Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Дүйшөбаева боюнча кылмыш иши убактылуу токтотулду


Маркум Камила Дүйшөбаева
Маркум Камила Дүйшөбаева

Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши шектүү адамдын аныкталбаганына байланыштуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын башкы инспектору Нургүл Нусупова билдирди. Анын айтымында, эгер шектүү киши аныкталса кылмыш иши кайрадан жанданат.

Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну Камила Дүйшөбаеванын киши колдуу болгон сөөгү 2014-жылдын 16-мартында шаар четиндеги Байтик айылынан табылган эле. Ушул кезге чейин бул иштин бети ачылбай келет. Дүйшөбаеванын өлүмүн иликтөө боюнча ыкчам топ түзүлүп, 370 адам суракка алынган. Март айында ички иштер министри Мелис Турганбаев окуяны иликтөө иши кайра башынан башталып жатканын билдирген. Ал Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча жаңы версия бар экенин кошумчалаган эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG