Линктер

бейшемби, 19-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 18:51

Абылгазиев: милицияда кайдыгер адамдарга орун жок


Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бишкектеги эки жаран катуу ур-токмокко алынган фактыны жакшылап иликтөөнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Ошондой эле өкмөт башчы Саламаттык сактоо министрлигине жабыркагандарга жетиштүү медициналык жардам көрсөтүүнү, зарыл дары-дармектер менен камсыздоону буюрду.

- Окуя болгон жерге келип, кайдыгерлигин көрсөткөн милиция кызматкерине карата тийиштүү чара көрүлүшү керек. Укук коргоо органдарында мындай кызматкерлерге орун жок, - деди Абылгазиев.

Абылгазиев окуяга байланыштуу күнөөлүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүү жана бардык мыйзам талаптары боюнча жоопко тартуу керек экенин белгиледи.

Ленин райондук прокуратурасы Бишкекте эки киши катуу сабалган мушташ боюнча милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Маалыматка караганда, Бишкектин Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан супермаркеттин жанындагы мушташка катышып, эки кишини катуу сабагандарды окуя болгон жерден милиция алып кеткен. Алар аймактык милиция бөлүмүнө жеткирилип, кайра коё берилген. Кийин аларга издөө жарыяланган.

Милиция кызматкерлеринин аракети «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергейт.

28-августта болгон мушташта эки киши жабыркап, бири комага түшүп калган. Бишкек милициясы мушташка катышкан 34 жана 20 жаштагы Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков изделип жатканын кабарлады.

Эки эркек кишинин катуу сабалганы тартылган видео социалдык тармактарга да тарап, кызуу талкууга алынды. Анда сабалгандардын бирөө катуу соккудан эсин жоготуп, каршылык көрсөтүүгө аракет кылган экинчиси катуу тепки жегенин көрүүгө болот.

Пикирлерди көрүңүз (11)

XS
SM
MD
LG