Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Камиланын өлүмү: ачылбаган иш


Камила Дүйшөбаева
Камила Дүйшөбаева

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова агасы Калыйбек Салянов Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө шектелип кармалганын төгүндөдү.

Салянова бул айып мурдагы бийликтин буйругу менен коюлганын билдирип, “милиция чыныгы күнөөлүү адамды издебей жатат” деп сынга алды. Мунун алдында Ички иштер министрлиги беш жыл мурда каза болгон студент кыздын өлүмүнө байланыштуу Калыйбек Салянов АКШда кармалганын жар салган.

АКШда кармалган Салянов

Калыйбек Саляновдун Америка Кошмо Штаттарында кармалышы боюнча атайын басма сөз жыйынын уюштурган мурдагы башкы прокурор Аида Салянова биринчи кезекте ушул маселеге түшүндүрмө берди. Анын айтымында, агасы Ички иштер министрлиги билдиргендей, Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу эмес, башка маселелерге шектүү катары кармалган:

Аида Салянова басма сөз жыйынында
Аида Салянова басма сөз жыйынында

- Калыйбек Салянов АКШда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин талабы менен камалган жок. Ал миграция тууралуу мыйзамдарды бузду деген негиз менен кармалды. Кыргызстандын милициясы ал кармалгандан кийин гана Америкага материалды жөнөткөн. Бирок аны кийин жөнөтүшкөн. Белгилүү болгондой, башында Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу иште Калыйбек Саляновдун аты аталган эмес. Окуядан жарым жылдан кийин эле анын атын кошуп, саясий мотивге айландырып жиберишти. Саляновго гана басым жасалып, чыныгы күнөөлүүлөр изделген жок. ИИМ "Салянов келмейинче же саунадагы видео тасма табылмайынча бул иш ачылбайт" деп жатат, бирок бул жалган. Саунадагы видео тасманы “Салянов өчүрткөн” деп жатат, бирок аны тергөөчүлөр өздөрү өчүртүп жиберишкен. Алар бул кылмышка күнөөлүү адамдарды кармабай, бул ишти атайылап арабөк абалда кармап турушат.

Маалым болгондой, "киши колдуу болду" деп айтылган 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаеванын сөөгү 2014-жылдын 16-мартында шаар четиндеги Байтик айылынан табылган. Бул өлүмдү иликтөө боюнча ыкчам топ түзүлүп, 400гө жакын адам суракка алынган. Алардын арасында коомчулукка белгилүү адамдар жана алардын туугандарынын аты аталган.

Алардын ичинде Калыйбек Салянов алгач күбө катары тартылып, кийин шектүү катары мүнөздөлүп калган. Ички иштер министрлиги атургай бул иште тергөөгө каршылык көрсөткөн деген киненин негизинде Калыйбек Саляновго айып тагып, 2017-жылы ага издөө да жарыялаган.

Аида Салянова кезинде муну ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин “саясий куугунтуктугу” катары баалаган. Салянова буга себеп катары өзүнүн Башкы прокурорлук кызматтан кеткенден кийинки тирешүүлөрдү атаган. Азыр да ушул позицияда турган экс-башкы прокурор учурдагы президент буйрук бербесе да, укук органдарындагы мурдагы адамдар ишти аягына чыгарбай жатат деп эсептейт:

- Өзүңүздөр билесиздер, мурунку бийликтин тушунда мага саясий куугунтук болгон. Калыйбек Салянов бул иш боюнча күбө катары өтүп келген болсо, мурдагы министр Исраиловдун тушунда кылмышка шектүү болуп калган. Ал эми аны Интерпол аркылуу издөөгө алуу Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу тарабынан жарыяланган. Мына ушулар буга айкын далил. Азыр деле ошол саясий иштерди токуган, жалаа жапкан адамдар, буйруктарды аткарып, документтерди жасалмалаган адамдар күч кызматтарында иштеп жатышат. 90% ошол мурунку эле адамдар иштеп жатат. Ошондуктан алар саботаж жасап, иштерди жылдырбай жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков реформа, таза иликтөөлөр жөнүндө айтканы менен бул жана башка саясий иштер боюнча жылыштар болбойт. Ошондуктан кадрдык тазалоо болуп, жаңы кадрлар келмейин жаңыча тергөө жүрүшүнө үмүтүбүз деле жок, - деди Салянова.

Аида Салянова агасы Калыйбек Салянов АКШга мындан эки жыл мурда коопсуздугуна байланыштуу чыгып кеткенин да кошумчалады. Буга чейин кабарлангандай, Калыйбек Салянов АКШга кетерде фамилиясын Элтуйбасов деп өзгөртүп алган.

Ал эми Ички иштер министрлиги Салянованын жаңы билдирүүлөрүнө карата түшүндүрмө берүүдөн карманууда. Мекеменин басма сөз кызматы алар Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу бир аптанын ичинде кеңейтилген маалымат жыйынында кабар беришерин айтып чектелди.

Бирок аз күн мурдараак министрликтин жыл жыйынтыгын чыгарган кеңешмесинде бул тууралуу сөз болгон эле. Анда ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын жетекчиси Нурбек Абдиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин суроолоруна жооп берип жатып мындай деген эле:

- Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу ишти иликтөөдө эч кандай саясат жок. Убагында болгону жогорку кызматтагы иштеген айрым кишилердин аттары чыкканы үчүн бул саясатташып кетти. Бирок ага карабай бүгүнкү күндө бул иш боюнча жумуштар жүрүп жатат. Учурда Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнүн иликтенишине тоскоол болгон адам Америка Кошмо Штаттарында колго түшүрүлдү. Жакын арада ал Кыргызстанга алынып келет. Бизде топтолгон суроолорду берип, бул ишти ачабыз. Параллелдүү түрдө башка версиялар да каралууда.

"Чубактын кунундай чубалган иш"

Деген менен беш жыл мурдагы кылмыштын ушунча жылдан бери бети ачылбаганын айткан жабырлануучу тарап Ички иштер министрлигине ишенер-ишенбесин билбей калгандай.

Маркум Камила Дүйшөбаеванын атасы Эшмамбет Дүйшөбаев министрликти кайдыгерликке айыптоодо. Дүйшөбаев ошондой эле Калыйбек Салянованын өлкөдөн чыгып кетиши да шек туудурганын билдирүүдө:

Эшмамбет Дүйшөбаев
Эшмамбет Дүйшөбаев

- Калыйбек Салянов биринчи Араб Эмираттарына кетип калганы айтылган, кийин АКШда жүргөнү сөз болгон. Бирок ал ак болсо анда эмнеге ошол жактарда качып жүрөт? Эмне үчүн фамилиясын өзгөртүп жиберди? Элүүдөн өтүп калган киши үй-мүлкүн сатып эмне үчүн Кыргызстандан биротоло кетип калды? Мен башында тергөөдө анын аты аталса да андан толук шек санаган эмесмин, бирок мына ушул жагдайлар мени кайра күмөн ойлорго түртүүдө. Аида Салянова бул иш саясатташып кетти дегени, бул анын баасы. Бирок Ички иштер министрлиги ишти ушунча убакыт созуп келгени чын. Ортодо бир токтотуп да коюшту. Былтыр кайра жаңы бригада түзүп, иликтөөгө кайра киришкен. Бирок ошондон бери мени чакырышкан деле жок, бирөөнү кармадык, бирөөнү мойнуна койдук дешкен деле жок. Эгер чындап иштеген адам болсо азыркы технологиянын шартында телефондору, жүргөн жерлерин карап эле таап коюшмак. Тергөөчүлөр катуу иштеп, күнөөлүүлөрдү тапсын, адам өлтүргөн адамдар жазасын алсын. Мен бийликтен да, кудайдан да ушуну тилеп олтурам.

Кантсе да коомчулукта Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу созулушуна байланыштуу талаш-тартыштар арбын. Көпчүлүк бул окуя резонанстуу экенине карабай аяктабай жатканын көмүскөдөгү кызыкчылыктарга жорушат.

Көз карандысыз юрист, адвокат Айсалкын Карабаева бул сыяктуу иштер чыныгы айыпталуучуларды качыруу максатында созулат деп эсептейт:

- Мындай кылмыштар чуулуу экенине карабай созулганынын өзү анын саясатташканынан кабар берип турат. Буга адатта ошол эле укук коргоо органдарында иштеген же, чоң кызматта олтурган адамдар, депутаттар, алардын балдары аралашып калганы себеп болот. Ошол кызыкдар адамдардын түздөн-түз же кыйыр басымы, таасири астында мындай иштер ачылбай калат. Мында убакытты өткөртүп, иштин мөөнөтүн эскиртип, күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликтен кутултуу максаты да болот. Же жөн эле чыныгы күнөөлүү адамдарды жаап-жашыруу максаты да бар. Ошондуктан мындай иштер атайылап эле созулат. Мунун алдын алуу үчүн жетекчилик тараптан эрк жана коомчулуктун аралашуусу керек. Жалпыга маалымдоо каражаттары, укук коргоочулар ушинтип созулган ар бир ишке баа берип, көзөмөл кылып, эстетип, чындыктын түбүнө жетишке умтулушу керек.

Ошентип Камила Дүйшөбаева өлүмүн иликтөө бүткүчө Кыргызстанда беш министр алмашты. Ар бир ички иштер министри кызматка киришкенде бул чуулгандуу кылмыш иши ачыларын айтып, бирок изкубарлар ушул кезге чейин анын аягына чыгыша элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG