын айткан:

- Менин жеке оюмда, алар акча менен чыгарылган адамдар. Эгер «кимдин адамы көп» десеңер мен да адамдарымды чыгарып көрөйүн. Баткенди көтөрөйүн, анда биз элди көтөрүп эле жүрө берели. Мен мамлекеттик кызматкермин, мага андай болбойт.

«Чек ара» бирикмеси 2019-жылдын ноябрь айында түзүлгөн. Анын бүгүнкү билдирүүсү боюнча өкмөт жооп кайтара элек. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (19)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG