Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

ИИМ талаштуу кадрын коргоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда Ички иштер министрлиги кайрадан коомчулуктун талкуусуна түштү. Буга чейин министрликтин жетекчилери ортосундагы тиреш көпчүлүктүн көңүлүн бурса, бул ирет аталган органдагы башкармалыктардын бирине мурда кылмышка шек саналган адамдын дайындалганы талаш жаратты.

Ички иштер министрлигине байланыштуу кезектеги жаңжалга кадрдык дайындоо тамызгы болду.

Бир катар маалымат агенттиктери өз булактарына таянып, ИИМдин Криминалдык милициясынын 3-башкармалыгына жетекчи болуп Каныбек Абдрахманов дайындалганын жазып чыкты.

Бул - уюшкан кылмыштуулук менен күрөш башкармалыгы. Бир катар маалымат булактары дал ушул органдын башчылыгына эки жыл абакта отурган адам дайындалганын билдиришти.

Каныбек Абдрахмановдун Тергөө кызматынын 3-башкармалыгына дайындалганы тууралуу маалыматты ИИМ эки күндөн кийин, 11-сентябрда гана расмий тастыктады.

Министрлик билдирүүсүндө такталбаган маалыматтар жарыяланып жатканын белгилеп, ошол эле учурда Абдрахманов мурда козголгон кылмыш иште фигурант болгонун бышыктады. Абдрахманов пара алуу фактысы боюнча камакка алынып, кийин сотто акталган.

"Өз ишинин адиси, кесипкөй, бир катар оор жана резонанстуу кылмыштардын бетин ачкан. Бүт өмүрүн милицияга арнаган кадрдык офицер. Атасы да көп жылдар бою милицияда иштеген. Анын кызматтык ишмердүүлүгү, кесипкөйлүгү бүгүнкү ал дайындалган кызматка толугу менен жооп берет", - деп айтылат билдирүүдө.

Жанар Акаев
Жанар Акаев

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев милицияга сын күчөп турган кезде артынан сөз ээрчиген кадрлардын кызматка дайындалышын түшүнбөй турат:

"Кыргызстанда төбө чачты тик тургузган окуялар көбөйүп кетти. Бири-бирин аёосуз сабап, ага милиция катышканы белгилүү болду. Дал ушундай учурда ИИМ коомдогу терс көрүнүштөр менен күрөшмөк турсун, ички интрига менен алектенип, "кимибиз күчтүү чыктык, кимибизди караласак, кимди жумуштан алсак" деп отурганы абдан өкүнүчтүү. Министр Кашкар Жунушалиев орун басарларын ар кандай нерселерге айыптап, шектүү адамдарды кылмыш менен күрөшчү кызматка алып келгени буга чейин деле аброю начарлап кеткен министрликтин кадырын түшүрдү. Мындай кырдаалда министр баш болуп жоопкерчиликти сезиши керек эле. Тескерисинче, саясий максатта гана жетекчилик менен иштешип, бир нече саясатчыга жаксам дегендей элес калтырып жатат".

Жанар Акаев мындай кырдаалда өкмөт жетекчилиги да тиешелүү чара көрүшү керек деген оюн кошумчалады. Чынында эле ИИМ акыркы айларда коомчулуктун көңүл борборунда болуп келет.

Бир ай мурда мурда президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынан кийин министрдин орун басары Курсан Асанов "милицияга чыккынчылык кылды" деп иштен бошотулган. Кийин Асановго, жардамчысына жана уулуна "Атамбаевге таандык далил буюмдарды мыйзамсыз өткөрүп берген" деп кылмыш иши козголгон.

Муну айрымдар ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен Курсан Асановдун ортосундагы тирештин жыйынтыгы катары баалашкан.

Бул окуядан көп өтпөй ИИМдин дарегине ачуу сындарды күчөткөн дагы бир иш ашкере болду.

Бишкекте үч адамды аёосуз ур-токмокко алган бир тууган Бапышевдерди милицияда эмгектенген тууганы калкалап, ишти жабууга аракет кылганы дайын болгон.

Окуя болгон жерден тартылган видеодон алынган сүрөт.
Окуя болгон жерден тартылган видеодон алынган сүрөт.

Баса, дал ушул ишке катышы бар Ленин райондук милициясынын мурдагы кызматкери Казыбек Бапышевдин бүгүн камакка алынганы белгилүү болду.

Бул иштен соң премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күч органдарынын жетекчилери менен жыйын өткөрүп, милицияны карасанатайлардан тазалоону тапшырган.

Айрымдар өкмөт башчынын мындай тапшырмасынан кийин министрликтеги маанилүү кызматка мурда камалган адамдын кайра дайындалышын түшүнбөй турушат.

Ички иштер министрлигин реформалоо боюнча жарандык кыймылдын мүчөсү болгон активист Тимур Шайхутдинов азыркы кырдаалда премьер-министрдин милицияны тазалоо тапшырмасын аткаруу мүмкүн эмес деген пикирде:

"Премьер Абылгазиев ИИМди "карасанатай кадрларды" тазалоого тапшырма бергени менен андан майнап чыкпайт. Анткени, азыркы генералитет өзүн-өзү тазалашына ишенүү мүмкүн эмес. Министрликтин жетекчилиги учурдагы системанын бир бөлүгү жана өзүнө каршы иштей албайт".

Анткен менен Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даудов өлкө жетекчилигинин акыркы аракетинен майнап чыгабы деген ишенимде турат:

"Жаңы дайындалган кадр боюнча эч нерсе деп айта албайм. Аны профессионал кадр катары айткандар да бар. Бирок биз деле кадрларды дайындоодо коомчулуктун пикирин эске алууга чакырып жатабыз. Чынында эле азыркы жасалып жаткан иштер канааттандырарлык эмес деп эсептейбиз. Бирок премьер көзөмөл кылган иштен майнап чыгат деп ишенебиз".

Кыргызстанда милицияны реформалоо боюнча чакырык, убадалар узак жылдардан бери көтөрүлгөнү менен аракеттер жемишин бере элек.

"Арай көз чарай": ИИМ реформасы кечикти. 11-сентябрь, 2019-жыл

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG