Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

ИИМдин мурдагы аткаминерине иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын мурдагы жетекчиси Скандарбек Көчөрбаевге "кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деген айып менен кылмыш иши козголду.

Ал апрель айынын этегинде арыз-дооматтардан улам иштен убактылуу четтетилген жана кызматтык териштирүү башталган.

Милициянын ички тартибин тескеген, кызматтык иликтөө жүргүзгөн мындай таасирлүү орунду ээлеген Көчөрбаевге буга чейин да бир канча кылмыш иши козголгон. Бирок алар ар кандай себептер менен кыскартылган жана токтотулган. Ал дооматтардын баарын жокко чыгарып келет.

Скандарбек Көчөрбаев УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев менен бир тууган бөлө экени да белгилүү.

Милициянын айрым ардагерлери, ушул тушта иштеп жаткан кызматкерлери Скандарбек Көчөрбаев тууралуу ИИМдин жетекчилигине, өкмөткө, Коопсуздук кеңешине чейин арызданган. Анда Көчөрбаев "иштен мыйзамсыз кетиргени, куугунтуктаганы, тартип жазага тартканы, пара алганы" тууралуу жазылган.

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, кызматтык териштирүүдө бул фактылар аныкталды жана топтолгон материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди:

- Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө "Ички иликтөө кызматы кызматкерлерге коркутуу ыкмаларын колдонгон, анча чоң эмес тартип бузуу учурларын аудио-видео тасмага жаздырып алып, коркутуп акча талап кылган, пара алган" деген да фактылар айтылган. Учурдагы кызматкерлердин жана ардагерлердин укуктары тебеленген жана негизсиз кызматтан алынган учурлар болгон. Кызматтык иликтөөдө комиссия ушундай кемчиликтер кеткенин аныктады.

Башкы прокуратура Скандарбек Көчөрбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси, тактап айтканда, "кызмат абалынан кыянат пайдаланган" деген айып менен кылмыш ишин козгоду жана УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүп берди.

Көчөрбаев 2004-жылы Талас облусунда ички иштер бөлүмдөрүндө жетекчилик кызматтарда иштеп турганда "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган", "пара талап кылган" деген айып менен үч кылмыш иши козголгон. Бирок алар "айыбы далилдеген жок" деген негиз менен кыскартылган.

2016-жылы Таласта ата-энеси жашаган үйдү ИИМдин күзөт кызматына кайтартып койгону, кызматтык автоунаа үчүн берилген күйүүчү майды мыйзамсыз алып жүргөнү тууралуу маалыматтар чыккан.

"Азаттык" Көчөрбаев менен байланышууга аракет кылды, бирок андан майнап чыккан жок.

Скандарбек Көчөрбаев ушул жылдын март айында "Спутник" маалымат агенттиктеги маегинде дооматтардын баарын жокко чыгарган. Аны ошол кездеги УКМКнын төрагасы, тууганы Абдил Сегизбаев колдоп-таяп жүргөнү тууралуу сөздөрдү негизсиз деп баалаган:

- Мени "УКМКнын жетекчиси түртмөлөйт" деп айтышат. Ал УКМКнын төрагасы болгонго чейин эле мен Ички коопсуздук кызматынын жетекчиси болчумун. Ооба, биздин туугандык байланышыбыз бар. Анын апасы менен менин апам эже-сиңди. Ал өз жумушун жасайт, мен өз жумушумду жасайм. Анан калса ал ушундай чоң түзүмдү, кубаттуу машинаны башкарат, мен болсо ИИМдин бир бөлүгүн гана жетектейм. Бизди негизинен мыйзамды, тартипти бузган кызматкерлер жек көрүшөт. Азыр биздин кызматтын ишине көп адам нааразы. Анткени биз баарын ичинен чукуп чыгып жатабыз да. Өзүңдүн кесиптештериңди камаганга туура келет.

ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев Ички иликтөө кызматы өңдүү маанилүү бөлүмдүн артынан ар кандай күдүк сөз ээрчитпеген кадр жетектеши керек экенин белгиледи.

- "Көчөрбаевге кылмыш иши козголду" деп мен да уктум. Эми прокуратура жөн жерден кылмыш ишин козгобойт да. Бул негизи эки жакты тең караган калыс кызмат болушу керек. Мүмкүн ошого себептер болгон чыгар. Бул негизи эки тарапты тең караган кызмат болушу керек.

Былтыр күзүндө ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин күч органдарын реформалоо тууралуу жардыгынын негизинде ИИМде өз алдынча алты кызмат - Криминалдык милиция, Тергөө, Коомдук коопсуздук, Ички иликтөө, Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматтар түзүлгөн.

Эксперт Урмат Казакбаевдин пикиринде, бул реформа натыйжасын берген жок. Маселен, Ички иликтөө кызматы коррупция боюнча аты чыкты:

- Ал кызмат министрге баш ийгендиктен анын колу кыска десек болот. Ички иликтөө кызматы кандайдыр кылмыш кылган жөнөкөй кызматкерлерди кармап алып же ошолорду кылмышка түртүү менен алектенип калгандай. Бул кызмат министрге баш ийбеши керек, бардык ишти адилет карап, милицияга жардам бергидей болушу керек. Азыр болсо кайра кызматкерлерден акча алып, коррупцияга көбүрөөк ооп кеткен.

"Азаттык" милициянын полковниги Айбек Нусубалиевдин мыйзамсыз иштен алынганы тууралуу доо арызы боюнча буга чейин бир нече жолу жазган. Нусубалиев анын жагдайын азыркы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өз алдынча комиссияга иликтетип, ички иштер органдарынан биротоло кетирүү тууралуу мурдагы буйрук жокко чыгарылганын айтып берди:

- Мыйзамсыз иштерде өзүмдүн укугумду коргоого аябай аракет кылдым. Бирок тыянак чыккан эмес. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев болгондон кийин менин президент Сооронбай Жээнбековго жазган арызымдын негизинде атайын өз алдынча комиссия түзүп, анын жыйынтыгында мыйзамсыз көрүнүштөрдүн баары такталып, бүгүнкү күндө ИИМге кайра кызматка орноштум. Мыйзамсыз буйрук жокко чыкты. Бирок мага азыр ошол мыйзамсыз иштердин башында турган, ички иштер министри Данияр Абдыкаровдун кылы кыйшайбай, жоопкерчилиги каралбай иштеп жатканы түшүнүксүз болуп турат.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков милициядагы "абийирин акчага саткандардан, атына көө жапкандардан" тазалоо керек экенин эскерткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG