Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:21

ИИМ реформасы: Грузиянын шарты башка


Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Абылгазиев өлкөнүн Ички иштер министрлигин таза эмес кызматкерлерден тазалоону талап кылды.

Милицияны кадрларды бошотуу же алмаштыруу менен эле оңдоого болобу? ИИМде айтылган реформалардан эмне майнап чыкты? Дегеле ички иштер органдарынын ишин канткенде жакшыртууга болот? Ушул ж.б. суроолорго «Арай көз чарай» берүүбүздөн жооп издедик.

Талкууга Кыргыз Республикасынын мурдагы ички иштер министри, генерал Кеңешбек Дүйшөбаев, милициянын ардагери Шамшыбек Мамыров жана юрист Атыр Абдрахматова катышты.

«Азаттык»: - Кеңешбек мырза, өкмөт башчынын Ички иштер министрлигин таза эмес кызматкерлердин тазалоо тууралуу талабын кандай кабыл алдыңыз? Тазалоо кандай болушу керек? Бул канчалык жоопкерчиликтүү же чечкиндүү кадам деп ойлойсуз? Андан майнап чыгарына канчалык ишеним бар?

Кеңешбек Дүйшөбаев.
Кеңешбек Дүйшөбаев.

Кеңешбек Дүйшөбаев: - Учурда Ички иштер министрлиги ооруп жатат, анын кыйынчылыктары, түйшүгү көп. Ооба, анын арасында тартип бузган, кылмыш кылган кызматкерлер да бар. Өкмөт башчы ошолордон тазаланалы деп атат, мен аны колдойм. Эгемендүүлүк алгандан бери «тазалайлы» деген талаптар жогорку жетекчилер тарабынан дайыма коюлуп келген. Бирок мен айтат элем, «тазалайлы» дегенден мурда оорунун диагнозун так аныктап алышыбыз керек. Эгер биз башы ооруп жаткан адамды ич өткөктүн дарысы менен дарыласак эмне болот? Албетте, ал айыкпайт. Ошондуктан бүгүнкү милиция кандай шартта иштеп жатат, эмне кыйынчылыкты көрүп жатат, аларга кандай колдоо керек - диагнозун так аныкташыбыз керек. Болбосо коомдо «милицияны жоюп салышыбыз керек» деген да пикирлер бар. Макул, мамлекетте милиция жок болсун, анын ордун ким толтурат, коомдук тартиптин жоопкерчилигин ким алат? Азыр бирөөгө бирдеме болсо «мени сабап, өлтүргөн жатат, кокуй, милиция, кел» деп чакырабыз. Бүгүнкү күндө ИИМдин кызматкерлери эң оор шартта, керек болсо фронттогудай кырдаалда иштеп жатышат. Ички иштер кызматкерлери тынчтык күндөрү курман болушууда, жарадар болушууда, балдары жетим калууда. Мамлекет, эл үчүн ден соолугун, жанын аябай кызмат кылышууда. Мына ушундай кызматкерлерге кандай социалдык колдоо, материалдык жардам, мамлекеттик кепилдиктер болуп жатат? Ал чоң суроо. «Кыргызстандын Ички иштер министрлигинде Грузиядагыдай эле реформаны эмне үчүн жүргүзүүгө болбойт?» деген суроону көп беришет. Эгер Грузиядагыдай ИИМдин бюджети 1 миллиард доллар болсо - ошондой реформа жүргүзсө болот. Кыргызстанда 30 жылдан бери «реформа, реформа» деп келебиз, тилекке каршы концептуалдуу эч нерсе болгон жок.

«Азаттык»: - Шамшыбек мырза, кыргыз милициясын реформалоого башынан бери катышып келатасыз. Жогоруда айтылгандай анын диагнозу коюлганбы? Эмнени, кандай, кантип реформалаш керек?

Шамшыбек Мамыров.
Шамшыбек Мамыров.

Шамшыбек Мамыров: - ИИМди реформалоонун биринчи концепциясы 1991-жылы эле жазылган. Ал өкмөттүн токтому менен бекитилген. Андан кийин президенттин жарлыгы менен, өкмөттүн токтому менен далай маанилүү деп эсептелген документтер, чечимдер кабыл алынган. Акыркы жолу 2016-жылы президенттин жарлыгы менен дагы бир документ чыкты. Тилекке каршы, ушунун баары ишке ашпай кагаз жүзүндө калып калды. Коюлган маселелер өкмөттүн жыйынында же Жогорку Кеңештин деңгээлинде бир да жолу ачык каралып, талкууланган эмес. Кандай гана реформа болбосун жасай турган так иш-чаралар жана аларды ишке ашыра турган каражат болушу керек. Мисалы, Грузиянын полициясын реформалаш үчүн баш-аягы 7,5 миллиард доллар жумшалган. Аларга Евробиримдик, АКШ, Сорос фонду жардам беришкен. Бизде болсо, тилекке каршы, каражатыбыз да жок, анан саясий жетекчилердин реформа жасоого саясий эрки да жетишпей келе жатат. Биздин ушул убакка чейинки жогорку жетекчилерибиз элге «реформа жасайбыз» деп бакылдап коюп, ички сезиминде аны каалабаганы билинип келди. Азыркы өкмөт башчынын «милицияны тазалагыла» деп талап кылып, багыт бергени абдан туура, бизди кубандырат. Бирок айтылган сөз жерде калбай, милицияны каржылоону да чечип турса жакшы болот эле. Президент, премьер-министр чыйралып, мамлекеттик бийликтин эң бир маанилүү тармагы – ИИМге татыктуу көңүл бурушу керек.

«Азаттык»: - Атыр айым, биздеги маалыматтар боюнча кыргыз бийлиги акыркы 20 жылда милиция тармагына үч жолу ири реформаларды жүргүзүүгө бел байлап, чечимдерди кабыл алган. Үчүнчү жолу 2014-жылы Ички иштер министрлиги жарандык уюмдар менен бирге бул тармакты өзгөртүүгө аракет кылган эле, жыйынтык болдубу?

Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Атыр Абдрахматова: - Милицияга бараткан адам ал системада кандай абал, кандай шарттар бар билип, кызмат кылууга даяр болуп барышы керек. Милицияны реформалоодо өкмөт жарандык коомдун үнүн, сунуштарын укпай, ачыктыгын көргөзө албай келет. Ошого карабай биз, жарандык коом 10 миңден ашык кол топтоп, милицияны реформалоо боюнча сунуш-пикирлерибизди берип, ишти алдыга жылдырууга түрткү болгонбуз. Биздин бийлик бутактарынын жогорку тепкичинде отургандарда саясий эрк болгондо милициядагы реформа эбак эле ишке ашмак. Шайлоо алдында президент, депутаттар «милицияда реформа жүргүзөм» деп убада беришет, бирок бийликке отургандан кийин унутуп коюшат. Бул - элдин көзүн боёп, алдоо, тил эмизүү, мен башка сөз таба албайм...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (10)

XS
SM
MD
LG