Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:40

Студент өлүмү: Салянованын агасына издөө жарыяланды


Маркум Камила Дүйшөбаева.
Маркум Камила Дүйшөбаева.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты, оппозициячыл саясатчы Аида Салянованын агасына издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

2014-жылы жазында Камила Дүйшөбаева аттуу 19 жаштагы студент кыздын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иш козголгон.

Маркумдун атасы Эшмамбет Дүйшөбаев каргашалуу окуяга чейин анын кызы менен байланышып, тергөөгө көрсөтмө бергендердин арасында мурдагы баш прокурор А.Салянованын агасы Калыбек Салянов бар экенин айтып чыккан.

ИИМдин маалыматына караганда, өткөн аптада "1962-жылы туулган Калыбек Элтуйбасовго (Сальянов) Кылмыш кодексинин 318-1-беренесинин (тергөөгө каршылык көрсөтүү) негизинде сыртынан айып тагылды".

Мекеменин белгилешинче, ал Кыргызстандан чыгып кеткен деген маалымат бар жана анын баш коргоо чарасы катары камакка алуу чечими кабыл алынып, издөө жарыяланды.

Парламент депутаты Аида Салянова бул кылмыш иш саясатташып, ага жана анын жакындарына басым көрсөтүүнүн куралына айланып калганын айткан.

Учурда Бишкектин Ленин райондук сотунда депутат А.Салянованын өзүнө карата да козголгон кылмыш иш каралып жатат. Ал Максим Бакиевдин өнөктөшүнүн адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан деп айыпталууда. Бул доону Салянова негизсиз деп атап келет.

Быйыл январда "Азаттыкка" интервьюсунда Салянова студент кыздын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иш саясий кысым көрсөтүүнүн куралына айланып калганын айткан:

- Мен башынан эле ким күнөөлүү болсо, ал жооп бериши керек деп айтып келе жатам. Күнөөсү жок болсо, анда азыркыга окшогон карандай эле каралай берүүнү токтотуу керек. Анткени ал агамдын үй-бүлөсү чоң. Беш баласы бар. Жалган маалыматтарды жайылтуу аларга аябай оор тийип жатат. Анан мен кайсы бир саясий маселе боюнча билдирүү менен сүйлөп калсам эле, мага басым көрсөтүү үчүн улам бул маалымат чабуулун көтөрүп, унчукпай калсам, кайра токтоп калышат. (RK/KJ)

XS
SM
MD
LG