Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:09

Профессор Абдиманап Муратов пневмония оорусунан каза болду


Медицина илимдеринин доктору, профессор Абдиманап Муратов каза болду. Мындай маалыматты маркумдун кесиптештери “Азаттык” радиосуна кабарлады. Маалыматка ылайык, 59 жаштагы Муратов акыркы күндөрү пневмония менен ооруп жаткан.

Абдиманап Муратов 1961-жылы Ош облусунда туулган. Ал Кыргыз Мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн соң кардиолог-дарыгер болуп эмгектенген. Ал президенттин жана өкмөттүн аппаратында саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы катары иштеген. Саламаттык сактоо министринин орун басары, кийин Билим берүү министринин орун басарлыгын аркалаган.

Акыркы жылдары дарыгерлик кесибине кайтып келген. Ал Коронавируска каршы күрөш боюнча илимий-консультативдик кеңештин мүчөсү катары пандемияга каршы илимий эмгектерди жарыялаган.

Коронавируска каршы штабдын маалыматына караганда, өпкөсүнөн кагынып, ооруканада дарыланып жаткандардын 31и соңку бир сутка ичинде көз жумду.

Март айынан бери пневмониядан каза болгондордун саны 151 адамды түздү.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев "Азаттыкка" берген интервьюсунда буга чейин жай айларында пневмония менен ооругандар мынчалык көп катталбаганын, өлкөдө сасык тумоо эмес эле COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан. (BkA)

XS
SM
MD
LG