Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Өкмөттүн отчётун бардык комитеттер колдоду


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык бюджет боюнча баяндама жасап жаткан учуру. 14-ноябрь, 2019-жыл.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык бюджет боюнча баяндама жасап жаткан учуру. 14-ноябрь, 2019-жыл.

Жогорку Кеңештин бардык комитеттери жана коалициялык көпчүлүк өкмөттүн 2019-жылга карата отчётун канааттандырарлык деп тапты. Аткаруу бийлигинин өткөн жылдагы иши ушул жумада парламенттин жалпы жыйынында талкууланат.

Өкмөт былтыр ички дүң өнүм 4,5%, экспорт 7,5% арбыганын билдирди. Ишкерликке түзүлгөн шарт боюнча эл аралык рейтингде Кыргызстандын абалы жакшырганы сөз болду.

Депутаттар өкмөт супсак гана сандарды мисал кылганы менен элдин жашоосу реалдуу оңолбогонун айтып, аткаруу бийлигин кызматтан кетүүгө чакырышты.

Абылгазиев: экономика оңолду

Кыргыз өкмөтү өткөн жылга карата отчётун дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясына байланыштуу кризистик абалда берип жатат. 12-майда Жогорку Кеңештин үч комитети отчётту дароо бир күндө карап, аткаруу бийлигинин ишин жактырды.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдагы экономикалык көрсөткүчтөр боюнча маалымат берди:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Ички дүң өнүмдүн реалдуу өсүшү 4,5% пайыз болду. Бул биз болжолдогон көрсөткүчтөн 0,5% жогору. Алты айдын жыйынтыгы менен экономикалык көрсөткүч Улуттук статистика комитети тарабынан дагы такталат. Экономисттер, финансисттер анын жыйынтыгы менен ички дүң өнүмдүн өсүшү 4,7-4,8% чейин болот деп айтып жатышат. Өзгөчө белигилеп айтчу нерсе: 2016-жылдан бери ички дүң өнүмдүн каражат боюнча өсүшү 114 млрд. сом болду. Бул - төрт жылдын ичинде 20% өстү дегенди билдирет».

Өкмөт башчынын сөзү боюнча, экспорт 7,5% көбөйдү. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 129 млн. долларга көп. Ал эми импорт 7,3% азайды. Абылгазиев былтыр дүйнөдө инвестиция тартуу 19% кемигенине карабай, Кыргызстанда чет элдик инвестиция 2,9% арбыганын айтып жатат.

Кыргызстандын республикалык бюджетинин жалпы кирешеси 2019-жылга карата 152,1 млрд. сом, чыгашасы 162 млрд. сом, ал эми тартыштыгы 9,9 млрд. сом деп эсептелген. Былтыр казынага 3 млрд. 600 млн. сом түшпөй калган. Анын ичинен Мамлекеттик салык кызматынан 1 млрд. 525 миң сом, Мамлекеттик бажы кызматынан 1 млрд. 436 миң сом чогулган жок.

Депутат Исхак Масалиев мындай көрсөткүч менен өкмөттүн отчётун жактырганга болбойт деп эсептейт.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

«Эки кызматтан (ред: Бажы жана Салык кызматтары) 2 миллиарддан ашуун сом түшкөн эмес. Анча-мынча программалар камсыздалган эмес. Биз азыр отчётту кантип канааттандырабыз? Рейтингиңер эмнеге көтөрүлүп кеткенин билбейм. Бирок бюджет аткарылбаптыр. Биз бекитип берген мыйзамды аткарыш керек да. Анан адаттагыдай күздө келесиңер, «2019-жылды түзөтүп бергиле» деп. 2018-жылдагыдай болуп «4-5 миллиардды өзгөртүп бергиле» дейсиңер. Ошентип эч нерсеге эч ким жооп бербей калат. Бул өкмөттүн ишин канааттандырбашыбыз керек. Өкмөт ишин так аткарган эмес».

«Биринчи жылы кечирет, экинчи жылы кетирет»

Өкмөт Жогорку Кеңешке 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча да өзүнчө маалымат берет. Абылгазиевдин өкмөтү экономиканы көтөрүү, ишкерлерди колдоо, коррупцияны азайтуу деген сыяктуу убадаларды камтыган программасын «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» деп атаган болчу.

Премьер-министр өкмөттүн программасы 95% аткарылганын, жалпы мамлекеттик программа 86,2% ишке ашканын айтып, калктын өкмөткө болгон ишеним индекси 64% экенин билдирди. Анын маалыматына караганда, Кыргызстандын эл аралык рейтинги 46,1% түздү.

Өкмөт ушул эле күнү Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде да отчёт берди. Анда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ушундай эле маалыматтарды мисал келтирди. Депутат Рыскелди Момбековдун пикири боюнча өкмөт супсак сандарды жарыялаганы менен элдин жашоосунда өзгөрүү жок.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Силердин өкмөттүн дөөлөтү жана мөөнөтү өтө эле көп болду, - деди ал. - Мынчалык узак мөөнөттө Чудинов жана андан ашык Танаев гана отурган. Силердин өкмөт эки жылда 50 млрд. сом чыгаша алып келдиңер. Анан уялбай туруп «отчётту колдоп бергиле» деп турасыңар. Биринчи жылы кечирет, экинчи жылы кетирет да. Биз кантип колдойбуз? Элди ким колдойт, анда? Элдин өкмөткө болгон ишеними эң төмөн. Эл экономиканын өскөнүн сандардан көрбөйт. Айылдагы курулуштун кышы көтөрүлсө, пенсияга, жөлөкпулга акча кошулса эл ошондо «өсүш бар экен» деп айтат. Өкмөттүн 2019-жылдагы отчётун кабыл алсак бизди эл кабыл албайт. Эч кандай өсүш жок. «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» дедиңер эле, ишеним, биримдигиңер жок болду. Программаңар нөл болду».

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов комитет жыйынында Рыскелди Момбеков айткан сынына мындай жооп берди:

«Өсүш боюнча айтып берейин. Ички дүң өнүм 2015-жылы 430 млрд. сом болчу. 2016-жылы 476 млрд. сом, 2017-жылы 521 млрд. сом, 2018-жылы 557 млрд. сом, 2019-жылы 590 млрд. сом болду. 2015-жылы киреше 113 млрд. сом, 2016-жылы 115 млрд. сом, 2017-жылы 134 млрд. сом, 2018-жылы 135,5 млрд. сом, 2019-жылы 148,5 млрд. сом болду. Бул сандар өсүштү көрсөтүп турат да».

Президент колдогон өкмөт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ушуну менен өкмөт башчы катары үчүнчү жолу отчёт берип жатат. Ал 2018-жылы 20-апрелде ишин баштаган. Эки жылдын ичинде вице-премьер-министрлер баш болгон өкмөт курамынын 95% өзгөрдү. Баштапкы командасынан азыр өзү, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиев гана калды.

Абылгазиевдин өкмөтү - Кыргызстандын тарыхында эң узак иштеген өкмөттөрдүн бири. Депутат Алтынбек Сулайманов Абылгазиевге болгон мүмкүнчүлүк берилгенин, бирок ишеним акталбай жатканын айтууда.

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

«Сизге берилген мүмкүнчүлүк эч кимге берилген жок. Президенттер сизди колдогондой эч кимди колдогон эмес. Президенттин, парламенттин сизге колдоосу эбегейсиз зор. Эл чыдады. Бирок сиз аны актай албай жатасыз. Иштеген жоксуз дебейм, иштеп жатасыз. Бирок күнү-түнү сааттай иштеш керек да, министрликтер менен. Министрлер сизге кире албай айлап жүрүшөт экен. 2010-жылдан бери 9 өкмөт алмашты. Ар бир коалиция түзгөндө фракциялар кызматты устукан бөлгөндөй эле бөлгөн учурлар болгон. Сизге андай мамиле болгон жок да».

Алтынбек Сулайманов Абылгазиев премьер-министрликке дайындалып жатканда мамлекеттик түзүмдөрдү кайра карап чыгуу боюнча берген убадасын да эске салды. Абылгазиев өкмөттүн түзүмүн кайра карап чыгып, бир катар кыскартууга барарын айткан. Андан бери тескерисинче кайра жаңы мекемелер түзүлдү.

Аппаратты кыскарткан менен анын социалдык маселеси кайра чыгат экен. Мисалы, 30 миң киши кыскарса алар кайра жумушсуз болот.

«Ооба, ошондой сөздү айтканбыз. Бирок өкмөткө келип, азыркы иштеп жаткан түзүмдүн, бюджеттин абалын көрүп, талдоо жүргүзгөндөн кийин азыркы түзүм менен иштеп турган оң болот деген ойго келдик. Бюджетти көрүп атасыз, социалдык багыттагы бюджет. Чоң өзгөрүү болушу үчүн каражат жолун табуу багытына кетип баратабыз. Аппаратты кыскарткан менен анын социалдык маселеси кайра чыгат экен. Мисалы, 30 миң киши кыскарса алар кайра жумушсуз болот. Ушунун баарын эсептеп көрдүк, жөн эле кыскартуудан маселе чечилбейт. Экономиканын өзүн өзгөртүш керек», - деп түшүндүрмө берди Абылгазиев.

12-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети өкмөттүн өткөн жылдагы ишин жактырды. Ушул эле күнү Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет да отчётту колдоп берди. Өкмөттүн былтыр аткарган иши эми 13-майда парламенттын жалпы жыйынында талкууланат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG