Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

Дарыгерлердин майданга айланган майрамы


Кыргызстандагы дарыгерлер иш үстүндө.
Кыргызстандагы дарыгерлер иш үстүндө.

Кыргызстанда 5-июлга карата коронавирустан дагы 10 адам, ал эми пневмониядан 26 адам каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда СОVID-19 вирусунан набыт болгондордун жалпы саны 88 адамга жетсе, март айынан бери пневмониядан 177 киши көз жумду.

Коронавирус илдети аны менен күрөшүп жаткан дарыгерлерди да аяган жок.

Акыркы күндөрү эле белгилүү дарыгерлер Абдиманап Муратов жана Эдил Садыков каза болду. Ушул күнгө чейин миңден ашык дарыгер вируска чалдыкса, онго жакын кызматкер иш үстүндө курман болду.

Медицина илимдеринин доктору, профессор Абдиманап Муратов 59 жашында каза болду. Бул тууралуу маркумдун кесиптештери 4-июлда «Азаттык» радиосуна кабарлашты. Маалыматка ылайык, дарыгер акыркы күндөрү пневмония менен ооруп жаткан.

Абдиманап Муратов.
Абдиманап Муратов.

Абдиманап Муратов 1961-жылы Ош облусунда туулган. Ал Кыргыз Мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн соң кардиолог-дарыгер болуп эмгектенген. Ал президенттин жана өкмөттүн аппараттарында саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы катары иштеген. Саламаттык сактоо министринин орун басары, кийин билим берүү министринин орун басары болгон.

Абдиманап Муратов акыркы жылдары дарыгерлик кесибине кайтып келген. Ал Коронавируска каршы күрөш боюнча илимий-консультативдик кеңештин мүчөсү катары пандемияга каршы илимий эмгектерди жарыялаган.

Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Елена Баялинова Муратовду мындайча эскерди:

Муратов саламаттык сактоонун мыкты адиси эле...

«Ушул күнү Абдиманап Муратовду кесиптик майрамы менен куттуктайм деп ойлогон элем. Бирок анын ордуна дарыгердин жакындарына көңүл айтып жатам. Муратов менен узак жылдары чогуу иштедик. Балдардын укугу жана саламаттыгы боюнча иш-чараларды чогуу өткөрдүк. Жалал-Абадда кардиохирургия боюнча конференцияда бирге болдук. Коронавирус мыкты дарыгерди алып кетти. Муратов саламаттык сактоонун мыкты адиси эле».

Ушул эле күнү Ысык-Көл облустук ооруканасынын жалпы педиатрия бөлүмүнүн башчысы Эдил Садыков каза болгону тууралуу маалымат тарады. 62 жаштагы дарыгер 30-июнь күнү коронавирус аныкталган соң ооруканадагы обсервацияга жаткан.

Кыргызстанда июль айынын алгачкы жекшембиси медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленет. Быйылкы майрамды ак халатчандар өзгөчө абалда белгилеп жатышат. Дарыгер-инфекционист Жаркын Ибраева Интернет аркылуу дарыгерлерге дем-күч берген видео жарыялады.

«Биз медициналык кесипти тандап, дарыгер болгонубузга эч качан өкүнбөйбүз. Анткени биз ак халат кийип алып элдин кызматында жүрөбүз. Эл үчүн жашайбыз, эл үчүн иштейбиз. Биз илдетти жеңип чыгышыбыз керек. Мен бардык медиктерге жеңиш каалайм».

Өмүр сакчыларына таазим
Өмүр сакчыларына таазим

Пандемия шартында дарыгерлер үч ай бою баш көтөрбөй иштеп келсе, акыркы күндөрү Кыргызстанда СОVID-19 вирусу жана пневмония кулачын жайып, алар мурдагыдан да оор шартта иштеп жатышат.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавируска тапшырган анализи таза чыгып, бирок өпкөсүнөн кагынып 2 миңге жакын киши ооруканада дарыланууда. Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пневмониядан улам оор абалда реанимацияда жаткан адамдардын саны 100гө чамалуу.

Коронавирус пандемиясы күчөп турган мезгилде анализинен COVID-19 вирусу аныкталбай, бирок өпкөсү сезгенип каза болгондор көбөйүүдө. Интернетте күн сайын пневмониядан улам өмүрү менен кош айтышкан адамдар тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып жатат.

Бишкек шаарынын тургуну Милан Турпановдун атасы Калыбек Турпанов өпкөсү кагынып, эки тараптуу пневмония диагнозу менен каза болуп калган.

«Атама дарыгерлер башында бронхит деген диагноз коюшкан. Ал пневмонияга өтүп кеткен экен. 4-5 күн ооруп жатты. Күндөн-күнгө абалы начарлап, каза болуп калды».

Турпанов ооруканада атасына жетиштүү көңүл бурулбай калган деп эсептейт. Ал «бейтаптардын көптүгү жана дарыгерлердин жетишсиздиги ооруну күчөтүп жатат» деген пикирде.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев «Азаттыкка» берген интервьюсунда буга чейинки жылдары жай айларында пневмония менен ооругандар мынчалык көп катталбаганын билдирген. Ал, ошондуктан, айрымдар айтып жаткандай, өлкөдө кадимки сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы өкүм сүрүп жатканын айткан.

Талантбек Сооронбаев COVID-19 полимердик чынжыр реакциясы тестинен чыкпай, бирок өпкөсү пневмония болуп кеткендердин баары – коронавирус экенин кошумчалап, аларды азыркы пандемиядан бөлүп кароого болбой турганын белгилеген.

Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын-алуу, профилактикалык медицина борборунун вирусологу Зуридин Нурматов пневмония дарты деле коронавирус сыяктуу жугуштуу оору экенин белгиледи.

Зуридин Нурматов.
Зуридин Нурматов.

«Пневмония – бул өпкөнүн сезгениши. Анда пневмококк бактериялары болот. Буга каршы вакциналар бар. Бирок алар бизде жасалбайт. Өпкөдө мындан башка да толтура бактериялар болушу мүмкүн. Алардын арасында коронавирустун бактериялары да болушу ыктымал. Буга чейинки байкоолорду карап көрсөк, сасык тумоо күч алгандан кийин адамдын иммунитетин түшүрөт. Ал өтүшүп пневмонияга айланып кетет. Бирок мындай учур буга чейин аз болчу. Ал эми азыркы болуп жаткан пневмония коронавируска байланыштуу болуп жатат. Ошондуктан бул дартка көңүл кош мамиле кылбашыбыз керек. Сактанбасак дагы жайылат».

5-июлда Бишкек мэриясы борбор калаада күндүзгү стационардык борборлору ачылган кабарлады. Мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев аталган борборлор тууралуу буларды айтты:

«Күндүзгү стационар борборлоруна пневмония же сасык тумоонун жеңил же орточо оор формасы менен ооруган бейтаптар жаткырылат. Оор абалдагы бейтаптарды дарылоого мүмкүн эмес, себеби борборлор амбулатордук дарылоого ылайыкталган. Ал жерден кеңеш алууга, капельница жана дары-дармек алууга болот».

Бишкек мэриясы коронавирустан жана пневмониядан жабыркагандар көбөйүп, дарыгерлер жетишсиз болуп жаткандыктан ар кандай себептер менен иштебей, үйүндө отурган дарыгерлерди жардамга чакырууда.

Апрелдин ортосунда Оксфорд университетинин окумуштуулары жана Кыргызстандагы вирусологдор «Сорос-Кыргызстан» фондунун көмөгү менен өлкөдө коронавирустун жайылуу картасын чыгарган. Ага ылайык социалдык обочолонуу болбосо, адамдар беткап тагынбаса, гигиеналык нормалар сакталбаса июнда оору күчөп, июлда өпкөнүн курч сезгенүүсүнөн өлгөндөр мындан да көбөйөрү божомолдонгон. Азыркы тапта аталган илимий топ кайрадан анализ жасап, августтагы кырдаалдын божомолун даярдап жатат.

5-июлга карата Кыргызстанда СOVID-19 вирусун жугузгандар жалпы 7377 адамга жетти. Анын ичинен 2802 адам илдетти жеңди.

Кыргызстанда коронавирус жуккандар соңку күндөрү көбөйүп жатат. Орун жетпегендиктен инфекциялык илдетти дарылоого тиешеси жок ооруканаларда да кошумча жайлар ачылууда.

Бишкектеги медицина кызматкерлерине көмөк көрсөтүш үчүн аймактардан 100гө жакын ыктыярчы-дарыгерлер тартылды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG