Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:05

Спикерди кетирүү боюнча демилге токтотулду


Дастанбек Жумабеков
Дастанбек Жумабеков

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясы Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековду чакыртып алуу боюнча добуш берүүнү токтотту.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин парламент төрагасы Дастанбек Жумабековду кызматтан чакыртып алуу демилгеси токтотулганы 24-декабрда белгилүү болду. Масалиев мүчө болгон «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы сунушту талкуулап, «парламент жана коомчулуктун пикирин байкайлы» деген жүйө менен белгисиз мөөнөткө токтоткон. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган фракциянын лидеринин орун басары, депутат Зияддин Жамалдинов билдирди:

- Бул маселени депутат Масалиев көтөргөн, анан бизде талкуу болду. «Элдин, башка депутаттардын пикирин билели» деген сөз болгон. Ошол боюнча демилге токтотулду, азыр добушка коюлган жок, токтоп турат.

Жамалдинов бул маселе качан каралышы мүмкүн экенин тактаган жок. Бирок демилгени көтөргөн депутат Исхак Масалиев «Өнүгүү-Прогресстин» бул позициясынан кабары жок болуп чыкты. Ал парламент төрагасын чакыртып алуу маселеси бышып-жетилгенин жүйө келтирип, аны ишке ашыруу зарыл болчу деген пикирде:

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

- Мен расмий түрдө фракцияга жөнөткөм. Азырынча чечим кабыл алына элек. Негизи төраганы чакыртып алуу процедурасын фракция гана баштай алат экен. Акыркы паузага караганда чечим кабыл алгандан уялып жатышат окшойт.

Исхак Масалиев Дастанбек Жумабековду парламент төрагалыгынан чакыртып алуу демилгесин эки апта мурда көтөргөн. Ал Жогорку Кеңештин дарегине сын көбөйгөнүн белгилеп, бул жетекчиден да көз каранды экенин билдирген. Масалиев төрага Жумабековду бул кызматка даяр эмес деп, депутаттарды бул демилгени колдоп берүүгө үндөгөн болчу.

Депутаттын мындай сунушу Дастанбек Жумабеков жыйынды алып барып жатып, Германиядагы шаардын аталышын туура эмес атап, коомчулукта талкуу болуп жаткан учурга туш келген. Ага чейин да парламент төрагасы кол койгон каттагы грамматикалык каталар, эл аралык жыйында орусча сүйлөгөндөн кыйналганы талкууга түшкөн эле.


Исхак Масалиев көтөргөн демилге боюнча Дастанбек Жумабеков эч кандай комментарий бере элек. Бирок айрым депутаттар азыркы чакырылыштагы парламенттин алты айлык мөөнөтү калганын айтып, аны кызматтан кетирүүгө зарылчылык жок экенин билдиришкен. «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов буларды айтты:

- Жумабековду кетиребиз деп азыр парламент төрткө бөлүнөт. Кайра жаңысын шайлайбыз деп бешке бөлүнөт. Төрага кызматтан кетсе вице-спикерлерди кайрадан шайлаш керек. Ага бир ай кетет. Ошентип парламентте интрига, кызмат талаш болуп, жарандардын бул чакырылышка жек көрүүсү ого бетер күчөйт. Эки жыл чыдадык, эми көп болсо алты ай калды. Аны чыдап койсок эч нерсе болбойт.

Бирок парламентти башкарууга төп келбесе, эреже бузса ар кандай себептерди бетке кармабай, чечкиндүү кадамдарга барыш керек дегендер да бар.

Эксперттер төраганы кызматтан кетирүү маселеси учурдагы кырдаалда бийликтин башка бутактары - президенттин макулдугу жок туруп, ишке ашпай турганын белгилешет.

Саясат талдоочу Марс Сариев азыркы саясий конфигурацияда бийлик үчүн парламент башында Жумабековдун турганы ыңгайлуу деген пикирде:

Марс Сариев
Марс Сариев

- Бийликтин Жумабековду кетирүү кызыкчылыгы жок. Анткени парламент президент үчүн атаандаш боло албай, кол бала ролунда. Депутаттар да бийликке ыңгайлуу. Бирок саясий абал курчуп, нааразылык күчөй берсе, балким жазында парламент төрагасын алмаштырууга барышы мүмкүн. Ага чейин өзгөртпөйт.

Мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин спикерин кызматтан чакырып алуу боюнча парламенттеги фракциялардын биринин чечими болушу зарыл. Ал жалпы жыйында депутаттардын үчтөн эки же 80ден ашыгы макул деп добуш бериши керек.

43 жаштагы Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңешти 2017-жылдын күзүнөн бери жетектеп келет. Ал парламентке 2015-жылы «Кыргызстан» партиясынын тизмесинен шайланган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG