Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Мурдагы «Гансидеги» стационарда реанимациялык блок ачылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Манас» аэропортунун жанындагы мурдагы «Ганси» аба базасынын ордунда ачылган стационарда өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооруп жаткандар үчүн реанимациялык блок иштей баштады. Бул тууралуу 6-июлда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди. Анын айтымында, жалпысынан ал жерде 600 керебет бар, 112 кычкылтек концентратору коюлду.

«112 бейтапка эсептелген суюк кычкылтек жеткирүү боюнча борборлоштурулган система орнотулууда. «Гансиге барбайбыз, ал жакта реанимация жок» деген сөздөр айтылып жаткан. Ооба, биз буга чейин абалы оор адамдар Улуттук госпиталга жана №1 ооруканага жаткырыларын айтканбыз. Абалы орточо бейтаптар «Гансиге» же башка жерге барсын дегенбиз. Бирок кээ бир орто абалдагылар оорлоп кетүүдө. Мындай учурлар көп болуп жатат. Ошондуктан ал жакта оор абалдагылар көбөйүп кеткенине байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен реанимациялык блок ачылды», - деди ал.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул илдет аныкталган 92 адам көз жумду, ал эми анализи коронавирустан таза чыккан, бирок өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооругандардын арасынан 195и кайтыш болду.

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев азыр өлкөдө сасык тумоо эмес, COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан.

Ал эми Бишкектин «Тез жардам» кызматы адатта жылдын бул мезгилинде «суткасына ашып кетсе үч бейтап пневмония менен ооруканага жаткырылчу» деген маалымат тараткан.

Коронавирус пневмонияны козгой турганы айтылганы менен Кыргызстандын бийлиги бул илдеттен өлгөндөрдү COVID-19дан каза тапкандардын статистикасына кошо элек. (RK)

XS
SM
MD
LG