Линктер

жума, 15-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 08:35

Жакупова: Президентти кадрлары уят кылууда


Чолпон Жакупова

«Адилет» укуктук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова өткөн аптада жемкорлукка каршы күрөшүү убадасына эмне үчүн эл ишенбестигин белгилеп президентке кайрылуу жолдоду.

«Азаттыкка» берген маегинде Жакупова мыйзамдын колдонулушу жана жарандардын коопсуздугу жаатындагы абалдын начарлап кетишин шарттаган жагдайларга токтолду. Ага улай мыйзамды коргоо жана көзөмөлдөөчү кызматтардагы кадр саясаты тууралуу пикирин билдирди.

Кадрлар тууралуу

«Азаттык»: Сиз президенттин жемкорлукту жоюу жөнүндөгү убадасына ишенесизби?

Жакупова: Бул боюнча айта турганымдын баарын кайрылууда айттым. Кайрылуунун аты эле айтып турбайбы – эмне үчүн жарандар президенттин убадасына ишенбейт, аны олуттуу деп эсептебейт? Анткени мыйзамдын иштеши айтылгандарга дегеле коошпогон, теңирден тескери иштерди көрсөтүүдө. Анан да капиталдын сыртка чыгарылыш статистикасы айтылгандарга кайчы чыгып жатпайбы. Биз ага мамлекетти башкаруунун ырааттуу системасы түзүлүшү, анын ичинде күч кызматтарын башкаруу боюнча кайрылып жатабыз.

Президенттин ыйгарым укуктары чектелүү экенин билебиз, тергөө, сот органдарынын ишине кийлигише албашын түшүнөбүз. Анткен менен президент кадр саясатындагы негизги оюнчу, жооптуу кызматтарга жетекчилерди тандоо жана сунуш кылуу, тигил же бул түзүм башчысына кимди дайындоо анын макулдугусуз ишке ашпайт.

Президент башкы прокурорго талапкерди сунуш кылат, анын макулдугу менен Жогорку соттун төрагасы шайланат. Ал иш билгилерди гана кызматка коюшу керек. Алар аткарылчу ишти көзөмөлгө алышат. Президент сабаттуу башкаруучуларды жооптуу кызматтарга койсо бийликтин арты бекем болот. Андайда президент институту туш тараптан сынга алынбайт, жарыя кылган демилгелери арасат калбай, ишеним жаратат.

«Азаттык»: Мындан келди, сиз баары кадрларга байланыштуу деп эсептейт окшойсуз?

Жакупова: Анан кандай, баары кадрларга байланыштуу. Президентти кадрлары уят кылып жатышат деп эсептейм. Өзү да уят болууда, себеп дегенде, мындай кадрларды койбош керек болчу.

Кедерине кетүү туурасында

«Азаттык»: Кайрылууда сиз бир катар мыйзам бузуулардын мисалын келтирипсиз. Быйыл жыл башынан Кылмыш, Кылмыш-жазык, Жоруктар боюнча кодекстер күчүнө кирди. Мыйзам сактоочу, көзөмөл жүргүзчү органдар тарабынан пайдаланып кетчү ачык, бош калган жерлер жокпу?

Жакупова: Бул кодекстерди биз колдойбуз. Кодекстер, аларга кирген өзгөрүүлөр начар деп жөнсүз сын айтуудан алысмын. Проблеманын баары ошол кодекстер иш жүзүндө кандай колдонулуп жатканына байланыштуу. Эки революциялык бийлик алмашуусунан кийин кызматка тартылган адистер менен жооптуу кызматтарга дайындалган адамдардын деңгээли жайында буга чейин айткам… Алардын кесиптик чеберчилиги даярдоо сапатын салыштырып көрүү керек...

Мамлекеттик кызматтан тажрыйбалуу адамдар кетип, алардын ордун революцияда жасаган эмгеги эске алынган адамдар келүүдө, тигил же бул адамга жакын делгендер жооптуу кызматты ээлешүүдө. Башында ырааттуулук бар болчу, көчөдөн келген кишини жооптуу кызматка жолотушчу эмес. Антиш ойго да келчү эмес. Мурдагы мыйзам тартибине ылайык, мисалы, башкы прокурорго жетиш үчүн ал системада жок эле дегенде 10-15 жыл иштеген, кызмат тепкичтеринин баарынан өткөн адам болушу керек эле.

«Азаттык»: Кедеринен кетүү деп жаттыңыз эле?

Жакупова: Азыр бардык системада ушундай. Мурда система өзү биринчи жетекчини көп жылдар даярдачу. Азыр болсо антпей түз эле “түндүктөн түшүп келип” отуруп калып атпайбы. Артынан кеңешчилерин, жакындарын, дагы башкаларын ээрчитип келишет. Тажрыйбалуу адистерди ар кыл шылтоолор менен четке чыгарышат… Мунун натыйжасында көп маанилүү тармактарда жетиштүү даярдыгы жок адамдар отурушат, алардын кесиптик деңгээли жок, тажрыйбасы нөл.

Жаңы кодекстер жөнүндө

«Азаттык»: Бул сиздин биринчи кайрылууңуз эмес. Буга чейинкилерге жооп болдубу?

Жакупова: Кайдан. Алгач мыйзамдардын бир бөлүгү – кодекстер ишке киргизилгенде президентке кайрылганбыз. Биринчи талдообузду жаңыдан ишке киргизилип жаткан жаңы кодекстерге карата алгачкы аналитикалык бүтүмүбүздү 2019-жылдын мартында эле бергенбиз. Талдап көрүп аларда кандай боштуктар калганын айтып бергенбиз. Аныбыз ачык кайрылуу болчу, президентке багышталган эмес. Кайрылууну жаңы кодекстерди ишке киргизчү жумушчу топко жөнөткөнбүз. Ага жооп алганыбыз жок. Ошондон кайсы сунуштарыбыз жарап, кайсылары четке кагылганын билбей калдык.

Бул кайрылууну президентке жолдодук. Биринчи кайрылууда сунуштар бар эле, мында болсо ал сунуштардын аткарылбай калышы эмнелерге алып келгенин айттык.


«Азаттык»: Мында так көрсөтүлгөн болуу керек?

Жакупова: Сооронбай Шарипович өзү "конкреттүү мисалдарды бергиле, кайрылгыла, жакшы жакшыртууга багытталган сунуштарга менин эшигим ачык" деп айткандан улам сунуштарыбызды конкреттүү мисалдар менен бекемдедик. Аныбыз куру сөз болуп калбашы үчүн ушу тапта бизде учураган үрөй учурарлык көрүнүштөрдү алып, аларды кайрылууга мисал катары коштук.

Биздин кайрылуунун маңызы мындай: «Президент мырза, жарамсыз кадр саясатынын айынан, мыйзам сактоо органдарынын теске салып туруу, көз карандысыз сот бийлигинин жоктугунан бизде мамлекеттик башкаруу системасы кедеринен кетип баратат». Мунун баары инвестициялык маанайга, ишкерлердин коопсуздугуна, дагы айтсак, ар бир жарандын коопсуздугуна залакасын тийгизет.

Ар бир адамга карата алганда кайрылууда биз чектен тыш мисалдардын көбүн келтирдик. Жөнжай жүргөн адам эмнени ойлойт? Мыйзам бузбасам, кайдан жүрүп мен мыйзам коргоо органдарындагы зомбулуктарга туш келишим мүмкүн, мыйзам сыйлаган адам болсом деп ойлойт. Бирок ар бирибиз бу тирүүлүктө толгон-токой келишимдерге кол коёбуз, сатып алуу-сатуу макулдашуусун түзөбүз.

Жоопкерсиздик жөнүндө

Жакупова: Маселен, жаңы кодекстерде кызмат адамынын жарандардын арызына жооп бербей койгондугу боюнча жоопкерчилигин алып салышты. Мурда жооп беришке милдеттүү болчу, адвокаттардын өтүнүчү жоопсуз калчу эмес. Азыр аны эч ким аткарбайт. Мурдагы мыйзам боюнча кызматтагы адам арызга он күндүн ичинде жооп беришке милдеттүү болчу. Азыр жок.

«Азаттык»: Кимдир бирөөлөр атайылап ушундай актай жерлерди калтырып кеткендей таасир калтырат…

Жакупова: Кызмат адамын бул үчүн жоопкерчиликке тартуу мүмкүн эмес. Мыйзам иштеп чыккандарга кайрылып: «Эмне кылып жатасыңар? Жаңы кодекстерге ылайык коргоо азайып кетиптир, биз эми коргой албайбыз» дедим. Алар баары соттук тартипте жөнгө салынат дешти. “Сөзсүз сотко арыздануу” деген эмне? Ал үчүн сен соттук пошлина төлөп, бардык укуктук жөрөлгөлөрдөн өтүшүң керек. Мунун баары кымбатка турчу иштер. Сот системасына карата жарандардын ишенимин эске алсак, акыл-эстүү жаран акыйкаттык издеп сөзсүз сотко барат деп айтыш кыйын.

«Азаттык»: Ишенүү-ишенбөөнү эсепке алганда…

Жакупова: Ал айтат да: Мейли эми бул чоң жазаланбай эле калсын. Жарандар качан сотко кайрылышат, аларды токмоктогондо, кыйнаганда дагы башка учурларда, ал эми кызмат адамы алардын укугун көз көрүнөө бузуп жатса ал үчүн сотко барышпайт. Ал эми Жоруктар тууралуу жаңы кодексте бардык иштер сот органдары тарабынан гана чечилиши керек. Сотко барганда төлөш керек. Мунун баары кымбатка турчу иштер.

«Азаттык»: Сот пошлинасын азайтуу тууралуу кеп боло элекпи?..

Жакупова: Пошлина кымбаттады – бир деп коюңуз. Анан адвокат жалдаганга да бир топ акча кетет. Биздин жарандар сотко сабаттуу арыз жазып, анан айлап-жылдап сот эшигин жыртканга кайыл болоруна, аларда жетиштүү укуктук билими барына ишене албайм. Мындан кызмат адамдары гана утушат, алар жоопкерчилик тартпай калышат.

«Азаттык»: Баары айланып келип эле бир жерге топтолот, жарандарды сотко жөнөтүшөт, сот пошлинасын кымбаттатышат. Башкача айтканда, сотко жетиш кыйынга туруп калат турбайбы...

Жакупова: Жарандардын корголушу кыйла азайды, ал эми аткаминерлердин корголушу көбөйдү.

Маек орус тилинен которулду. Түп нускасын бул жерден окуңуз.

Маектин кыскартылган тексти, толугу менен видеодон көрүңүз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (30)

XS
SM
MD
LG