Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-август, 2020 жума, Бишкек убактысы 22:23

COVID-19 менен жашаганды үйрөнүш керек


Бишкектеги ири спорт залдар убактылуу ооруканага айланды

Интернетти чектеген мыйзам жапон журналында талданды. COVID-19 менен жашаганды үйрөнүш керек. Беткап тагынбаган адам мас айдоочуга барабар. Дүйнөлүк басма сөзгө баяндаманы сунуш кылабыз.

"Eurasinet" онлайн басылмасы Кыргызстандагы акыркы эпидемиологиялык кырдаалды тозокко салыштырды.

“Кыргыз медицина кызматкерлери абалды тозок деп атап жатышат. Өлкө коронавирустун чоң ашуусуна кептелди. Вирустун белгилерине окшош оорулар, пневмониядан каза болгондор күн сайын көбөйүүдө. Көптөр ооруканадан орун таба албай, үйүнөн дарты күчөп, айрымдары оорукананын алдында жан берүүдө. Социалдык медиада элге өз алдынча дарылоонун ыкмаларын сунуштагандар, жасалма дем алдыруучу аппарат, кычкылтек концентраторун издегендер жайнады. "Инстаграмдагы" энелердин форумунда кеңеш бергендер өтө көп.

Премьер-министр Кубатбек Боронов 2-июлда "өлкөдө 570 жасалма дем алдыруучу жабдуу, 610 кычкылтек концентратору бар" деди. Эл аралык "Манас" аба майданынын жанында 600 орундук талаа госпиталы ачылаар замат толуп калды. Студенттер, аймактагы медициналык кызматкерлер ишке тартылууда. Баш калаага 100-200 "Тез жардам" унаасы керек болгону менен, аларды тапкан күндө деле анда иштей турган кызматкерлер тартыш болуп жатат”, - деп жазды басылма.

Ошондой эле басылма сырттан келип жаткан гранттарга, бюджеттеги 30 миллиард сомдук дефицитке да кайрылып, “Политклиника” гезити даярдаган коронавирус боюнча тендердеги коррупцияга байланыштуу иликтөөнү да камтып, макаланы Бороновдун абал канчалык оор болгонуна карабай, медиа каражаттарынан жагымдуу маанайдагы жаңылыкты талап кылуусу менен аяктаган.

Интернетти чектеген мыйзам жапон журналында талданды

Жапонияда чыккан “Asia Nikkei Review” журналына талдоочу Пол Бартлеттин “Кыргызстандагы Интернетти чектөө мыйзамы COVID туманында сөз эркиндигине коркунуч жаратууда” аттуу макаласы жарыяланды.

Анда автор өлкөдө вирус күчөп, эл айласын таппай жатканда сөз эркиндигин талап кылган ири демонстрация болгонун, элдин каршылыгына карабай парламент 25-июнда Интернетте “фейктерди чектөө” боюнча мыйзам кабыл алганын, ага эми президенттин кол коюшу күтүлүп жатканын баяндайт.

29-июндагы демонстрация
29-июндагы демонстрация

“Мыйзамды демилгелеген депутат Гүлшат Асылбаева "элдин ар-намысын коргоо үчүн ушундай кадамга барганын" айтканы менен, көпчүлүк бул мыйзамды мамлекет чындыкты айтып чыккандардын оозун басууга курал катары колдонот деп кооптонууда.

“Human Rights Watch” уюмунун өкүлү Мира Ритман “Мыйзамды бузгандарга карата сот калыстыгы күмөндүү болгондуктан ар бир адамдын жана ММКнын сөз эркиндигине болгон укугу да түшүнүксүз абалда калат”, - деп айткан.

Ал эми Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун сөз эркиндиги жаатындагы өкүлү Гарлем Дезир: “Такталбаган юридикалык нускамалар басма сөз менен социалдык медиадагы колдонуучулардын укугун бузат. Ушундан улам бул мыйзамдын жана ага байланыштуу иш-аракеттердин кесепети, аны бузгандарды жазалоо кандай болору белгисиз”, - деп айткан.

Автор макаласында Борбор Азиядан акча адалдоо боюнча “Азаттык”, “Клооп”, OCCRP биргелешип жасаган иликтөөгө кеңири токтолуп, өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылган жүздөгөн миллион доллар, аны иликтеген депутаттык комиссиянын иши, журналисттердин кайра бул иликтөөнүн башкы каарманы болгон Айеркен Саймаитиден “пара алды” деген доого калуусун кеңири баяндаган.

Ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин 11 жылга кесилүүсү, Кытай насыя берип, кайра өзүнүн ТВЕА компаниясына модернизациялаткан Бишкек жылуулук электр борборундагы коррупциялык чыр, өкмөт башчылардын камалуусун да камтыган.

“Президент Сооронбай Жээнбеков коррупциялык чуулуу иштерди COVID-19дун экономикага чоң соккусу жана күзгү парламенттик шайлоо менен жымсалдаганы турат”, - деп оюн жыйынтыктайт автор.

Көзөмөлдөн чыккан коронавирус

“Economist” журналы эми коронавирустун экинчи толкунун күтпөй эле аны менен жашоого көнө берүү керектигин жазды.

“Тилекке каршы, вирусту токтотууга болгон иш-аракеттерге карабай ал өтө тез жайылууда. 1-февралда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жер жүзүндө 2115 адам гана бул ооруну жуктурду десе, 28-февралда 190 миң болду. Азыр дүйнө оорунун экинчи толкунун күтпөй эле, биринчисинен чыга албай жатат. 10 миллиондон ашуун адамга вирус жукту. Азырынча Түркмөнстанда, Түндүк Кореяда жана Антарктикада эле “бул оору жок”. Кытай, Тайван, Вьетнамда вирус азайып, Латын Америкасында, Чыгыш Азияда күч алды. АКШ, Африка абалды көзөмөлдөн чыгарды. Европа ортозаар болуп турган учуру.

АКШда абал оорлоп барат
АКШда абал оорлоп барат

АКШдагы Массачусетс технологиялык институту 84 өлкөдөгү коронавирустун мындан аркы өнүгүүсүн эсептеп, оор абал дагы алдыда деген бүтүм чыгарды.

Оорунун дарысы чыкмайынча вирустун курмандыктары көбөйө бермекчи. 2021-жылга чейин 200 миллиондон 600 миллион кишиге чейин жугуп, 1,4 миллиондон 3,7 миллионго чейин адам каза болот. Бирок буга карабай жердеги адамдардын 90 пайызы вирусту кайрадан жуктуруу коркунучу менен жашайт.

Эпидемиологдор абалдан чыгуу үчүн бир нече жолду сунуш кылышты. Жапырт тестирлөө, ооруган адамдарды онлайн көзөмөлдөө жана социалдык обочолонуу, эгер бул иш-аракеттерди бийлик аткара албаса анда карантиндик чаралар токтоосуз киргизилиши керек. Тилекке каршы, жапырт тестирлөөнү дүйнөнүн бир топ өлкөлөрү ишке ашыра албай жатат.

Коомдук саламаттыкты чыңдоо кымбатка турууда. Ооруну дарылоо жолдору көбөйгөнү менен вакцинаны дагы бир нече ай күтүш керек.

Экономика да пандемияга ылайыкташа баштады. “J.P.Morgan” банкы 39 өлкөнүн ички дүң өнүмүн эсептеп, 10 пайызга кемигенин аныктады. Бирок, өндүрүш “Зум” платформасына өтүп, онлайн соода барган сайын кызып баратат. Фабрикалар жумушчулардын иштөө нөөмөтүн өзгөртүп, обочолонуу жолдорун табууда.

Коронавирус менен жашоого үйрөнүүнүн башкы принциби – социалдык обочолонуу эрежесин сактап, беткап тагынып жүрүү. Карантин жоюлгандан кийин көп өлкөлөр массалык чогулуштарды да көзөмөлдөшү керек. Бирок Америка, Британия, Орусия, Бразилия сыяктуу өлкөлөрдө бийликке болгон ишеним аз. Президенттер, премьер-министрлер вирус менен күрөшүүдө өзүн эле коргоп, элге көңүл бурбай жаткандай, лидерлеринин эл менен байланышы өтө төмөн”, - деп жазды журнал.

“Беткапсыз жүрүү – мас абалда машине айдагандай”

“New York Times” гезити АКШ президенти Дональд Трамп беткап кийип, жоопкерчиликтүү болушу керектигин, адатта беткапты эркектер такпай жатканын жазды. АКШда башка өлкөлөргө салыштырмалуу эркектер беткап тагынбай жатышат. Сурамжылоолор эркектер беткап тагынууну “алсыздык катары көрүшөрүн, буга президент Трамптын беткап такпаганы да кошулганын көрсөттү.

“Lancet” журналы жүргүзгөн 172 изилдөөдө беткап инфекциянын жайылуусун басаңдатары аныкталды. Эгерде АКШ калкынын жарымы беткап тагынса, 230 миңдей кишиге вирус жукпай калмак деген да изилдөө чыкты. Клиникалык инфекциялык оорулар аттуу илимий тажрыйбада келемиштердин клеткасынын ортосуна хирургиялык маска такканда вирус азырак жайылганы аныкталган.

Беткапты түшүрбөгөн Чыгыш Азия өлкөлөрүндө коронавирус аз жайылганын гонконгдук окумуштуулар айтып чыгышты. Гонконг университетинин жугуштуу оорулар боюнча адиси Куок Юнг Йен бул шаардын 97% маска менен жүрөрүн, ар бир миллион кишиге бирден эле өлүм туура келгенин эсептеп чыгып “беткап тагынуу – жарандык жоопкерчиликтин белгиси”, - деди.

Вашингтон университети эгер америкалыктар беткапты чечпесе 1-октябрга чейин 33 миң кишинин өмүрүн сактап калса болорун аныктады. Бирок беткапты жактырбаган адаттан улам алдыдагы бир нече айда миңдеген адамдар өлүшү мүмкүн.

Жон Хопкинс университетинин эпидемиологу Кейт Грабовски беткап колдонууну көбөйтүү керек деп, бирок аны вирустун жугушунан 100% коргойт деген да кепилдик жок экенин кошумчалады. Беткап менен деле аралыкты сактап, колду таза жууш керек.

Ошондой эле изилдөөлөр N95 респиратордук беткаптар дем алууга жакшы жардам берерин, коопсуз экенин, кездемеден тигилген беткаптардын пайдасы азырак болорун көрсөттү. Беткап кийбей жүрүү албетте, жеке тандоо болгону менен ал түнү менен арак ичип, мас абалында машине айдаганга барабар экенин белгилейт автор.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG