Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Бажы: жаңы башчы, эски схемалар


Алтынбек Торутаев.
Алтынбек Торутаев.

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилиги бир жылдан ашып-ашпай кайра алмашты. Мурдагы төрага Алмаз Оңолбековдун ордуна Алтынбек Торутаев келди.

Торутаев буга чейин ушул эле кызматта орун басар, Түштүк-Батыш бажысында, Ош бажысында жетекчилик орундарда иштеген. Бирок коомчулукта аны дароо эле экс-бажычы Райымбек Матраимов менен байланыштыргандар чыкты.

Орун басар жетекчи болду

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Алмаз Оңолбеков кызматтан алынганы кабарланары менен артынан эле анын орун басары Алтынбек Торутаев жаңы төрага болуп дайындалганы маалымдалды. Жаңы жетекчини мекеменин жамаатына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзү тааныштырып, Торутаевди компетенттүү кадр катары мүнөздөдү.

Өкмөттүн аппараты тараткан билдирүүдө Абылгазиевдин жыйындагы сөзү мындайча келтирилет:

«Сиз бажы кызматынын иш өзгөчөлүгүн жакшы билесиз жана оң натыйжаларга жетишүү үчүн бардык күч-аракетиңизди жумшайсыз деп ишенем. Мен премьер-министр катары сизге ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү берем. Бардык бекеттерде, ар бир иш тилкесинде тартипти камсыз кылууга тийишсиз. Бажы ишин максималдуу түрдө ачык кылыш үчүн бардык процесстердин ачык-айкындыгын камсыз кылуу маселесине басым коюшуңуз керек. Көйгөйлөр топтолгон жерлерде жигердүү иштерди жүргүзүү маанилүү болуп саналат. Өлкө экономикасы үчүн өз ишинин маанилүүлүгүн түшүнүүгө умтулган, чынчыл жана компетенттүү кызматкерлерди колдош керек».

Алтынбек Торутаев, Мухаммедкалый Абылгазиев жана Алмаз Оңолбеков (солдон оңду карай). Тааныштыруу учуру. 5-август, 2019-жыл.
Алтынбек Торутаев, Мухаммедкалый Абылгазиев жана Алмаз Оңолбеков (солдон оңду карай). Тааныштыруу учуру. 5-август, 2019-жыл.

Өкмөт башчы ошондой эле кызматкерлердин көңүлүн бажы тутумун фискалдаштырууну, бажы инфратүзүмүн өнүктүрүүнү, заманбап идентификациялык-текшерүү комплекстерин курууну мындан ары карай күчөтүү зарыл экенин белгиледи.

Жыйында Алтынбек Торутаев өзү кандай билдирүүлөрдү жасаганы өкмөттүн кабарында белгиленген эмес. Аталган кызматта ал кандай жумуштарды жасайт, эмне жаңылыктарды киргизет, бажыдагы мыйзамсыздыктар менен кантип күрөшөт - буларды өзүнөн тактоого мүмкүн болгон жок. Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мүсүрканов Торутаев азырынча журналисттердин суроолоруна жооп бере албай турганын айтты.

Мамлекеттик бажы кызматы.
Мамлекеттик бажы кызматы.

42 жаштагы Алтынбек Торутаев - Нарын облусунун кулуну. Эмгек жолун Мамлекеттик салык кызматында, Экономика жана Финансы министрликтеринде ар кандай кызматтарды аркалоо менен баштаган. 2007-жылдан тартып бажы тармагына кирип, алгач мекеменин Бажы төлөмдөрү башкармалыгында инспектор, орун басар болгон. 2014-жылы Түштүк-Батыш (Ош-Жалал-Абад) бажысынын башчысынын орун басары, 2015-жылы Ош бажысынын башчысы болуп дайындалат. Ал жерде бир жыл иштегенден кийин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басарлыгына келет. 2017-жылдын аягында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулуп, кайра Бажы төлөмдөрү башкармалыгын жетектеп калат. Былтыр августта кайрадан төраганын орун басары болуп дайындалса, эми дагы жогорулап отурат.

Бажы тармагындагы адистер Алтынбек Торутаевди иш билги кадр катары сүрөттөшүүдө. Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы, депутат, мурдагы бажы инспекциясынын жетекчиси Салайдин Айдаров мындай дейт:

Салайдин Айдаров.
Салайдин Айдаров.

«Торутаев Мамлекеттик бажы кызматына мен кеткенден кийин келген экен. Бирок төрт-беш жылдан бери депутат катары, Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде иштешип, аны көрүп-билип калдым. Адис катары, бажы тармагынын киреше бөлүгүн аябай жакшы билген, кесипкөй жигит экен. Принципиалдуу, орус мүнөз, таза бала экен. Мурдагы жетекчи Алмаз Оңолбеков «оперативник» болчу, Алтынбек Торутаев ушул каржы жагына адистешиптир. Ошондуктан мен анын иштеп кетишине көзүм жетет. Торутаевдин өзүндө да «мындай иштерди кылам, тигиндей өзгөртүү жасайм» деген пландары деле болсо керек, ошолорду ишке ашырар. Негизи бажыга жөндөн-жөн келип, күн өтсө болду деген киши жарабайт. Бажы төлөмдөрүн, кирешелерди көбөйтүш керек».

Торутаев жана Матраимов

Алтынбек Торутаев Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалары менен бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары анын мүлкүнө кызыгышты. Анда жазылган кабарларга ылайык, Торутаев 2015-жылкы декларациясында жылына жарым миллиондой киреше таап, кайра ушунча сумманы иштетерин, 39 чарчы метрлик батири жана үч автоунаасы бар экенин келтирген. Ал 2016-жылы кирешеси өсүп, батиринен сырткары бир гана автоунаасы калганын көрсөткөн. Бирок бажычы декларациясында туугандарынын кирешесин көрсөткөн эмес.

Сайттарда жана социалдык тармактарда мындан сырткары Алтынбек Торутаевди Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, «Раим миллион» каймана аты менен таанылган Райымбек Матраимов менен байланыштыргандар да чыкты. Пикир калтыргандар буга Матраимов түштүк бажысын жетектеген учурда Торутаев анын орун басары болуп иштегенин, Матраимов мекеменин төрагасынын орун басары болуп келгенде Торутаев Ош бажысынын башчылыгына дайындалганын жүйө келтиришүүдө.

Бажы тармагындагы коррупцияны иликтеп жүргөн журналист Семетей Талас уулу буларга токтолду:

Семетей Талас уулу.
Семетей Талас уулу.

«Алтынбек Торутаев мурда орун басар болсо деле көп таанымал эмес, таасири анча жок кадр болчу. Бирок азыр капыстан эле кызматтык секирик жасаганы көпчүлүктү күмөн санатты. Ошондон улам аны көбү Райымбек Матраимовдун эле кадры деп жатышат. Себеби Матраимов бажыда расмий түрдө иштебегени менен анын кадрлары бардык эле бөлүмдөрдө бар. Негизги чечүүчү жерлерде балдары, өкүл балдары турат. Акчанын баары кайра эле ошол жакка кетип жатат. Балким Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалык кызматын алуу менен ал жалпы системаны бир колго алгысы келгендир?»

Буга чейин Финансы министрлиги быйылкы жылдын алты айында бажы төлөмдөрү пландалгандан кеминде 9 пайызга аз жыйналганын кабарлаган. Мамлекеттик бажы кызматын 2018-жылдын май айынан бери жетектеп келаткан Алмаз Оңолбековдун иштен кетишинин себебин өкмөт ачык айтпаганы менен, адистер мына ушундан көрүп жатышат. Андай болсо, ошол эле жетекчинин орун басары келгенден бир нерсе өзгөрөбү? Жаңы жетекчи бажыдагы аткезчиликти тыйып, бажы төлөмдөрүн көп чогулта алабы?

Эркин Абдразаков.
Эркин Абдразаков.

«Аймактарда иштегендер нормативдик-укуктук ченемдерди, жогору жактын «муну тосуп ал», «тигини кызматтан алып, муну кетир» деген көрсөтмөсүн эле аткарышат. Өздөрү кадр маселесин чечпейт, аткаруучу гана. Ошон үчүн бир команда болуп алып, «тирөөчү, коргоочусу» менен кошо кызматтан кызматка өсө беришет. Ошонун ырын ырдай беришет. Торутаев албетте, аймакта жүрүп тажрыйба топтогондур, бирок республикалык деңгээлде ишти алып кете алабы, өз алдынча чечим кабыл алууга саясий духу жетеби - ал башка маселе. Мен өкмөттүн Салык жана Бажы кызматтарында жетекчини алып, ордуна анын орун басарларын коюп жаткан аракеттерин агония деп эсептейм. Алмаштырымыш болгон менен бул тармактагы кирешелерди арттырууда майнап чыгышына көзүм жетпейт. Себеби жетекчилер алмашканы менен эч нерсе өзгөргөн жок. Ошол коррупциялык система ошол эле боюнча калып жатат», - деди экономист Эркин Абдразаков.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчилеринин ичинен Адамкул Жунусовго тармактагы коррупциялык аракеттерге байланыштуу кылмыш иши козголсо, Кубанычбек Кулматовго башка иштер боюнча иш ачылган. Экөө тең камакта отурушат.

Мекеменин төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов болсо Сапар Исаковдун өзүн иштен алган буйругуна каршы сотко даттанып, утуп чыккан. Ага карата мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана коомчулуктун сын-пикирлеринин фонунда ал Түркияга жеке менчик компанияга вице-президент болуп кеткени кабарланды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG