Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Студент кыздын өлүмү боюнча иш жанданды


Камила Дүйшөбаева
Камила Дүйшөбаева

2014-жылы Бишкекте киши колдуу болгон студент Камила Дүйшөбаеванын иши кайрадан коомчулуктун талкуусуна чыкты. Бул ирет Ички иштер министрлиги окуя боюнча күбөлөрдүн бири Калыйбек Элтуйбасовго тергөөгө тоскоолдук кылган деген негизинде издөө жарыялады.

Бишкектик студент Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу үч жылдан ашуун убакыттан бери бети ачылбаган иш боюнча жаңы маалыматты Ички иштер министрлиги жарыялады.

Аталган министрлик бул иште тергөөгө каршылык көрсөткөн деген киненин негизинде күбөлөрдүн бири Калыйбек Элтуйбасовго айып тагып, издөө жарыялады.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Эрнис Осмонбаевдин айтымында, Элтуйбасов студент кыздын өлүмүн иликтөөгө жардам берчү видео тасманы өчүрүп салган:

- 2014-жылдын март айынын орто ченинде Калыйбек Элтуйбасов, мурдагы фамилиясы Салянов жана Бишкек шаарындагы сауналардын биринин ээси А.Н. аттуу адам укук коргоо органдарынын аракеттерине карабай ошол жылдын 10-мартындагы видеокөзөмөлдө жазылган маалыматтарды өчүрүп салышкан. Элтуйбасов жана А.Н аттуу жарандын аракеттери Жазык-процессуалдык кодексинин 19-беренесине ылайык, кылмыш ишти толук, ар тараптуу жана объективдүү жүргүзүүгө тоскоолдук кылган деп бааланат.

Осмонбаев кошумчалагандай, Элтуйбасовдун бул аракетине байланыштуу Кылмыш кодексинин "Тергөөгө каршылык көрсөтүү" беренеси боюнча сыртынан айып тагылып, камакка алуу чечими чыгарылды.

Калыйбек Элтуйбасов учурда башка өлкөгө чыгып кеткенине байланыштуу издөө жарыяланды.

Элтуйбасов мурдагы баш прокурор, учурдагы оппозициячыл депутат Аида Салянованын жакын тууганы. Буга байланыштуу ИИМ издөө жарыялаган соң анын жактоочулары жана жакындары Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар Элтуйбасовдун Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө эч кандай тиешеси жок, милиция бул ишти Аида Саляновага байланыштырып, саясатташтыруу аракетин көрүп жатат деп билдиришти.

Маселен, адвокаты Улан Жумаков Калыйбек Элтуйбасов качып кеткен, жашырынып жүрөт деген дооматтарды төгүндөдү:

- Элтуйбасов качып кетти деп жатышат. Бул боюнча биз Ички иштер министрлигинен расмий жооп алганбыз. Анда “2017-жылдын 14-январындагы өтүнүчкө жооп катары Мамлекеттик Чек ара кызматынан Элтуйбасов Калыйбек деген жаранга Кыргызстандын чек арасынан кирип-чыгууга тыюу салынган эмес” деп Рахматов деген тергөөчүнүн колу менен жооп алганбыз. Мындай жоопко карабастан Элтуйбасовду качып кетти, жашырынып жүрөт деп маалымат таратып жатышат.

Ошондой эле Жумаков Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча бир катар жагдайлар бар деп, студент кыз Элтуйбасов менен жолуккан соң үйүнө келип түнөгөндүгү тууралуу мурда айтылган маалыматты кошумчалады. Анын айтымында Дүйшөбаева сөөгү табылганга чейинки акыркы алты күн ичинде кимдер менен жолукканына көңүл бурулбай жатат.

Дүйшөбаеванын ишиндеги кезектеги жаңжал
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:24 0:00

Калыйбек Элтуйбасовдун агасы Карыбек Салянов бул ишти Аида Саляновага байланыштырып, ага каралоо аракети жүрүп жатат деген оюн айтты:

- Бул жерде инимдин эч кандай күнөөсү жок. Биз аны актайлы деп келген жокпуз. Ал эми күнөөлүү адам арабызда эле жүрөт. Аны жакшылап издеген жок. Тергөө аягына чыккан жок. Мурдагы териштирүүдө иним таза чыккан. Эми акырында видеокамераны которуп салды деп иш козгоп жатышат. Карындашыма (Аида Салянова - ред.) бир иш оңунан чыкпай калса, мисалы "Елиcеевгейт" бүтүп калды, андан таза чыгып атат, эми бул ишти алып чыгып жатышат. Ар бир саясий иште, шайлоо же башка иш болсо эле карындашыма каршы ушул ишти алып чыгышат.

Элтуйбасовдун туугандары ал иштери менен былтыр декабрдан бери чет өлкөдө экенин билдирип, студент кызды өлтүргөн кылмышкерлер жазага тартылсын деп Куран кармашты.

Киши колдуу болду деп айтылган 19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын сөөгү 2014-жылдын 16-мартында шаар четиндеги Байтик айылынан табылган. Бул өлүмдү иликтөө боюнча ыкчам топ түзүлүп, 400гө жакын адам суракка алынган. Алардын арасында коомчулукка белгилүү адамдар жана алардын туугандарынын аты аталган.

2015-жылы Ички иштер министрлиги окуяны иликтөө иши кайра башынан башталганын, Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча жаңы версия бар экенин билдирген. Атүгүл Камила Дүйшөбаеванын телефонундагы айрым маалыматтарды алуу үчүн Малайзиядан атайын адистер чакырылганы да кабарланган. Бирок кийинчерээк бул аракеттен эч кандай майнап чыкпаганы белгилүү болгон.

Ошондон бери бул кылмыш иштин бети ачылбаган бойдон калып келет.

Эшмамбет Дүйшөбаев
Эшмамбет Дүйшөбаев

Маркумдун чоң атасы Эшмамбет Дүйшөбаев бул иштин ачылбай создугуп жатышына кызыкдар күчтөр бар болушу мүмкүн деген божомолун билдирген жайы бар.

Ишти мурдагы чакырылыштагы парламенттин мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети көзөмөлүнө алып, атайын жыйында да талкуулаган.

Азыркы чакырылыштагы аталган комитеттин төрагасы Мирлан Жээнчороев бул ишти ачууга Ички иштер министрлиги өзгөчө маани бериши керектигин белгилеп, кылмыштын бетин ачууга бардык мамлекеттик органдар кызыкдар болушу керек деген пикирде:

- Бул иштин бетин мыйзам чегинде ачууга аракет кылуу керек. Эгерде кайсы бир тарап тергөө илең-салаң десе же толук кандуу иш жүрбөй жатат десе Башкы прокуратура баштаган тиешелүү органдарга кайрылуусу керек. Албетте, сөзгө эмес, фактыларга таянып, иш алпаруу зарыл.

Ал эми Ички иштер министрлиги чуулгандуу кылмыштын бети ачылат деген ишенимин кайталап келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG