Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Элди кыйнаган оору, эки ача эсеп


Бишкектеги убактылуу стационар.
Бишкектеги убактылуу стационар.

Кыргызстанда акыркы күндөрү коронавирустан каза болгондорго караганда пневмониядан өлгөндөр көп эсе болууда. Бирок өкмөт өпкөсү кагынып кайтыш болгондорду COVID-19дун расмий статистикасына кошкон жок. Буга эмне себеп?

Жаш активист Замир Айылчиев бир жумада эки бөлөсүнөн айрылды. 48 жаштагы Талант Исмаилов 3-июлда, анын агасы 54 жаштагы Жыргал Исмаилов 6-июнда өпкөсү кагынып көз жумду. Ызага, кайгыга муунган Замир бөлөсү тууралуу мындай деди:

«3-4 күн мурда эле жакшынакай болуп жүргөн. «Бир аз башым ооруп жатат, дене табым көтөрүлгөнүнөн сода менен буулап жатам» деп айткан эле. Дарыгерлер толук жардам бере албай калышты окшойт. Бат эле ажырап калдык. Пневмония деп диагноз коюшту, бирок андай эмес эле коронавирус экени айдан ачык. Ушунун баары бийликтин шалаакылыгынын айынан болуп жатат. Кризиске, коррупцияга батып, ал тургай саламаттыктагы диагнозду да туура коё албагандай деңгээлге түшүппүз».

Кыргызстандын ооруканаларында соңку бир сутка ичинде өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооруп жаткандардын 18и каза болду. Бул тууралуу 6-июлда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады. Штабдын маалыматына караганда, алардын ону Бишкекте, сегизи аймактарда көз жумду. Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери өпкөсүнөн кагынып, 195 бейтап көз жумган. Бул сан коронавирустун курмандыктарынан эки эсе көп.

«Ооруп жатып калгандын баары пневмония коркунучунда»

Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүнүн атын атагысы келбеген дарыгери азыр өзү эки өпкөсү кагынып, үйүндө дарыланып жатат.

«Пневмония - бул эми вирустук оорудагы салттуу көрүнүш да, - дейт ал. - Себеби, менин байкашымча коронавирус оорусу пневмониясыз болбойт экен. Анан бул ооруну вирустун расмий санына кошпой жаткан себеби - баары компьютердик томография же рентген өтө албай жатышпайбы. Аларга кезек күткөндөр да толтура. Ооруп, жатып калган киши болсо болду, анда сөзсүз пневмонияга айланат. Аны рентгенге тартабы, тартпайбы - айырмасы жок. Оорунун белгилери болгондон кийин пневмония, коронавирус катары дарылай бериш керек».

Саламаттык сактоо министрлиги «Азаттыкка» кабарлагандай, ушу тапта аймактардагы ооруканаларда «пневмония» деген диагноз менен 756 бейтап жатат, алардын 184үнүн абалы оор. Абалы оорлордун сегизи реанимацияда. Ал эми Бишкектеги ооруканаларда 1573 бейтап пневмония болуп жатат. Алардын 368инин абалы оор, 146 адамдыкы өтө оор болуп жатат.

Болжолдуу гана коронавирус

Тоо медицинасы боюнча профессор, кардиолог Акбай Сарыбаев ПЧР тесттер коронавирусту көрсөтө албагандыктан, пневмониядан абалы оорлошкондорго COVID-19 деген болжолдуу гана диагноз коюлуп жатканын түшүндүрдү:

«Азыркы болуп жаткан пневмонияны «болжолдуу коронавирус» деп айтса болот. Эмнеге мындай? Себеби, азыр элдин баары эки өпкөсү кагынып, бир типтүү пневмонияга чалдыгууда. Бирок бул ооруну компьютердик томограммадан гана көрсө болот. Өпкөсү кагынган кишинин ПЧР анализинде коронавирус болбошу толук мүмкүн. Себеби тест алуу мөөнөтү, оорунун инкубациялык убактысынан өтүп кетсе, ПЧРде вирус көрүнбөй калат».

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан. Ал эми Бишкектин «Тез жардам» кызматы «адатта жылдын бул мезгилинде суткасына ашып кетсе үч бейтап пневмония менен ооруканага жаткырылчу» деген маалымат тараткан.

«Тестирлөө ыкмасын өзгөртүш керек»

Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана профилактика борборунун вирусологу Зуридин Нурматов да тесттер кечигип алынган маалда таноодон же ооздон вирусту аныктоо мүмкүн эмес экенин, ошондуктан картридж ыкмасындагы тестирлөөгө өтүш керек экенин билдирди:

«Биз азыр анализ алганда мурундан эле алып жатпайбызбы. Таңдайдан алуу өтө аз колдонулууда. Ал эми бул вирус өпкөгө, өпкөнүн түбүнө өтө тездик менен түшөт экен. Бирок, тилекке каршы, ал жактан анализ алуу мүмкүн болбой жатат. Азыр бизде Улуттук фтизиатрия борборунда бул анализди алууга мүмкүнчүлүк бар».

Коронавирус пневмонияны козгой турганы айтылганы менен Кыргызстандын бийлиги пневмониядан өлгөндөрдү COVID-19дан каза тапкандардын статистикасына кошо элек. Эмне себептен статистика ар башка болуп жатканын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлдөрүнөн сураганыбызда мурда кабыл алынган пневмонияны аныктоо жана эсептөө протоколуна, буйруктарына таянып, эсептөө жүрүп жатканын айтышты.

«Эмнеге баарын алдап жатышат?»

Эркин эксперт Айбар Султангазиев мындай мамилени элди, президентти жана дүйнө коомчулугун алдоо катары баалады:

Айбар Султангазиев
Айбар Султангазиев

«Мурда саламаттык сактоо министри чыгарган буйрук боюнча ПЧР анализи тастыкталбаган адамдарга «коронавирус» диагноз расмий коюлбашы керек. Булар айласы кетип, ушул протоколдон улам пневмония болгондорго вирустун диагнозун расмий коё албай жатышат. Көбүн эле пневмония деп салышты. Негизи ушул буйрукту өзгөртүш керек. Көп мамлекеттерде, Орусияда мисалы, муну өзгөртүп коюшту. Эки ача санамай жок. Эсепти экиге бөлгөндө ооругандардын саны азыраак көрүнүп, коркунучтуу эместей сезилет да. Булар бир эле ооруну экиге бөлүп алып, өздөрүн өздөрү алдаганы аз келгенсип, элди, президентти, эл аралык коомчулукту, бүтүндөй дүйнөнү алдап жатышат».

«Каза болгондордун өпкөсүнө суюктук толуп калып жатат»

Ал арада Бишкектеги өлүкканада каза болгондорду кароо, алардын анализин аныктоо өтө оор шартта өтүп жатат. Бул жайда иштегендер бардык чакырууларга жетишпей жатышканын айтышууда. Патологоанатом Эрмек Максүтов пневмония жана коронавирус менен каза болгон маркумдардын өпкөсү бирдей эле шишип, суу толуп кетип жатканын байкаганын эстеди:

«Бул пневмонияда адамдын өпкөсү суюктукка толуп калып жатат. Мен атайын 2-3 кишиникин байкап көрдүм. Бир да жылчык калбай суюктук толгон. Мурдагы пневмониялар мындай болчу эмес. Таптакыр айырмаланат экен. Өпкө шишип кетип жатат».

Кыргызстанда жалпысынан 18-марттан 6-июлга чейин коронавирус 7691 адамдан табылды, алардын ичинен 92 бейтап кайтыш болду, 2843 бейтап айыгып кетти.

Акыркы күндөрү өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооруп жаткандар да көбөйүүдө. Март айынан бери бул илдеттен 195 бейтап көз жумду.

Азыр ооруканаларда коронавирус болгон 625, пневмония болгон 2,5 миңдей бейтап жатат.

Пневмониянын негизги белгилери коронавирустукуна окшош. Алардын катарына дене табынын көтөрүлүшү, жөтөл, дем алганда адамдын шайы кетип, тез-тез дем алышы кирет. Аны компьютердик томография, рентген жолу менен аныктаса болот.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG