Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Сузактык ишкер милиция кызматкерин айыптады


Жалал-Абад.
Жалал-Абад.

Сузактык ишкер Искандар Хамракулов менен жергиликтүү милиция кызматкери Улан Бакиевдин ортосундагы келишпестик маалымат каражаттарына чыкты.

Сузактык ишкер “жергиликтүү милиция кызматкери басым көрсөтүп жатат" деп даттанды. Ал чара көрүлбөсө үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кетүүнү көздөп жатат.

Бул тууралуу атайын уюштурулган басма сөз жыйынында билдирип, президентке, укук коргоо органдарына ачык кайрылды. Доомат коюлуп жаткан кызматкер муну жалаа катары сыпаттады. Ички иштер министрлиги кайрылуунун негизинде кызматтык иликтөө башталганын билдирди.

Сузактык жеке ишкер Искандар Хамракулов Жалал-Абад шаарында эки эс алуу жайын (кафе-бар) ижарага алып иштетет. Анын айтымында, ошол кафеде таанышкан жергиликтүү милиция кызматкери ага басым көрсөтүп жатат.

Искандар Хамракулов.
Искандар Хамракулов.

- Облустук ички иштер башкармалыгынын мурунку улук тергөөчүсү, учурда Сузакта аймактык тескөөчү болуп иштеп жаткан Улан Бакиев менден миң доллар карызга алып, кафеде тамактанып, акчасын төлөбөй кеткен, - дейт ал. - Акыркы эле учурда 800 сомго, 400 сомго, андан кийин 1750 сомго тамактанып отуруп, официанттарга төлөбөй кетип калган. Мындай окуялар бир нече ирет кайталанган. Акчаны сурап кайрылсам, акыркы учурда мага басым көрсөтүп, тапанча менен түшкөн сүрөттөрүн жибере баштады. Аргасыздан мен өзүмдү жана ишкердүүлүгүмдү коргоо максатында прокуратурага жана президентке кайрылууга мажбур болуп жатам.

Мындай көрүнүштөр башка кафе-ресторандарда да кадыресе көрүнүшкө айланганын, бирок ишкерлер аны ачык айтуудан кооптонушарын белгилеген ишкер басма сөз жыйынында президентке кайрылды:

- Урматтуу президент Сооронбай Жээнбеков, жарандардын жана ишкерлердин коопсуздугун камсыз кылып берүүңүздү суранам. Милиция формасына же кызматына таянып ушундай иштерди кылса боло береби? Аларды тескеген бирөө-жарым барбы? Ар кандай айла издеп, менин үстүмдөн өзү иштеген ички иштер бөлүмүнө “карыз акча алган” деп кайрылыптыр. Уялбайт экен бул кызматкер, эч нерседен.

Доомат коюлуп жаткан милициянын капитаны Улан Бакиев Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн Октябрь аймактык бөлүмчөсүндө тескөөчү болуп иштейт.

Ага чейин облустук башкармалыкта улук тергөөчү, Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүндө баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкери болуп эмгектенген. Бакиев өзүнө коюлган дооматтардын баарын четке кагууда.

Улан Бакиевдин "WhatsUpp" мессенжериндеги сүрөтү.
Улан Бакиевдин "WhatsUpp" мессенжериндеги сүрөтү.

- Ал жерге тамактанууга барган эмесмин, - деди ал. - Ал ишкерге бересем да жок. Тескерисинче? Искандар менден бир жыл мурда 3 миң доллар жана 25 миң сом карыз алган. Аны кайтарбай жүрөт. Тергөө ишинин жыйынтыгы кимдин күнөөлүү экендигин көрсөтөт.

33 жаштагы ишкер тартип кызматкерине каршы шаардык ички иштер бөлүмүнө арыз менен 5-декабрда кайрылган.

Арызды бөлүм каттоого Хамракулов 12-декабрда басма сөз жыйынын өткөргөндөн кийин алганы маалым болду. Хамракулов өзү эгер милиция кызматкерине карата чара көрүлбөсө, ишкердигин токтотуп, коопсуздук үчүн Кыргызстандан үй-бүлөсү менен чыгып кетүүгө арасыз болорун айтты.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Мыктыбек Турдубеков бул арызды текшерүүнү ички иштер министри жеке көзөмөлүнө алганын билдирди:

Мыктыбек Турдубеков.
Мыктыбек Турдубеков.

- 12-декабрда маалымат Интернетке чыгар замат ички коопсуздук кызматы Улан Бакиевге карата кызматтык иликтөө иштерин баштады. Министр бул окуяны жеке көзөмөлүнө алды. Териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча да кошумча маалымат берилет. Ал эми акча алган окуя боюнча шаардык ички иштер бөлүмү өзүнчө териштирип жатат.

Жеке ишкер менен милиция кызматкеринин ортосундагы тирешүүнү кайра эле ички иштер органдары тергеп жатканы коомчулукта күмөн ойлорду жаратууда. Бул сыяктуу милиция аралашкан көрүнүштөр, кылмыштуу окуялар буга чейин да катталган. Бирок алардын аягы эмне менен бүткөнү көбүнчө белгисиз. Адистер милиция алгач өз ичинен тазалануу, реформа жасашы керек экенин айтып келатат.

Алардын бири - милициянын ардагери Муктар Исмаилов.

Мурда милицияга сөз тийгизген 15тей кызматкерлер болсо, азыр алар 50дөн ашып калды.

- Милиция аралашкан мындай окуялар коомдо толтура, - дейт ал. - Жакында эле Ошто тамактануучу жайда ызы-чуу салган орган кызматкерлеринин окуясын айтсак болот. Мурдагы министрдин тушунда кызматына кедергисин тийгизип, милицияга сөз тийгизген 15тей кызматкерлер болсо, азыр алар 50дөн ашып калды. Азыр эл арасында милицияга доомат көп. Азыркы министр Кашкар Жунушалиев айткан ички иштер органдарындагы реформадан дайын жок. Качан органдар ич ара тазаланмайынча, мындай терс көрүнүштөр боло берет.

14-декабрда Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү окуяга байланыштуу “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш ишин козгогону маалым болду.

Быйыл жарым жыл ичинде милиция кызматкерлерине карата 900гө жакын арыз келип түшкөн. Кызматкерлерге карата 27 кылмыш иши козголуп, 100 милиция кызматкери ээлеген кызматынан бошотулуп, миңдей кызматкер тартиптик жазага тартылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG