Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:38

Өкмөт сындалган кадрлардан арылды


Өкмөт Үйү.
Өкмөт Үйү.

Коомдогу нааразылыктан улам кызматсыз калгандардын катарын бүгүн айыл чарба министри Нурбек Мурашев менен экономика министри Олег Панкратов толуктады.

Акыркы күндөрү ар түркүн жаңжалдарга кириптер болгон кыргыз өкмөтү эми кадрдык жүрүштөр менен ишин улантууда. Бүгүн Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөттүн эки мүчөсү: айыл чарба министри Нурбек Мурашев менен экономика министри Олег Панкратов кызматтан кетти.

Мурашев өз чечимин «мен жөнүндө сөз көбөйүп кетти» деп түшүндүрсө, Панкратов коомчулуктагы сын-пикирлерден улам кызматын тапшырууну чечкенин моюнга алды.

Олег Панкратов.
Олег Панкратов.

«Акыркы учурда абдан көп сын айтылып жатат. Аны эске алуу менен кызматты ээлеп турууга моралдык укугум бар деп эсептебей калдым. Ошондуктан кызматтан кетүүгө арыз жаздым», - деп түшүндүрдү Панкратов.

Чынында эле кийинки убакта кызматтан кеткен министрлердин айланасында абдан көп сөз жүрүп жаткан. Ал түгүл Нурбек Мурашевди ишкердик уюмдар «эң начар министр» деп атап, «кара көлөш» да тартуулаган.

Панкратовду болсо ишкерлер «жакшы министр» деп санаганы менен өлкөдөн чыккан экспорттун азайганына, ЕАЭБдеги маселелерге байланыштуу анын дарегине парламентте абдан дооматтар коюлуп келген.

Дал ушундай шартта артынан сөз ээрчиген эки министр кызматтан кетти. Бул кырдаал саясий чөйрөдө ар кандай бааланууда. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров акыркы кадрлык чечимдерди өкмөт өз ишиндеги кемчиликтерди аныктап, аны оңдоого аракет кылып жатканы деп баалады:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

«Премьер-министрдин отчетун парламентте бекиткенде «мындан ары иштей албай жаткан өкмөт мүчөлөрүн кетирем» деп айткан эле. Премьер-министр ошол токтоосуз чара көрүп жатат деп ойлойм. Жүктү жакшы тарта албай жаткан кадрлардын ордуна жаңы кадрларды алып келүү боюнча аракети туура эле».

Анткен менен улам улам бир чырга туш болгон өкмөттөгү кадрдык жүрүштөрдү коомдогу нааразылыкты басаңдатып, өзүн сактоо аракети катары сыпаттагандар бар. Алардын бири парламенттин мурдагы депутаты, саясий эксперт Алишер Мамасалиев.

Алишер Мамасалиев.
Алишер Мамасалиев.

«Коомдо өкмөткө, премьер-министрге карата абдан көп сын айтылып жатканын байкап жатабыз, - дейт ал. - Ошондуктан өкмөт башчы «министрлерди кызматтан кетирсем балким саясий температура төмөндөйт» деп ойлоп жатса керек. Ушундай үмүтү бар окшойт. Бирок акыркы чечимдердин саясий абалга чоң деле таасири болбойт деп ойлойм. Өкмөттү кетирүү боюнча аракеттер улана бериши мүмкүн. Бирок өлкөдө ШКУнун саммитин эске алуу менен аны өткөрүү убагында мындай маселени токтото туруш керек».

Чынында эле кийинки апталардагы окуялар өкмөттү күтүлбөгөн кадрдык жүрүштөргө аргасыз кылды көрүнөт. Алгач болуп өкмөт курамындагы таасирдүү орган болуп саналган УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов кызматын тапшырууга аргасыз болду. Анткени өлкөдө эки айдан бери уланып жаткан «паспорт жаңжалы» деген аталыш менен териштирүүдө Кадыркуловдун аты аталган.

Мындан бир апта өтпөй Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөт кезектеги сыноого кабылды. Бул ирет «КТ Мобайл» ишканасын түзүү боюнча жаңжалда премьер-министрдин ысымы аталды.

Уюк байланыш чөйрөсүндөгү ишкана түзүүдө Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин аралашканы айтылып, мындай жагдайдын жаралышына жол берген деп табылган өкмөт аппаратындагы жетекчилер кызматтан кетти.

Тактап айтканда, өкмөт аппаратынын жетекчиси Шамил Асымбеков, анын орун басары Мурат Мукамбетов жана Маалыматтык технологиялар комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиев иштен бошотулду.

Негизи Кыргызстанда өкмөт кыйчалыш учурга кептелгенде кадрларды тез-тез алмаштырууну адатка айландырганы айтылып келет. Өз кезегинде бул кадр тандоодо узак мөөнөткө максат койбой, кыска гана кызыкчылыкты көздөйт деген пикирлер да бар. Эксперт Алмаз Кулматовдун айтымында, мындай кырдаал жалпы мамлекеттик саясаттын ыраттуу жүрүшүнө өз таасирин тийгизиши мүмкүн:

Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

«Кызматкерлерди дайындап коюп, кайра кайсы бир жагдайдан улам тез эле садага чабуу системага айланып калды. Буга бир четинен кадрлар кылдат тандалбаганынын кесепети. Жетекчилик кызматка тандалган адам кылдат иргелип, мамлекет үчүн кызмат кылууга даяр болуп келиши керек болчу».

Учурда бош турган жетекчилик кызматтарга кимдер дайындалары ачык айтыла элек. Бир гана Маалыматтык технологиялар боюнча мамлекеттик комитетке премьер Абылгазиев президенттин кеңешчиси Дастан Догоевдин талапкерлигин көрсөттү.

Ал эми айыл чарба министринин ордуна жаш ишкер Тилек Токтогазиев өз талапкерлигин коерун жарыялады.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG