Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:16

Патрулдук милицияга киргиси келгендер көбөйдү


Патрулдук милициянын автоунаалары.
Патрулдук милициянын автоунаалары.

Бишкекте түзүлчү Патрулдук милицияга кызматкерлерди тандап алуунун биринчи баскычы аяктады. Ага 1300дөн ашык киши катышты.

Бул жолу мурда-кийин күч тармагында иштебегендер да тест тапшырышты. Дагы бир нече сынактан кийин алардын арасынан 900гө жакыны тандалып алынат. Ушуну менен Кыргызстанда Патрулдук милицияны ишке киргизүүгө экинчи жолу аракет болуп жатат. Ушундай эле түзүм 2016-жылы иштей баштап кийин жоюлуп кеткен.

Патрулдук милицияга кызматкерлерди тандап алуу боюнча тест 17-18-июнь күндөрү болду. Сынак окуп жана түшүнүү деп аталып, жалпысынан 30 суроодон түзүлгөн. Тестти билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору алды.

24-28-июнда тесттен өткөндөрдүн ден соолугу каралып, физикалык жактан даярдыгы текшерилет. Андан соң 1-3-июль күндөрү конкурстук комиссия менен аңгемелешүү болот. Анын жыйынтыгында 871 адам тандалып, үч ай окутулат.

Комиссиянын төрагасы, жол коопсуздугу боюнча органды реформалоо үчүн түзүлгөн эксперттик топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов жаңы түзүлүп жаткан Патрулдук милицияга алынчу кадрларды окутуу тууралуу буларды айтты:

Тамерлан Ибраимов.
Тамерлан Ибраимов.

«Окуу программасы эл аралык практиканын жана Ички иштер министрлигинин академиясынын тажрыйбасынын негизинде иштелип чыкты. Окутууга чет жактан эксперттер, анын ичинде Грузиядан да бир нече адистер чакырылды. Алар өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Патрулдук милицияга жумушка киргиси келгендерге адам укуктары, ок атуу, жол эрежелери боюнча окуулар болот жана физикалык жактан даярдалат».

Патрулдук милицияны пилоттук долбоор катары адегенде Бишкек шаарында, кийин аны башка облустарда да уюштуруу пландалып жатат. Тамерлан Ибраимов бул түзүмдө иштегендердин айлыгы 21 миң сомдон 30 миң сомго чейин болорун айтууда. Ал маянанын жогорулашы коррупцияны азайтат деп эсептейт.

Кыргызстанда буга чейин Патрулдук милиция түзүлүп, бирок кайра жоюлган. 2016-жылы ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев Жол кайгуул жана МАИ кызматын бириктирип, Патрулдук милицияны түзүү тууралуу чечим кабыл алган. Анда да так ушундай убадалар берилген.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун тушунда бул түзүм жоюлуп, Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы негизделген. Ибраимов бул жолу Патрулдук милиция өзүн актайт деп ишенип турат.

«2016-жылы түзүлгөн Патрулдук милиция иштеп кете албай калганынын бир нече себеби бар, - деди ал. - Биринчиден, кызматкерлер сынак менен тандалып алынган эмес жана окутулган эмес. Ошондой эле толук каржыланбай калган. Башкача айтканда олуттуу өзгөрүү болгон эмес. Болгону Жол кайгуул жана МАИ кызматын бириктирип коюшкан. Кесипкөй кызматкерлерди тартып, материалдык-техникалык жактан толук камсыз кылмайынча реформа ишке ашпайт. Азыр биз мунун баарын эске алып жатабыз».

Патрулдук милицияга киргиси келгендер тест тапшырып жатышат. 17-июнь, 2019-жыл.
Патрулдук милицияга киргиси келгендер тест тапшырып жатышат. 17-июнь, 2019-жыл.

Сынакка күч тармагында иштеп жаткан жана мурда-кийин бул тармакта иштеп көрбөгөн 1351 киши катышты. Тест тапшыргандардын арасында кыздардын көбөйгөнү байкалды. Биз алардын айрымдарын кепке тартып көрдүк.

Мирлан Асанбеков: - Патрулдук милицияга кирем деген жөнөкөй жарандардын юридикалык билими бар. Бул тармакта мурда иштегендер ар кандай мыйзамсыз иштерди жасап көнүп калышкан да. Ал эми жөнөкөй адамдар кызматка келсе таза иштейт деп ишенем. Анткени алар бул тармакты жакшы билбейт, системадан тышкары жүргөн адамдар. Ошондуктан алардын жардамы тийет.

Айзат Сүймөналиева: - Эгерде адам иштейм деп максат койсо анын колунан баары келет. Бул иште кыздар же жигиттер деп экиге бөлгөн деле болбойт. Балдарга караганда жакшы иштеген кыздар да бар. Негизи эле акыркы жылдары күч түзүмдөрүндө иштеген кыздар көбөйүп жатат.

Быйыл февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгын түзүү боюнча буйрукка кол койгон. Бишкек милициясынын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев буга чейин долбоорду ишке ашырууга 381 миллион сом кете турганын билдирген. Ал Патрулдук милицияны ишке киргизүүдө чет өлкөлөрдүн тажрыйбалары колдонуларын айтып жатат:

Нур Сатыбалдиев.
Нур Сатыбалдиев.

«Грузияда жана Украинада да жаңы түзүмдөр пайда болуп ишке кирген. Биз ушул өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонуп жатабыз. Аларда жасалган реформаны толук көчүрүп алган жокпуз. Бирок тажрыйба алып жатабыз».

2018-жылы эле президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен жол кырсыктарын азайтуу жана жол коопсуздугун камсыздаган органдардын ишин жакшыртуу боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлгөн. Аталган топ былтыр жыл аягында президентке Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын жана патрулдук-нөөмөт бөлүмдөрүн бириктирип, кайрадан Патрулдук милицияны түзүүнү сунуш кылган жана Жээнбеков аны колдогон.

«Реформалар жана натыйжа үчүн» жарандык бирикмесинин өкүлү Урмат Казакбаев эгерде Патрулдук милиция боюнча идея ишке ашпай калса жоопкерчилик өлкө башчыга жүктөлөрүн эскертти:

Урмат Казакбаев.
Урмат Казакбаев.

«Ички иштер министрлигинин (ИИМ) башкы аппараты, Финансы министрлиги долбоорго бут тосуп, тоскоолдуктарды кылса президентке түздөн-түз тоскоолдук кылган болот. Анткени бул иштин аягына чыгышы же чыкпай калышы, бардык жоопкерчилик президенттин мойнунда».

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, жаңы орган өзүнүн функционалдык милдеттери жана түзүмү менен айырмаланып турат. Патрулдук милиция башкармалыгынын машинесинде эки-үчтөн кызматкер болот жана алар жолдогу абалды, коомдук тартипти да көзөмөлдөшөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG