Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:28

Өкмөттөгү кадрдык жүрүштөр


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров өз арызы менен кызматтан кетти. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев анын ордуна дароо эле Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башчысы Эркин Асрандиевдин талапкерлигин көрсөттү.

Вице-премьер-министрликке Эркин Асрандиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер комитетинде талкууланып, колдоо тапты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Асрандиев өкмөттүн финансы-экономикалык маселелерине толугу менен жооп берерин, муну менен вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго жүктөлгөн милдеттердин бир бөлүгү алынарын билдирди:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Разаков чек ара маселелерин чечүүгө көңүл бурат, ал эми коңшулар менен экономикалык карым-катыш, алака маселесин, анын ичинде Евразия Экономикалык Биримдигиндеги (ЕАЭБ) өлкөлөр менен маселени чечүү вице-премьер-министрге, тагыраагы Эркин Асрандиевге жүктөлөт. Бул маселеде Эркин Шамшудиновичтин салымы чоң болот деген ойдомун. Анткени ал Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун жетектеп турганда кыргыз өкмөтү менен Орусиянын финансы министри жана башка өкмөт мүчөлөрү менен карым-катнашы жакшырды».

Өкмөт башчынын маалыматына караганда, Замирбек Аскаров өз каалоосу менен кызматтан бошотуу жөнүндө арызды президенттин атына 3-февралда жазган. Анын талапкерлиги учурда бош турган өзгөчө кырдаалдар министринин кызматына көрсөтүлдү. Аскаров вице-премьер-министрлик кызматты 2018-жылдан бери аткарып келген.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Бир Бол» фракциясынын мүчөсү Мыктыбек Абдылдаев Асрандиевдин талапкерлиги коалициялык көпчүлүктө каралбай туруп эле, парламент комитетине чыгарылганын сындады:

«Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында «мыйзам алдында баарыбыз жооп беребиз, мыйзамды бузбайлы» деди. Эми мыйзамды өкмөт башчы, парламенттеги коалициянын жетекчиси бузуп жатат. Экөө эле чече береби? Андай болсо парламенттин жетекчилиги эмнеге отурат? Буга премьер-министр жана коалициянын жетекчиси жооп бериши керек».

Парламенттеги Кыргызстан социал-демократтар фракциясынын лидери, Коалициялык көпчүлүктүн башчысы Иса Өмүркулов талапкер маселеси фракция башчылары менен талкууланганын гана айтты.

Министрлер кабинетиндеги Евразия Экономикалык Биримдигиндеги (ЕАЭБ) өлкөлөр менен иштешкен вицеликке жаңы адамды алып келүү кыргыз-казак чек арасында жаңы жылдан кийин автотыгын болуп, ал эми уюмдун ичиндеги тоскоолдуктар жоюлбай, карама-каршылыктар уланып жаткан учурга туш келди.

ЕАЭБ мамлекеттеринин ичиндеги чектөөлөр менен тоскоолдуктарды жоюу маселеси өкмөт башчылардын өткөн жумада Алматыда өткөн жыйынында да көтөрүлгөн.

Министрлер кабинетиндеги кадрдык жүрүштөрдү Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев сынга алып, өкмөттү кызматтан кетирүү маселесин көтөрдү:

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

«Мына сиз (ред. Абылгазиев) менен кошо кызматка келген курамдын азыр канчасы калды? Менинче учурда алардын 10-20% гана иштеп жатат. Калганын алмаштырдыңар. Эгер биринчи түзүлгөн курам менен иштей албасаңар кызматтан кеткиле да. Маселе бар, ошондуктан муну коалицияда караш керек».

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, юрист Атыр Абдрахматова өкмөттөгү кадрдык алмашуулардын оош-кыйышына, иштин сапатына байланыштуу айтылып жаткан сын-пикирлерге парламент жоопкер деп эсептейт:

«Анткени, Жогорку Кеңеш өкмөт курамын бекитип, колдоп берет. Парламенттик башкаруу системасынын эрежеси ушундай. Парламенттеги депутаттар, фракциялар да жоопкерчиликти моюнга алышы керек. Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын программасы болууга тийиш. Аны аткаруу үчүн өкмөт башчы көрсөтүлөт. Ошол программанын аткарылышына оппозиция көзөмөл кылышы кажет. Бизде кандай болуп жатат? Программаларда конкреттүү эч нерсе жок. Жалпылап эле жазыла берет. Анан өкмөттүн ишинде тактык болбойт да. Фракциялар болсо өкмөттүн бутактарына көзөмөл кылганга аракеттенип, ар кайсыл министрликтерди да бөлүштүрүп алышат. Премьер-министр канчалык мыкты болбосун, команда топтой албаса, көпчүлүк коалициянын так программасы болбосо, анда иште чабалдык жарала берет».

"Өкмөттүн чабалдыгы үчүн парламент жооптуу"
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:09 0:00


Ал эми президентке караштуу Башкаруу академиясынын ректору, саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев кадрдык өзгөрүштөр мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептейт.

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

«Ишти жакшы алып барып жаткан өкмөттүн мүчөлөрүнө дем берип туруш керек. Ал эми ишин жакшы көрсөтө албай жаткандарды башка кызматка алып барып, алмаштырып туруш керек. Бул жумуштун жүрүшүндө боло турган кырдаал», - деди ал.

Деген менен айрым адистер муну быйыл күзүндө болчу парламенттик шайлоого карата даярдык катары баалап жатышат. Маселен, юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев шайлоого жакын башка да кадрдык жүрүштөр болушу күтүлөрүн айтты:

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

«Шайлоого жакындаганда кадрдык өзгөртүүлөрдү киргизиши жаңылык эмес. Алар элдин добушун алышы керек. Бул биринчи жолу болуп жаткан жок. Бийликтегилер «таасиримди жоготуп койбоюн, шайлоодо жеңип калалы» деген кадамдарга барышат. Бул көрүнүш буга чейин эле болуп келген жана боло берет».

Абылгазиевдин өкмөтү 2018-жылдын апрель айында кызматка киришкен. Алар программасын «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» деп атаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG